Сейталиев Тургун: Кырк-Казык айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери кыргыздар жоопкерчиликти бала-чакасы менен ырааттуу кылып, бир калыпта бөлүшүшчү. Бир үй-бүлөнү ата-эне башкарчу эле. Балдар ата-эненин тилин алышчу эле, жумуш кыл десе, жумуш кылып, иште десе иштеп. Азыркы жаш балдар ата-эненин тилин албай турган болуп калды,  өз билгенин жасашат. Мен ушу турмуштун айынан ата-эненин тилин албай жатышабы деп ойлойм. Кээ бир жаштар Россияга, Казакстанга, Жамбылга кетип жатышпайбы. Биз ошол жакка иштейбиз, дүнүйө табабыз дешип. Балдарды кетпе десең болбойт, тил албайт. Анан ал жакка барып бузулгандары бар. Ушунун баары турмуштун айынан го деп ойлойм.

Илгери ата-энелер эле тарбия берип турган. Эч кандай усулдар деле болгон эмес. Баланы кичинекейинен тарбиялаш керек. Ата-эне балага жол көрсөтө турган болуш керек. Ошондо бала ата-эненин тилин алат. Ата-эне кандай тарбия көрсөтсө, бала ошондой болуп өсөт. Тарбия бербесе бала өз билгенин кылат. Кыргызда «Алты жашка чейин балаңды атаңдай сыйла, алты жаштан кийин кулуңдай кыйна» деген сөз бар эмеспи. Ошол сөздүн маанисин чындыкка жакыныраак. Маселен жашында бала канчалык тарбия көрсө, чоңойгондо ошончолук тартиптүү болот дейт. Кичинесинде тарбиялабасаң, чоңойгондо кыйын болуп калат. 6, 7 жаштан баштап катуу тарбиялаш керек.

Leave a Reply