Төрөгелдиева Аманбүбү, Кыргыз оюндар жөнүндө

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын аймагында туулган. Пенсионер.

Улуттук оюндар көп. Эр эңиш, балбан күрөш баягы ат үстүндө оюндар.

Балдарга керектүү болгон, кыштын узун түндөрүндө ойной турган оюндары бар. Ошолордун бири упай деген оюн. Үчтөн чүкөнү кармап, бир басым деп коет. Үч чүкө бир басым, эки басым деп олтуруп жыйырма же болбосо отуз басым болот. Же кырк басым болот. Ортосуна бир хан шайлайт. Ханы болсо кызыл чүкө болот. Калгандары аппак чүкө. Чүкөлөрдүн бары бир өлчөмдө болуш керек. Устукан жегенден кийин чүкөнү алып туруп, этинин баарын сонун кылып мөлтүрөтүп тазалап, дайындап тулупка салып коюшкан. Эркек баласы бар үйдө сөзсүз бир тулуп чүкө болгон. Бул адамдын шамдагайлыгын, көзүнүн чен-өлчөмүн, тактыгын билдирет. Шахмат сыяктуу эле математикалык жүрүш да. Өзүнүн эрежелери бар. Мисалы окшош жаткан чүкөнү гана атасың, окшош эмес чүкөнү атпайсың. Бир чүкө чалкасынан, бири көмөрөсүнөн, алчысы, таасы, бөк, чик деп коет. Чикти чик менен, бөктү бөк менен, тааны таа, алчыны алчы менен атышың керек. Жыйырма басым чүкө болсо, үчтөн алтымыш чүкө болот, ошонун отуз чүкөсүн алмайынча ханды тиги чүкөгө кошпош керек. Алтымыш чүкөнү колуңа саласың, бир да чүкө жерде калбаш керек, анан чачасың. Чачканда жайнап түшөт. Эң башында ханды ажыратып алыш керек. Сөөмөйдүн башы менен чертип аласың. Кокус ошентип баратканыңда тиги чүкөң башка чүкөгө тийип кетсе, же колуң бул чүкөгө тийип кетсе, же бул чүкөнү аттың да, бул чүкөнү алып атканда тиги чүкөгө колуң тийип кетсе бузулат. Бул жерде ушундай ак ниеттик, тактык, тазалык бар. Алдаганга эч мүмкүн болбойт. Ушундай тактыкка, чындыкка тарбиялайт экен да. Бул балдар үчүн укмуштуу оюн. Ошол алтымыш эле чүкө менен канча баланы тарбиялап койгон. Экөө, төртөө, алтоо болуп, жуп-жубу менен ойнолот. Кыргыздын сыйлаган, жакшы көргөн оюну ушул. Энелерге да, аталарга да балдарга да эң керектүү, жеткиликтүү оюн.

Андан сырткары чикит деген оюн болгон.

Лямби деген оюн болгон. Бир бут менен тееп ойнойт. Балдардын шамдагайлыгына, кыр арканын, жамбаштардын өсүшүнө жардам берет. Бул да тактыкка үйрөтөт.

Ак чөлмөк тактыкка да, күчүн сынаганга, күлүктүккө үйрөтөт.

Мунун баары билинип, билинбей спорт экен да. Физзарядка экен. Укмуш экен да кыргыздардачы.

Топ таш деген оюн бар. Беш таш менен ойнойт. Бирөө эле бузулуп каса утулуп каласың. Бул кандай укмуш. Бул да чындыкка, тактыкка, эсепке үйрөтүп жатпайбы. Ушундай сонундар бар.

Оюндардын коомдогу мааниси тактыкка, тазалыкка тарбиялап жатса, анан так, таза адамдар коомго зыян келтирбейт да чынбы? Дили, жүрөгү таза болсо, оюндун иретин бузбай аткан адам ошого тарбияланып жөнөйт экен да кичинесинен баштап. Анан ал коомдо деле ошондой адам болот да.

Leave a Reply