Тезекбаев Кубанычбек: “Тай тебиш” аркылуу төрт мезгилди жакындан туясың

This post is also available in: Орусча

[Бул текст 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Кубанычбек Тезекбаев,

Тай тебиш илгертен эле кыргыздын каада-салты болгон, ата-бабаларыбыз ушул нерсе менен балдарын тарбиялап келишкен. Кийинки учурларда, совет мезгилинде башка нерсеге – октябрят, пионер, комсомол дегенге өттүк, ага чейинки тарбиялоо түшүнүктөрү эскичиликтин калдыгы деп каралып калды. Биздин аталарыбыз ага чейин эле балдарын машыктырып, шумпай, шылуун деп атаганы эскичилик делди.

Тай тебиш деген аталыштын өзүнүн жөнү бар. Жылкы баласы болобу, адам баласы болобу, ар биринин өзүнүн жаш курак аталыштары бар. Мисалы, наристе (төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейин), балакай (6 жаштан 13 жашка чейин), шумпай (13-18 жаш), шылуун (19-36 жаш), аксакал (37ден өйдө), эгер жоокер болсо, шерлик, башкача айтканда, шер башчы, окутуучу деп бөлүнөт. Исламда болсо молдо же мулла деп бөлүнөт. Аксакал, абышка, анан чалынып, алжып, баса албай калгандарды чал деп коюшат. Ошондой эле жылкы баласында дагы адегенде кулун, тай, кунан, бышты, анан бир асый, эки асый болуп кетет, ургаачыларында болсо, байтал, бээ болуп кетет. Ушул сыяктуу эле кыргыздын руханий түшүнүгүндө аттар бар. Бул нерселер чакан чөйрөдө, жашоо-турмушубузда, үй-бүлөдө айтылып келет, бирок мектептерде, жалпы билим берүү системасында көмүскөдө калып, жат нерсе катары каралып калган. Мен тай тебиштин шер башчысы катары, эми кыргыз эли өз алдынча укуктуу мамлекет болдук да, жерибиз, желегибиз, гербибиз бар, ушундай шартта улуттук менталитетибизге жараша улуттук көрүнүштөрүбүздү, спорттук өнөрүбүздү алып чыксак деген оюм бар. Он-он беш жылдан бери эле мен өкмөт башчыларына, мамлекеттик катчыларга арыз жазам. Осмонакун Ибраимов мамлекеттик катчы экенде жаздым, андан кийинкилерге кайрылдым. Улуттук спортубузду мамлекеттик деңгээлге алып чыгалы деп айтып аттым. Азыр изденүү болуп жатпайбы бүт ааламда, буга биз дагы өз алдынча карашыбыз керек. Бизде ушул нерсе жөнгө салынбагандыктан, бүгүнкү күндө рекет деген бар, 18 жылдан бери ошон үчүн баш аламан заманда жашап келатабыз. Мектепте руханий эч нерсе жок, улуусу кичүүсүн тоноп атат, чет өлкөнүн өздөрү түшүнбөгөн көрүнүштөрун туурап атышат. Баса турган, машина менен жүрө турган жолубуз жөнгө салынбаса, оңдолбосо басышыбыз, унаа менен жүрүшүбүз кандай болот? Өзүбүз кыйналабыз, унаабыз сынат. Ошол сыяктуу эле нерсе да. Совет мезгилин бүгүн канчалык жамандабайлы, октябрят, пионер деген нерселер аркылуу, жаштарыбыз тартипке салынып келген. Мен улуттук тажрыйбаларга таянып ошол нерсени жаңыртсакпы деп аракет кылып келем.

Тай тебиш менен үйдө чоң атам, атам машыктырчу. Тай тебишти бала кезден бери тажрыйбалап, балдарымды дагы машыктырып жүрөм. Бул – оюн, бул – жоокерчилик өнөр. Кыргыздыкы жайыла алган жок. Совет мезгилинде биз кытайлардын каратэсине катышып калдык. Ошондой эле нерсе. Япондордун айкидосун алалы, ошолорго салыштырмалуу тай тебиште табиятты сезүү, шамалдын, айдын, жылдыздын абалын, төрт мезгилдүү табиятыбызды сезүү бар. Мисалы, жаз алды менен дайыма он күн сүт ичем. Бээнин сүтү организмди абдан тазалайт. 22-июнда эң улуу, узун күндө он күндөй күнгө күйүп коем. 17-сентябрдан баштап күндүн илеби кайтып, жаныбарлар чээнге кире баштаган учур болот, ошондо он күн муздак суу куюнам. Суу куюнганда жыңайлак таманың менен жердин ортосунда укмуштай байланыш болот. Биринчи кар жааган учурда он күн жыңайлак кар басам, эки-үч мүнөт чыгып. Балдарым буту баскандан баштап эле аткарып келатышат, эч оорубайт дагы, мурдуларынан суу куюлбайт. Эң улуу балам Улуттук университеттин укук бөлүмүн бүтүп, иштеп атат. Андан неберем бар. Улуу кызым мамлекеттик башкаруу окуусунда 3-курста окуйт. Эң кичүү уулум он алты жашта. Үйдө келинчегим менен кызым гана бул өнөрдү аткарбайт, калганыбыз муну сөзсүз жасайбыз.

Мени го кичине кезимде, алты жашымда эле Ракыя чоң апам жылаңайлак биринчи карга айдап чыкчу. Эки-үч мүнөттөй ары-бери тызылдап чуркап туруп, анан үйгө кирип кетесиң. Ошол эле жетет. Сөзсүз эле туруп албашың керек. Муну 5 жаштан 60 жашка чейин ар бир кыргыз адамы жасай берсе болот. Эң башкысы, бул өзү – эркекче тарбия. Чабышканды, тамак жасаганды, аңчылыкты үйрөнөсүң.

Тай тебиштин алдында Теңир сыйын жасайм. Кээде бир ушундай башың ооруп, өзүңдү жаман сезген учур болот. Ошондо мен чыгып, теңир сыйы аркылуу өзүмдөгү терс энергияларды чыгарып жиберип, жаңы энергия топтойм. Кээде күн өтө суук болгондо, эл үчүн жылуулук сурап, кургакчылыкта жамгыр сурап, анда да Теңир сыйын жасайм.

Жанагы он күн сүт ичүү дегеним үркөр менен байланыштуу. Үркөр жылдыз чыкканда, жаз алды менен жер бетинде жаныбарлар төлдөй баштайт, жаңыра баштайт. Жер жарылып чөп чыгып желин жарылып сүтт чыгып деп коюшат эмеспи. Үркөр он-он беш күн чыгат. Мал жаңы чыгып аткан чөптөрдү жейт, сүтү даамдуу болуп, оору-сыркоону дарылайт. Ал мезгилде кээде гана чолпон жылдыз чоң болуп чыгат, кээде чыкпай калат. Улустун улуу күнү дегенибиз, 20-марттан 21-мартка оогон түн. Ал эми нооруз деген аталыш нооруз деген гүлгө байланыштуу. Ошол гүл чыгып аткан учур, жаңыдан кар кеткенде, бул Кыргызстандын бардык эле жеринде бар, байчечекей сыяктуу, бирок андан кичирээк.

Тай тебишти ушул ритуалдар түзөт: сүт ичүү, күйүү, суу куюнуу, кар басуу. Бул ритуалдардын күнүн кошкондо, кырк күн болот. Эгерде тай тебиш мамлекеттик деңгээлде аткарылса, кыргыз баласы төрт мезгилдин бар экендигин сезе баштайт, табият менен жуурулушат, камыр-жумур болот. Исламда деле, каалайбы, каалабайбы, 30 күн орозо кармап атышпайбы. Орозону алар эмнеге кармайт? Арабдардын жери ысык жер. Аларда биздегидей төрт мезгил жок, жайы жайдай, кышы кыштай эмес. Ошон үчүн жылдырып орозо кармашат. Бизде төрт мезгил математикалык эсеп менен турат. Ар бир мезгил үч айдан. Кыргыздар муну өзүнө эреже катары тутуп калышкан. Бул биз бузулман болгондон баштап бузулган. Бул эрежени мен, менин аталарым кармап келген. Мектепке киргизүүгө ал мезгилде тыюу салынган да. Мектептерде эртең мененки гимнастика деген бар болчу, орустардын программасы сыяктуу.

Тай тебиш деп аталган себеби, тай кезиңден баштап жашаш керек нерсе деген катары. Кыргыздар абалтан каймана сүйлөшкөн да. Айталы кара деген сөз бул түстү эле билдирбейт, бул чоң дегенди дагы билдирет. Кара кол – чоң кол делет. Тай тебиште карал даярдала турган өзүнчө балдар бар. Карал – тилди тез үйрөнө турган балдар. Аябай күчтүү балдар.

Кыргыздын элдик оюндарынан ак чөлмөк, бөрү талаш, чикит, ордо оюн, чакмак таш, кан таламай, үч тапан деген оюндар болгон. Бөрү талашта кичине балдар жөө тартышат, бул улак тартмай сыяктуу. Ак чөлмөк караңгыда ойнолот. Бир сөөктү ыргытышып, караңгыда аны жаштар издешип, кыз-жигит “свиданиеге” чыгат. Айтор, кыргыздын ар бир оюнунун өз мааниси бар. Айталы, чикит – математикалык эсеп. Ал балдардын акылын өрчүтөт. Энелик жана балалык деген эки таяк менен ойнолот. Энелик менен балалыкты уруп, экинчи командага жиберет. Чаап аткан бала канча жолу көп элеген болсо, ошончолук сан кошот. Ал – упай. Утуп алган бала утпагандын үстүнө минип алып, тызылдатып чуркатат. Бул учурда: “Акпай, Токпай, Ата-энеси жок бай, Караңгыда кашка тай, Катыны өлгөң Боронбай”, – деген ыр айтылчу.

Leave a Reply