Калыбаева Турсун, 71 жашта. Талас району, Кум-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Кыргыздарда илгертеден эле келе жаткан сөз бар «эненин каргышы – бок, атаныкы – ок»  деген. Эненин сөзүнө караганда атанын сөзү балага таасирлүү болот. Андан бөлөк ата назары деген сөз бар, бала өзүнүн жүрүш-турушу менен атанын назарына калып калса,  бул оор нерсе болгон.

Ата назарына кантип калган? Атасы жаман айтса, ал сөзсүз болгон, ошон үчүн ата балага катуу сөз айтаарда сөзүн тазалап айтыш керек, ачууга алдырбаш керек. Албетте эне тарбия берип жатканда «атаңдын сөзүн ук: назарына калба» деп айтуу керек. Кыргыздын бул сөздөрү өтө терең мааниге ээ. Атанын ролу материалдык жакка да байланыштуу, себеби ата деген үйдү материалдык жактан камсыздоо үчүн дайыма аракет кылып турушу керек болгон. Эненин бирден-бир милдети баланын ден соолукта болуусун да камсыздоо. Кийим-кечек, тамак-аш даярдоо дегендей, майда көрүнгөнү менен эненин иши да абдан орчундуу. Ата өзүнүн таасирдүү сөзү, мамилеси менен балдарга чоң таасир тийгизип турат. Эми ата менен эненин ордун бирин өйдө, бирин ылдый дей албайбыз. Бала үчүн ата менен эне биригип туруп бир ааламды түзөт.

Эгер эркек материалдык жактан камсыз кыла албаса, ошону түшүнүп, ошого көнүп, аялы аракет кылса, ага жолтоо болбой, кайра жардам берип, көмөктөшүп туруу керек. Азыр иш жок, ата таппайт, бакпайт, деп калбадыбы, антсе энесин балдары угуп олтуруп атасын тоотпой да калат, анан кийин өзүн укпай калат, ошон үчүн ата-эне балдар алдында бири-биринин кадырын түшүрбөө керек. Бардык ата-эненин алдына койгон максаты – баланы жакшы тарбиялап өстүрүү, эл керегине жараган азамат кылып чыгаруу .

Эне эң биринчи эркек балага кийин ата болгондо ата деген сөзгө татыктуу болуп, бардык милдеттери аткарууга тарбиялашы керек. Ата болууга уулун кичинесинен эле тарбиялаган жакшы. Татыктуу тарбия берип үйлөнтүү керек.  Баланын жакшы өнөрү болсо, аны колдоп турган жакшы. Ата балага жакшы кеңештери менен жол көрсөтүп туруусу патз.

Атасы жок болгон балдарды кантип тарбиялоо керек? Эми андай да болуп калат, атасы жок. Чындыгында кээ бир аялдар балдарын атасы жок болсо деле атасы бардай кылып тарбиялашат. Эркектин мүнөзү бөлөк, ошон үчүн аялдар мындай кырдаалда  балдарды эмгекке тарбиялоо керек. Себеби ата-энеден да адамды тарбиялоодо эмгектин орду абдан күчтүү, таасирдүү болот. Балдарды аябай туруп эмгек кылдыруу керек. Балдарды чыныгы сүйгөн, анын келечегин ойлогон ата-эне баланы биринчи ирет эмгекке тарбиялайт.

Азыркы балдар менен мурункулардын айрымасы бар, а мына мурун көп иш жасатчубуз, тамекиге иштеп, кыздар түндөп сайма сайчу. А азыркылар уктайт, карыларга жардам бербейт, жалкоо.

Кээде эне боорукер, мээрмандыгынан балдарды оор жумушка жумшабай, балдарды аяйт. Бул абдан туура эмес. Эгер баланы эмгекке тарбияласа, бул баланын өзүнө да, энеге да, элге да жакшы болгон. Калк үчүн кызмат кылган.

Ар бир бала ар нерсеге жөндөмдүү, ар нерсеге кызыгат, ошого жараша ата-энеси шарт түзүүсү керек, эмгек десе эле кара жумушка салып коюу эмес Мисалы: устачылыкка кызыгат, ат бакканга, жерге кызыкканы болот, ошого жараша иш кылдыруу керек.

Дагы бири баланын ден-соолугуна жакшы көңүл буруу керек. Азыр го догдур бар, мурун догдуру жок эле үйдөн карачубуз. Мисалы: ичибиз ооруса эрменден кайнатып ачкарын ичирип койчу, көзүң ооруп кызарып калса көз үйлөгөндөр болчу, аларга алпарып көз үйлөтүп койчу

Ким үйлөчү эле? Аны көзүндө бар адамдар үйлөсө кетип калчу, атайын буудай менен үйлөгөн. Аны да билген киши кылган. Көргөнүм, пиялага буудайды салып алып, өзүнүн сөздөрү болот окшойт го, бир нерселерди айтып, үйлөп койгондо кызарганы кетип калган. Илгеркилер да билген да ырымын, кыла койгон, болбосо көз көрбөй да калат экен эми ойлосом, ошол азыркы катарак экен да.

Сөөл болгондо ай чыкканда айды каратып буудай же бир дан менен эмдечү тийгизип-тийгизип. Анан катуу аккан сууга коё берчү, сөөл ошо менен жок болуп кетчү. Болбосо жыландын кабыгын эзип тамакка кошуп, же талканга көөлөп, сөөлү бар адамга айтпай ичирип койгон. Азыркы энелер баласына да көп карабайт. Же мурун оору аз болуп билинген эмеспи, айтор алдын ала эле эмдей берчүбүз. Бала итий болгондо, иттин жаткан жерине оонатып койсок эле итий болбой калчу, а азыр догдурга алып барып, болгон уколдун баарын салдырат.

Эмне үчүн иттин жаткан жерине? Анткени иттей болуп бала жаман жыттана баштайт, анан бул оорунун аты да – итий, иттей болуп ырсыйып эле бала өспөй калат. Ошол үчүн итке калып калсын деп итке көйнөгүн кийгизип, кайра балага кийгизип ырымдап койчук.

Ичи ооруса эрменди кайнатып ичирип, ичи көөп же суук жеп калса, койдун майы менен чеснокту, анда аулиа пияз деп койчу, ошол аулия пиязды тоодон терип келип, койдун майы менен аралаштырып, киндикке тартып койсо эле жакшы болуп калган. Жөтөлүп калса да ошол эле койдун майын ичирип койчубуз, көкүрөгүнө сыйпап, жылуу кармап эле айыктырып алчубуз.

Сарык болуп ооруса айрандын сары суусуна жуунтуп койсо жакшы, себеби сары суу сарыкты соруп алган экен да. Бит жегизчүбүз, ал бит боордогу курттарды жеп  жок кылат дешет. Азыр сарык болуп оорусаң бит таппайсың.

Мен ушул убакка чейин балдарга дары берген жан эмесмин, жалаң эле майлап- сүттөйм. Мурун да ичкенибиз күчтүү тамак болуп, ден соолук чың болуптур, азыр ошентип чара-чара эт деп көрчү, киласын 200 сомдон алып жеп көр күндө.

Leave a Reply