Исабеков Канатбек: ак-сандык көк-сандык, такыя бекитмей оюну

This post is also available in: Орусча

Исабеков Канатбек, 79 жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы

Бала кезде ак сандык көк сандык деген оюн болчу, кыз болобу, бала болобу, болушунча чогулушат. Чогулгандар экиге бөлүнүшөт, маселен, жыйырма болсо он ондон. Ай жарыкта ойнойт, түн кирип ай жаркырап турганда. Эки топ 10 метр аралыктай жер калтырып катары менен отурушат, бир катар отурган ондун бир башчысы болот. Анан башчылары өздөрүнүн тобундагы оюнчуларга башкача ат коюп чыгышат. Тиги тарап укпаш керек. Андан кийин башчылары шапканга турат, бир баланын колун жумдуруп, бир колун ачык кылып алыс жакка бар дейт. Эки башчы өз ич ара сүйлөшүп алышат, бирөө ачык колду алат, бирөө жумулуп турган колду алат. Анан алыс жакта турган баланы чап дейт, ал өйдө көтөрүп турган колунун бирөөсүн чабат, же ачыгын чабат же жумулуп турган колун чабат. Ачык жагын алган башчыныкы чабылса ал биринчи баштайт, жумугу чапса ал баштайт. Анан биринчи баштаган тараптын башчысы экинчи тарапка барат дагы, бир оюнчусунун көзүн басат. Анан өзүнүн тобундагы оюнчулардын бирөөн жашыруун атын айтып чакырат. Жашыруу аттар ар кандай болгон же арстан деп чакырат, же жолборс же чычкан деп. Чакырган бала билинбей барат дагы, чекесинен чертип кайта ордуна акырын билинбей барып отуруп калат. Отуруп калгандан башчысы талпынгыла дейт, тиги тараптын оюнчуларынын баары талпынышат, чекесинен чертилген бала табыш керек, ким чертип кеткенин айтыш керек. Өзүнүн тобундагы балдар айтпайт. Ал барып болжолдойт, же билет муногу деп таап калса, аны өзүнүн тарабына алып кетет. Таппай калса өзү ошол тарапта калып калат. Кайра эми экинчи тараптын башчысы келип биринчи тараптагы бир оюнчунун көзүн жумуп оюнду уланта берет. Акырында кайсы тарапта оюнчулар көп болсо ошолор жеңген болот.

Утулган тарап көлгө түшөт, ал мындайча. Узун аркан жипти тоголок кылып алат, ортосу короодой болуп ачык калат да, ошол жиптин ичине утулган тараптын оюнчулары түшүшөт. Ичиндеги балдар, кыздар жипти кармап алышат жерге чалынбай тургандай болуп. Уткан тараптын оюнчулары жоолукту ороп алып, тигилерди урушкан. Ону келип тиягынан, биягынан урат, көлдүн ичиндегилер тиякка, биякка качышат. Жиптен чыга албай келтек жеп жүрө беришет. Качан гана сырттагы уруп жаткан балдардан бирөөнү кармап калышса, ошондо көлдөн чыгышат, уруп жаткандардын бирөөн кармабаса көлдүн ичинде жүрө беришет.

Анан такыя бекитмей деген оюн бар. Ал оюнда дагы эки тарапка бөлүнүшөт. Канча оюнчу чогулса, тең болуп бөлүнүшөт. Ар бир тараптын башчылары болот. Биринчи башчы колуна бир буюм алат, колуна батса эле болот, бет аарчыны деле түйүпп алса болот. Башчы буюмду колуна алып, өзүнүн тобундагы оюнчуларга барып, колундагы буюмун бир оюнчунун колуна бекитип кетет. Бирок тиги тарапка көрсөтүп жасайт, өзүнүн колун ар бир оюнчуга тийгизет. Ошондо билиндирбей бир оюнчунун колуна таштап кетиш керек. Буюмду каткан кийин экинчи тараптын башчысына тапкының дейт, эгер таап кетсе ошол оюнчуну өзүнүн тобуна алып кетет. Эгер таппай калса тиги тарапка өзүнүн бир оюнчусун бериши керек. Ошентип кайсы тарапта оюнчулар көп болсо, ошол тарап жеңген болот. Утулган тарап жаза катарында көлгө түшүшөт.

Бул оюн караңгыда, ай жарыкта, жайкы убакта ойнолот. Кыздар жана балдар ойношот.

Leave a Reply