Дилдемурат уулу Ысакжан, токмок чабуу оюну

Дилдемурат уулу Ысакжан, 78 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Бала кезде чикит, акчөлмөк, токмок чабуу деген оюнду ойночубуз. Токмок чабуу оюнун жалаң эле балдар ойношот. Эки жаатка бөлүнүп алабыз, эки жаат белгилүү бир жерди чек же дарбаза кылып алышат. Анан ар бир балада жыгачтан жасалган келтек болот. Анан жыгачтан же тоголок кылып, же башкача кылып токмок жасашат. Ошол келтек менен  токмокту оюнчулар өздөрүнүн дарбазасына кийриш керек. Кайсы топ көбүрөөк кийрисе уткан болот. Канча жолу кийриш керек деп деле чек болгон эмес, кийриген тарап биз жеңдик деп мактанып калат, тигил тараптын назары сынып калат. Жеңилген тарап эмне кылып берет деп мелдешишкен эмес, жөн гана биз жеңдик деп кыйкырышкан.

Бул оюнду күн ачыкта, жаздан баштап кеч күзгө чейин ойночубуз. Бул оюндр азыркы учурда ойнолбой калды, себеби азыр жаңы оюндар чыгып калды, волейбол, футболго ооп кетишти, а биздин оюндар калып калды. Эски оюндарга азыр кызыккан балдар дагы жок.

Кыргыз оюндарынын пайдалуу жактары бар, булар дене тарбиясы болгон, чуркайсың, басасың, аракет кылып талашасың, дененин чың болушуна таасир берген. Ой-жүгүртүүнү өстүрүүчү оюндар жок го дейм.