Курманалиев Токтоназар: Молотов айылы

This post is also available in: Орусча

Курманалиев Токтоназар, 83 жашта. Кара-Буура району, Молотов айылы

Илгери үй-бүлөнү бир эле адам башкарчу, азыр деле ошондой болуш керек. Жаңы төрөлгөн баладан чоң адамга чейин улуу аксакалга баш ийишчү. Аксакалдын айткан сөзү эки болчу эмес. Атанын айткан сөзү бир үй-бүлөгө закон болчу.

Эми мурункудай тарбия аз болуп, жаш балдар көп баш бербей жатат го. Адамдын акыл-эси улам барган сайын өнүгүп, биздин акылыбыз жетпей калды. Балдар ата-энеден бөлүнүп кетип жатат, карыдың-арыдың деп тил албайт.

Балдарды тарбиялоодо биздин башкы усулубуз макал болгон. Кыргыз ар бир сөзүн макал менен айтып турган. Анан да уламыш, жомоктор адамдарга кандай таасир калтырган. Ар бир кыргыз жок дегенде бирден жомок билген. Кыргыз эли жакынкы арадан бери жакшы болбой жатат го. Адамдар жокчулуктан эмес, барчылыктан көптү. Мына эки адамдын айынан канча эл кырылып калды. Бийлик талашып, эмне болду.

Leave a Reply