Чоңмурунов Бөөнбай, көк бөрү оюну жөнүндө

Чоңмурунов Бөөнбай, 81 жашта. Талас шаары

Көк бөрү дегенде азыр эки жакка бөлүнүп, тай казан деп коет экен го, ошого алып барып салат экен. Ал кезде бизге эч ким деле көңүл бурчу эмес же бир жерге туруп ойнобогонго окшойт, кадимки улакты башын кесип, ичин жарбай  мууздап алып эле ошону тартып ойночубуз, ойноп бүткөндө улакты бирөөнүн үйүнө алып барып таштачубуз. Ал адамдар улакты союп, этин бышырып берчү, сүйрөлүп жүрүп эти бышып калат да катуу болот, жаш балдар ага карабай күчтүү болобуз деп жечүбүз.

Улак ойногонго улакты кайдан алчу элек? Ошол үй ээси кайра бир тирүү улак берет, аны ойноп дагы бирөөнүн үйүнө таштайбыз, ал да этти бышырып, кетээрде тирүү улак берет, шарт ошондой болчу. Биз дагы улакты колунда бар, малдуу-келдүү бирөөнүкүнө таштайбыз да. Анын үстүнө кийин биз чоңоюп, көк бөрү ойногон кезде турмуш да бир аз оңолуп калган.

Азыр бул оюн ойнолуп эле жатат. Бирок эрежеси башка, алар бирөөнүн үйүнө алып барып таштабайт. Улактары да жеңил, биз оор-оор чоң серкелерди тартчубуз. Ар бир бай сына, күчүбүздү көрөлү деп атайын чоңун берип койчу.

Эми укканым боюнча бул оюн тээ илгертеден эле бар экен, ал кезде да такыр башка болгон дешет го. Анда кадимки эле бөрү карышкырчы, ошолорду койго келгенде таяк менен чаап, эсин оодарып, жигиттер жакшы аттарга минип алып өлөөр-өлгөнчө сүйрөп ойногон экен, а башы койлорду сакташ үчүн өлтүргөн да.

Оюнду баштаарда тең экиге бөлүнчүбүз. Баарыбыз бирдей аралыктан чаап келип, ким биринчи алса, ошолор барып таштай берчү.