Бегалиев Жуматай: Кур оюн, “чакан” оюну

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы

Жаш кездеги улуттук оюндардан кур оюн деп койчу, бойго жетип калган кыздар, бойго жетип калган жигиттер ата-энелеринен араңдан зорго суранып чыгышкан. Кыздарды чыгарган эмес, ишеничтүү жоро-жолдошторго гана тапшырышкан. Чогулган балдар-кыздар эки жатка бөлүнүшөт. Бир жаат көк чөптүн үстүнө чапандарын салып жатышат, үстүнө дагы чапан-чупандарды жамынышат. Бир жигит жерде жаткандарды бийлейт, бир арканды алат. Ал аркандын бир учун жаткандар кармашат, бир учун тиги жигит кармайт. Экинчи жааттын оюнчулары жоолуктарды түйүп алып, жаткандарды чабыш керек болот. Тиги ичинде жаткандар, башыма тийди, ичиме тийди деп эле бакырып жатышаар эле. Эгер тиги бийлеп турган жигит мыкты болсо, ал чаптырбайт, чапса дагы чанда. Эгер жигит начар болсо, жаткандар шорлойт, бири-бирин аябай өкүртө чабышкан. Арканды кармап турган жигит чаап жаткандардын бирөөсүн тээп калса, анда тиги тарап жеңилип калат. Эми жеңилип калган тарап жерге жатат да, жердегилер туруп тигилерди кайра чабат, ошентип ойноп жатчу элек.

Анан “чакан” деген оюн болоор эле. Алакандай болгон жалпак таштарды чогултуп, аларды катары менен тизип, башка таш менен атабыз. Анда дагы эки жаатка бөлүнөбүз, канча жигит чогулса, ошонун санына жараша бөлүнөбүз. Анан кайсы жаат таштарды уруп, утуп алса, ошол тарап жеңген болот. Чакан оюнуна таштарды сайдан алчубуз, анткени сайдагы таштар бекем болот, тийсе дагы сынбайт. Бештен жетиге чейин таш тизилет. Анан тигил жактан таш менен урганда ташка тийип ыргып кетсе, ал жеңет. Кол жете тургандай аралыктан атчубуз, 10-15 метрдей бар го.

Кыздар болсо аз ойношкон, кээде ата-энесинен суранып алып чыгышкан. Бирөө үйүнө май алып чыгат, бирөө эт, бирөө сүт алып чыгып таш казан ойношкон. Эч ким көрбөй турган жерге, эч ким жок жерге барып ойношкон. Куу балдар бар эле, алар ойноп жаткан жерин билип алып, тамактары бышкан кезде кыздарды чыңыртып оокаттарын жеп алчу. Мен деле далай жолу эжемдер ойноп жаткан жерден жеп кетээр элем. Ой, желмогуз кайдан келдиң эле деп жатышаар эле. Мен болсо артынан ээрчип, таштын аркасына бекинип отуруп алчумун да. Кыздар куурчак ойношкон, эндик деген чөп болоор эле. Ал аскаларда өскөн боз чөп болчу. Аны тамыры менен сууруп алып, сыртын жакшынакай кылып тазалап, каймакка 4-5 күн ачытып коюшкан. Болду, ошону алып кыздар беттерине шыбаса, кыздардын иреңи кыпкызыл болуп сонун болуп калчу. Жаш келиндер, кыздар ошону пайдаланышкан.