Көк бөрү – Kök Börü (or Ulak Tartysh)

Негизги аталышы: Көк бөрү
 
Дагы башка аталыштары: Улак тартыш
 
Материалдык эмес маданий мурастардын тармактары жана жанрлары:
Тармагы: Оюндар / жанры: Улуттук оюндар
 
Учурдагы жайылтылган аймагы: Кыргызстандын бардык областарында
 
Тарыхый аймагы: Кыргыз эли жашаган аймактарда
 
Коомчулук:
 
Элементтин негизги мүнөздөмөсү:
 
Көк бөрү тууралуу маалымат:
Күжүрмөн кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери эле жашап келаткан улуттук оюндарыбыз менен сыймыктана алат. Өзгөчө калк арасында ат оюндары кеңири жайылган (көчмөн жашоого байланыштуу). Мындай оюндар эл арасында намысты алдырбаган чыныгы эрлердин чыгуусуна шарт түзгөн. Мына ушундай оюндардын эң улуусу болуп көк бөрү саналат.
 
Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле «Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган.
 
Эгер көк бөрүгө 17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке), айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет.
 
Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утат.
 
Көк бөрү улагынын этин татуу. «Улак тартыш» оюнунда улакты кептер кармайт (улак тартууга даярдоо «Кыргыздын таң-тамашалары» аттуу эмгекте даана айтылат. Азыр улакты мууздай коюп, дароо каны-жини менен тарта коюу салтта-наркта жок). Демек, улак эти кайыштай чоюулуп, улак керген сайын чыйралат. Бир эле улакка көпчүлүктүн колу тийсе, аны союп көпчүлүккө ооз тийгизүүбүз за¬рыл. Ал-дарычылык, ырымчылык касиетке эгедер. Улакташталган айылда аны соет. Аксакалдар чакырылат. Улактын этинин даамын татышат. Албетте, мында өзүнчө даам бар. Ошентип айыл үстү таткан улак аркылуу карыялары улакчыларына сыймыктануу менен бата берип тарашат.
 
Кыргыз баласы төрөлгөндөн жылкыга жакын болуп өскөн. “Ат адамдын канаты” деп айтылат элибизде. Андыктан уул баланы жети жашынан атка мингизип, шамдагайлыкка, ыкчамдыкка тарбиялашкан. Көк бөрү оюнуна негизинен 17 жашка чыгып калган эркек балдар кошула алат. Алар бул оюндун ыкмаларын ар кандай оюндар, мелдештер өткөрүлүп жаткан мезгилде эле, өздөрү көрүп отуруп, техникасын өздөштүрүп алышат. Ар бир айылда көк бөрү боюнча атайын командалар бар. Айылдын балдары өз каалоосу менен алар менен аралашып, кошулуп тез эле өздөштүрүп кетишет.
 
Маданий мурастардын материалдык объектилери менен элементтин карым-катышы
Көк бөрү оюнунда катышуучулар атайын тандалган аттарга минишет. Ар бир ат тиешелүү ат жабдыктары менен да сынга алынат. Кыргыз элинде ат жабдыктарына өзгөчө көңүл бөлүшөт. Ал кол өнөрчүлүктүн бир түрүнө тиешелүү.
 
Элементтин келип чыгышы тууралуу маалымат
Кыргыздардын жылкыга жасаган өзгөчө мамилеси, ат оюндарына кызыгуусу байыркы замандардан эле болгондугу маалым. Илгертеден эле кыргыздардын бир да майрамы көкбөрүсүз өткөн эмес. Мейли ал чоң той болсун, бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жадакалса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартылгандыгы маалым. Айтор, көкбөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көкбөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көкбөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. Бирок кылымдарды карыткан оюн бардык сыноолордон татыктуу өтүп, ушул күндөргө чейин сакталып калды. Эми бүгүнкү күндө кыргыздын азаматтары той-топурлардан тышкары
 
Көз карандысыздык майрам күнү да ат жалында өз өнөрлөрүн тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айта кетчү нерсе, көкбөрүнү олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына кошуу аракеттери жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Азырынча бул демилге кыял болуп турат.
 
Элементтин абалы
Азыркы абалы: Азыркы учурда Көк бөрү оюну жандуу ойнолот
 
Сактоо боюнча иш-аракеттер Учурда ар бир айылда Көк бөрүчүлөр командалары бар. Жыл сайын “Көк бөрү” федерациясы тарабынан атайын турнирлер өткөрүлүп турат. Башка түрк тилдүү мамлекеттер арасында да мелдештер уюштурулуп турат.