Жусупбеков Абаскан, дүмпүлдөк жана чикилдирик оюндары жөнүндө

Жусупбеков Абаскан, 63 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы

Бала кезде бекинбечек, сары айгыр дүмпүлдөк, ак чөлмөк, чикилдирик деген оюндар болчу. Чикилдирик, мында бир жыгач болот, 70см дей, дагы бир кичинекей 25 см дей ичке жыгач учтары учталган болот. Анан кичинекейин чоңу менен чабасың, анан ал канча жерге барат, а сенин атаандашың да ошентип чабат, кимиңердики алыс кетсе, ошол уткан болот. Экиден гана ойночук. Бардык жаштагылар ойной берет, бирок ар ким өз теңи менен, күчүнө жараша ойнойт. Кайсы убакта бош болсок, ошол убакта эле ойной берчүбүз, күндүз эле. Жеңилген баланы эч нерсе деле кылчу эмеспиз. Болгону чычалатып: «Сенин алың жок, алыс кетире албайсың», – десе, жеңилген бала далбастап оюнду баштап ойнойбуз деп шаштырчу, кайра утуп алайын дечү.

Дүмпүлдөк деген кызык оюн бар. 10 киши болсо беш-бештен экиге бөлүнүп, анан ойночубуз. Чүкө алчык чик түшсө – биз, же бөк түшсө – силер деп ошол боюнча ыргытабыз, кимдики түшсө, ошолор баштай берет. Бешөөнүн бирөө айгыр болот да, төртөө жерге жатат, экинчи командадагы бешөө жерде жаткан төртөөн урасың, катуу тийбеш үчүн курткаларды үстүлөрүнө жаап коебуз. Алардын айгыры бизге тийгизбей аларды коруйт, ургузбай бизди тебет. Тептирбей уруп-уруп качасың, айгыры бирөөнү эле тээп калса кайра берки команда жатып, алар турат. Оюндун «сары айгыр дүмпүлдөк» деп аталып калганы, өзү эле айтып тургандай, айгыры кайтара албаса дүмпүлдөтүп сабайсың да. Кыргыздар каяктан кыздарды эшикке чыгарчу эле. Бул оюнду балдар гана кечкисин караңгыда ойночу. Бул атам замандан бери эле бар экен, апамдар да ойночу экен. Негизи он беш жашка чейинкилер ойногон, андан жогоркулар чаң-тополоң болуп ойногон эмес. Алар ордо атчу. Азыр эл башка болуп калды, ойногондорду көрбөйсүң. Карта же шахмат ойногондорду эле көрөм. Саны чектелбейт, канча болсо ошончо бала ойнойт, бирок тең экиге бөлүнүү керек.

Менин бул оюнга кызыкканым, эрмек да. Анын үстүнө үйгө олтура бергенде эмне кыласың. Эртең менен карасаң тишиң эле калат жалтырап, башкасынын баары агала, оюнга кызыгып таңга чейин жүрчүбүз. Апам байкуш кечки тамагымды, жармасын куюп, нанын ороп коюп жатып алчу. Азыр бул оюн ойнолбойт. Менин оюумча эл өзгөрдү, ал кезде эл караңгыраак, газет-журнал менен иши да жок болчу. Азыр эл билимдүү, түшүнүктүү, убакыт болсо да чаңга оонап ойнобойт, ойносо апасы «бар өзүң жууп ал» деп эле коет.

Бул оюндардын тарбиялык мааниси бар. Чуркап жүрөсүң, чымыр болот экенсиң. Мен азыр 63кө чыктым десем, бир да киши ишенбейт калп айтасың деп, жаш көрүнөм. Бир сөз менен айтканда, спорттун 1 грамм да зыяны жок.