Шайым апа, “Кан таламайды кандай кылып ойночу элек?”

Шайым апа, 75 жашта. Кум-Арык айылы

Кан таламайды кандай кылып ойночу элек? Чүкөлөрдү көп кылып чогултуп алып, баарыбыз бирдей чүкө кылып, ортого хан деп апаларыбыз кийиз боёкко салганда кошо боеп берген чоң чүккөнү кызыл кылып чыгарчубуз. Чүкөнү калчаганда  кан таа туруп калса, анда талап кетчүбүз, эгер алчы турса 3 жолу өкчөлөт,  кайра эле таа турса таламай, бөк же чик түшсө ойной бермей.

Ким өкчөчү эле? Чүкөнү чачкан адамдан башка адам өкчөчү, өзү кол тийгизсе жыдып калган.

Ойноюн деген балдар баарыбыз бирден чүкө тандап, анын баарын калчачубуз, кимдики турса ошол биринчи баштачу, улам чик же бөк түшүп кала бергендердики артта ойночу. Чүкөнү чачасың да, окшош-окшошу менен ата бересиң. М: бөк менен бөк, чик менен чик, канды гана атканга болбойт, аны эң аягында гана атат. Чик менен атып жатып башкасына тийип калса анда жарабайт, жыдып, кийинки оюунчу улантат. Чүкө түгөнүп, баарын утуп алгандан кийин, кайра баштаарда кан кимде болсо канга бир чүкөнү ашык кошуп кан жолдош деп, калган чүкөлөрүн санап айтканда, ошончодон чүкө кошкон, кан кимде болсо ошол оюнду баштаган.

Ким утса бирөөгө чүкөнүн баары топтолот да, ошол адам жеңген болот. Башында шарт коет ким жеңилсе ырдайт, же малак берет, же күлдүргөн, же жомок айткан.