Бостонов Сабатар, 80 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери баары бир эле үйдө жашашчу. Бирөөнө айтып койчу сен малды кара деп, бирөөсү дыйканчылыкты карачу. Үйдү ата башкарчу. Ал кезде күйөөсү жок аялдар чанда эле болчу, азыр көбү эри жок жашайт. Эми тарбия бошоңдоп калды, күчтүү тарбияга өтүш керек. Сталиндин тарбиясы күчтүү болчу. Силер көрбөй калдыңар. Көчөдө эч ким арак ичип жүрчү эмес. Ушул турган немистерди бир заматта тартипке келтирди. Эми эмне деген гана заман болду. Сталинге чейин кыргыз элинде катуу тарбия болгон эмес. Анда аксакалдар дөнгө чыгып алышып, жаштарга акыл-насаат айтып отурушкан. Жаштардын баары ыймандуу болгон.

Leave a Reply