Кудайбергенов Бекболсун, 1948-жылкы. Талас району. Кырк-Казык айылы

This post is also available in: Орусча

Үй-бүлөнү негизи ата башкарат. Ата дагы деле башкарышы керек. Анан кыздар энеден тарбия алышчу. Бала менен кыз, эне менен атадан карыш жылып, бейчеки жумуш кылышчу эмес, же өзүнчө басып кетишчү эмес. Азыр болсо башкача болуп баратат. Эми өзүн-өзү билип, ата-энесинин тилин укпай кеткен балдар бар. Негизи кыргыз элинде атайын салт болгон. Балдар ата-энесинин айтканын угуп, тилин алып, улуулардын жолун жолдочу. Анан азыр тарбиялап деле жатабыз, бирок мурункудай катуу тарбия жок. Ошол чет өлкөдөн келдиби же башка жактан чыкканбы, тыюу салынган нерселердин көп пайда болушу, арак деген пайда болду, тамеки деген пайда болду, ээнбаштыктар көп болуп жатат деп ойлойм.

Тамекини Колумб деген окумуштуу Америкадан 1500-жылы алып келген. Ага чейин тамеки өсчү эмес. Тамеки деген жок болчу. Арак илгери эле бар экен, бирок азыркыдай массовый болгон эмес да. Азыр бардык жерде арак жайнайт. Ошол себептенби дейм да.

Негизи эле балдарга көзөмөл керек. Анан айлана-чөйрөдөгү досторунан да көп таасир берилип, балдар ошол жакка көп ооп кетип жатышпайбы. Эми балдарды карап деле олтура албайсың. Азыр балдарга чынында алыбыз да жетпей калды. Эстүү балдар өзүнөн-өзү тарбия алып жатпайбы.

Жакшы жолго тарбияласа абдан болот. Ал үчүн чөйрөсү жакшы болуш керек. Күндө таалим-тарбия үйрөтүп, көзөмөлдөп туруш керек. Ага өзүң да татыктуу болушуң керек. Биздин тарбиялуу болушубузга ата-энебиз, айлана-чөйрөбүз эле таасир берген.

Leave a Reply