Жаңыбердиев Таштанбек: Кырк-Казык айылы

This post is also available in: Орусча

Жаңыбердиев Таштанбек,  64 жашта. Талас району, Кырк-Казык айылы

Азыр үйгө мейман келсе, мейман там өзүнчө, балдарды «Бул жакка кирбегиле, бар тигил комнатага кирип кино көргүлө» – дейбиз. Бир чети азыркы мейман да современный мейман, илгерки мейман эмес. Азыр мейман күтүш өзүнчө кызык-тамаша. Ар биринде кашык-вилка. Анан эле 100 граммдан киргенден кийин, каяктагы балага таалим-тарбия, ал балага кандай таасир тийгизип жатат, аны эч ким ойлонгон жок. Эми илгеркини салыштырып көрөлү. Мейли жанагы ээн калган балдар эмне менен алек болуп жатат. Азыр телевизордо ар кандай балекеттердин баары бар. Ал бала ата-эненин сөзүн деле уккан жок, келген меймандын сөзүн деле тыңшаган жок. Келген мейман деле балдарга эч кандай маанилүү сөз айткан жок. Анан бала кайдагы тарбияны көрөт. Азыркы балдарда эч кандай күнөө жок, бул нерсени мамлекет өтө катуу ойлонуш керек. Карачы еврейлерди, бала төрөлгөнгө чейин аялды тарбиялайт экен. Сен экөө, үчөө тууба, сен бирөөнү эле туу. Бирок ошого туруктуу баланы төрөш керек. Кыз баланы жеринен тарбиялайт, баланы ошого чейин тарбиялайт. Анан кийин сенин милдетиң, мына япондордо да ушундай экен. Аялдын милдети баланы тарбиялаш. Баланы тарбиялаш ушунчалык чоң милдет, 1-орун бала тарбиялоо. Бизде андай жок.

Ал эми илгеркини айтып берейин, мисалы: боз үй, бир эле боз үй. Боз үйдүн төрүндө ким олтурат, бала кайда олтурат, келин кайда олтурат, идиш кайда болот, баарынын өзүнүн орду болгон. Үйгө конок келгенде бала эч убакта бош болбойт. Отун жарып, суу алып келип, козу саадырып, кечинде эт болгон, аны жешип курсагы ток. Кечинде келди, ал убакта уктоого эч кимдин акысы жок, анан баары дасторкон четинде олтурушат. Анан нарктуу-салттуу карылары салт-санааларды айтып беришкен. Мына карачы бир эле философия менен түшүндүргөн. «Керегем сага айтам – келиним сен ук, уугум сага айтам – уулум сен ук». Ой келин, олтур, мен сага акыл айтам деген эмес, макал менен айткан. Кызына да айткан эмес, аларга карынын сөзү жөн гана закон болгон. Азыркылар законду да бузушуп жатышпайбы, алар закондон да ыйык көрүшкөн. Кыргыз каяктан келип чыкты? Кыргыз эмнебиз менен сыймыктанабыз? Кыргыздардагы тарбия ошол эле боз үйдүн ичинен эле боло берген. Канчага чейин, жылдыз толгонго чейин, не бир жомоктор, не бир уламыштар айтылган. Азыр бала менен, келин менен иштөөгө эч кандай байланыш болбой жатпайбы. Кайсыл жерде байланыш бар, жок. Илгеркилердин нарк-насил сөздөрү боз үйдүн ичинде болгон.

Алар балдарды эч убакта уруп-сабаган эмес. Нарк-насил сөздөр менен эле тарбиялаган. Мисалы макалдар менен, каймана сөздөр менен. Мисалы, ой айланайын, баланчанын мындай келини бар экен, жолдо бара жатсам суу алып келе жаткан экен, мен өтүп кеткенче жолдун аркы тарабында турду, ой өтүп кетсе деле болот да, азыркылар күтмөк турсун, коюп деле жатышпайбы. Анан ошол келинди “айланайын өркөнүң өссүн, өмүрүң узун болсун”, – деп алкап өттүм. Ал сөздү өзүнүн келини да угуп жатат да, кыздары да угуп жатпайбы. Анан кичинекей бала-чака баары угуп жатпайбы ушуну. Кайненесине ушундай карайт экен, кайнатасына ушундай карайт экен, анан ушундай бир уламыштарды айткан. «Илгери бир каардуу кайнене болуптур, ал ушинтип келинин жей берет экен, аябай жини келген келини кайненесин алдап, аскага жетелеп барып, анан түртүп жиберген экен. Анан тигил келин да картаят. Картайган кезде анан келини да туура өзүндөй болуп чыгат. Анан жадаган келин: «Апа жүрчү, тияк-биякты көрүп тоого эс алып келели», – деп апасын аскага ээрчитип келет. Анан баягы кемпирдин эсине келип, аябай күлгөн экен. Келини: «Ой апа эмне күлүп жатасың?», – дегенде, апасы «Ой кимге эмне кылсаң, ошол келет экен», – деген экен. Ошондо келин: «Кой эчкинин жашындай жашы калды, мен буга чыдайын», – деген экен. Бул өзү эмне деген сөз? Мына сени атаңды, энеңди деген жок, жөн гана уламыштын негизинде эле тарбиялап коюшкан. Ата деген нарктуу, атадай касиеттүү сөздөрдө айтып, нарктуу болуш керек. Ата жөнүндө да көп уламыштар бар.

Илгери бир каардуу падыша болуптур. Илгери деле укмуштуудай чалдар болгон, адам болгондон кийин беш кол тең эмес да. Анан бир карылар жинине тийип койгон экен, «ушул мен падыша болуп турганда буларды бир жайлайын», – деген экен. Кары деген калыстап кары сөзүн айтпаса ошол да карыбы, азыр деле бар, бирөөлөрдүн болбогон акчасына алданып, «Дүжүр» чал болушкандар. Далдырап арак ичкен чалдарды көрөсүң. Карачы «Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот», анан небереси менен арак ичкенде толтура болуп жатпайбы кызым, анын эмнесин айтасың? Кыргыз качан ошондой эле? Көчөдө тантырашып ар нерсени сүйлөп жүргөн кыргыздар бар, ошолордон кайсы тарбияны үйрөнөт үйдөгү келин-уулдары. Анан ошондой адамдар илгери арак болбосо да канында болгон кыргыздар болгон. Анан хан буйрук кылат: «60 жаштан ашкан чалдардын башын алгыла!», -деп. Анан бир жигит: «Кой мени атам ушул жашка чыгарса, бактылуу кылып чоңойтсо, анан мен атамды кантип атамды өлүмгө кыям», – деп сандыкка салып бага баштайт. Ошентип күндөр өтө баштайт. Баягы каардуу хан жөн жатпай жигиттерге буйрук берет. Бир суунун түбүндө алтын кумура бар, ошол кумураны ким алып берсе аман калат, таба албаган адамдардын башы кыйылат дейт. Ошентип көбүнүн башы кыйылып кетет экен. Анан убакыт балага келип жетет. Бала айласы кеткенде атасына айтат. Атасы: «Ой балам жанында эмне бар экен?», – дейт. Жанында бир чынар терек бар экен дейт. Ой балам ошол чынар теректи карачы деген экен. Ошол чынар теректе алтын кумура илинип турат, ошол кумуранын көлөкөсү сууга түшүп турат деген экен. Баласы ой суу тигил жакта. Кумура сууда деп жатса ошол кантип болсун дейт. Анан эртеси бала хандын алдына барат. Аа балам келдиңби? Келдим дейт. Анан атасы айткандай кумура теректин үстүндө байланып турган экен. Анан бала кумураны алып түшөт. Ошондо хан балага ой сен мынча акылдуусуң, мен сени эстеп жүрөйүн деп кетип калган экен. Дагы көч менен кетип бара жатышат, суу жок. Илгери мал менен эле кете беришкен да тоют топтогон эмес. Эл өзүнө да окат-аш жакшылап камдашкан эмес. Мисалы, Көлдөн чыкса Алайга чейин кете беришкен. Пейилдери кенен болушкан. Эгерде үйүнө конок келсе, кут түшкөндөй сүйүнүшкөн. Карачы тим эле мейманчылап алып калышкан. Анан конок кой эми мен кетейин деп конок өзү суранганда гана жиберишкен.

Илгери ошондой касиет болгон. Анан баягы көч суудан аябай кыйналышат мал да, жан да. Хан дагы жарлык чакырат. Ой суу тапкан адам болсо мен аябай сыйлайт элем дейт. Анан баягы бала атасына келип. Ой бизди кыйнап жатат, кантип суу табабыз деген экен. Ой уйлар барбы? Баягы шүдүңгүт уйуң бар эмес беле дейт. Ошол уйду коё бер дейт. Ээн-эркин коё бер дейт. Анан ошол уй бир жерди челет, ошол жерди казсаңар суу чыгат деген экен. Анан бала мен бир аракет кылып көрөйүнчү деп ханга айтат. Анан баягы шүдүңгүт уюн коё берсе ал барып, бир жерди челген экен. Челген жерди каскыла дейт. Анан оргуштап ошол жерден суу чыгат экен. Анан хан ой сен кандай эле акылдуусуң, мага сырыңды айт деген экен. Элдин баары карап турат. Анан бала мен сага сырымды айтам, бирок сен мага каалаганымды аткарып бересиңби деген экен. Анан бала сиз баягыда 60тан ашкандарды өлтүргүлө дегенде мен өлтүрбөй алып калгам, мына ошонун акылы менен иштеп жатам деген экен. Ошондо хан эсине келип, аксакалдарды сыйлап алган дешет. Мына кыргыз эли кандай болгон. Калыстыкка, кең пейилдикке элдик оозеки чыгармачылык менен аталардан-апалардан уланып келе берген да. Мисалы мен деле советтик доордун адамымын, илгери адам эмесмин. Окудум, чокудум, бала-чакамдын баары орду-орду менен. Менин атам молдо киши болгон. Көбүнесе ошол кишинин тарбиясы. Балам арак ичпе, чылым чекпе, көрдүңбү баланчаны, арак ичсең ошондой болуп каласың деп катуу тарбиялаган. Демек атанын сөзү дайыма эсте болуш керек. Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, сен да балдарыңдан туура ошондой мамиле көрөсүң. Бул – чоң философия.

Азыр карылардан акыл алыш кыйын. Себеби, байланыш болбой жатат. Далбастап эле азыр баары акча болуп калды. Мына мен согуштун акыркы жылдарын көрүп калдым. Ошол убакта адамдардын аң-сезиминде биринчи абийир болгон. Акча жөнүндө ойлонушкан эмес. Бир сындырым наны болсо өзү жеген эмес, кудай тааланын күчүнөн коркушуп, бөлүшүп жешкен. Кичинекей баладан баштап чоң адамдардын баары кудайдын каарынан коркушкан. Илгери жазуучулар деле канчалаган кыргыздарды тарбиялаган, азыр китеп окуган жаштар жок. Кудай таала айтат мал-жандан кедейлик эч нерсе эмес, бул эл башчысынан кедейлик жаман деген. Эл башында күчтүү башчы болсо, адамдар эч убакта кыйналмак эмес.

Leave a Reply