Бегалиев Муктар: Кыз оюн, эшек секирмей

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Муктар, 90 жашта. Талас району, Жонарык айылы

Кыргыздар илгери өздөрүнүн турмуш-шартына жараша оюндарды ойношкон. Мисалы Кыз оюн деген болгон. Ал оюнда жигиттер чогулуп, кыздарга барышат. Кыздарга барганда алардын үйүнүн жанында ырдашат, кыздарды мактап ырдашат. Жакшы ырдаса тиги кыз тосуп чыгат, же жеңелери чыгарат. Анан кыздын бетинен өптүртүшкөн. Жигиттер кызга арнап кыргыздын жакшы ырларын ырдаш керек болгон. А кезде элдин арасынан чыккан, куудул, сөзмөр жигиттери болгон. Алар чогулушкан, мисалы биздин тегеректе Сейтаалы, Сейдиракман, Турдаалы, Сартбай деген жигиттер чогулуп, бирөө кыяк тартса, экинчиси ыр кошуп ырдашкан. Алар ошондой эле тамашалап же шылдың-шыкак ырларды ырдашкан. Мисалы, бул жердеги тегеректе  Эгемберди деген киши Назым деген кызын күйөөгө берген. Күйөөсү болсо, өзбек жана көзү саал майыбыраак киши болгон. Анан ошолорду айтып, ырдайбыз дегенде өзбектер кыз оюнун ырдатпайбыз деп чатак чыгарышкан. Ал эми Турумбай деген аксакал киришип, кыргыздын салты ушундай болот, ага сенин ичиң тарыбасын деген. Анан биздин Сейтаалы деген обончу акелербиз төмөнкүдөй деп ырдаган.

Назым,

Ак кайыш сенин жүгөнүң,

Адамдын салтын билбеген,

Акмак сарт сенин күйөөң.

Эски кайыш жүгөнүң,

Элдин салтын билбеген,

Эшек сарт сенин күйөөң.

– деп ырдаганда, тиги өзбектин жаны чыгып кете жаздап, ачууланганда, Турумбай деген акылман аксакал кой деп баскан. Бирок Назым кызды ошол өзбекке берип жиберет.  Кийин Назым кыз балалуу-чакалуу болуп үйүнө келгенде, акелерине мени өзбекке берип жибердинер деп таарынып жүргөн.

Дагы балдарга ылайык дүмпүлдөк, эшек секирмей деген оюндар болгон. Эшек секирмей дегени балдар бири-бирине сүйөнүп турушат. Анын аркасынан бирөө чуркап келип секирет. Андан кийин башкасы чуркап келип секирет. Эгерде көтөрө албай жыгылып кетишсе, эшек ооду деп боору катып каткырып жатышаар эле. Муну 10-15 тей бала ойной берет. Эшектин үстүнө батканга чейин секире берет. Отургандардын ичинен балдардын бирөөнү тургузат. Сен кичине карылуусуң, сен көптү көтөрө аласың дешет.

Азыркы учурда бул оюндар ойнолбой калды. Анткени азыр элдин турмушу башкача. Бир айылдан экинчи айылга көк бөрү тартып, тамаша кылмай деген жок болуп калды. Мектеп ачылып, балдар билим ала башташты. Мен атап кеткен оюндардын тарбиялык мааниси, пайдасы бар. Биринчиден, ден-соолукка жакшы болгон, анткени күрөш болгон, эңиш болгон. Мисалы, казактардан бир балбан, кыргыздардан бир балбан чыгып күрөшүшкөн. Бул жерден биздин акелерибиз Турсаалы деген киши абдан балбан болгон. Анын колу темир болсо керек, чай кайнап жатканда жалындан чайнекти колуна алып, жерге кое койчу деп айтышат. Андан кийин боорсок бышырып жатканда, аны чөөлү менен тартат да. А Турсаалы болсо колунун салаасын салып, табакка сыдырып салчу экен. Анан дагы үйрөтчү экен, колуңардын салаасын ачкыла деп, эгер салаа ачылбаса май чогулуп колуңар күйүп кетет деп айтчу. Ал адам өзү кубаттуу адам экен, мал союп жатканда ачууланып, кээде нары түртүп жибергенде колу жылкынын терисинен нары жагына чыга түшчү дешет. Ошондой болгондо өзү: «Кудай урган, бул жылкы тирүү кезинде эле чирип калган турбайбы», – дечү экен. Күрөштөрдө колу кармаган жеринен кийимдери кошо айрылып кетчү экен. Тургумбай деген балбан менен эңишип жатканда бир кармаганда кийимин алып кетиптир, Тургумбайдын денесинин баары ак экен, өзүнүн тобуна, айылына кире качкан экен. Анан казакка барып, эңишке түшүп жеңип кайтып келе жатканда баланча балбанды жыккан кайсы кыргыз деп сураганда, Турсаалыны көрсөтө беришиптир. Ошондо кемпирдин көзү тийип кетип, бир айдай ооруп, көк суу ичип анан айыккан экен.

Leave a Reply