Аманбүбү Төрөгелдиева: Кыргыз үй-бүлө жөнүндө

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын аймагында туулган. Пенсионер.

Бир үй-бүлө деп коелу, ал көп балалуу болду, көп болбосо деле эки баласы бар. Мисалы үчүн эркек бала болсо, үйлөндүрүп, үйлөндүргөнгө чейин карашкан, бул баланын мүнөзү кандай, жүрүш-турушу кандай, эмнеге кызыгат, эмнени жасай алат деп карап, ошого ылайык айылдардан кыз тандашкан. Карылардын кеңеши менен эркек баланы үйлөнтүп, келиндин келгендегиси эсинен кетпейт деп, кайненеси келинди болушунча тарбиялап, билген жерин дагы өрчүтүп, биринчи балалуу болот да, баласын чоңойтуп, бала үч жашка чыкканда биринчи баланы алып калган, же болбосо, өздөрүнчө үй тигип берип, малдарын дагы, жууркан төшөгүн берип, толук түрдө ошол үй-бүлөнү алып кете турган ахыбалга жеткирип туруп,бөлүп коюшкан. Анан кийинкилерин ошондой ирети менен кетире беришкен.

Эми бүгүнкү күндө биздин ошол ритм бузулуп кетти. Бир үйдө үч эркек бала болсо, ортосу эки жаштан, бир жаштан болуп калат да. Анан кичүүсү келип айтат. Менин сүйлөшкөн кызым бар, үйлөнөм десе эле, шарт болсо эле мейли анда үйлөндүрөлү деп эле свадьбасын берип, той эмес, «свадьба» берет. Той деген үйдө тилек кылып, тууган урук менен, чоң тилек менен өткөрүш керек да. Биз болсо, ресторан, кафени жалдай калып эле, ошол жактан өткөрүп, үйлөндүрүп коюп жатабыз. Андан кийин айтышат бир айдан кийин чыдаса, чыдабаса он беш күндөн кийин биз эми квартирге бөлүнүп чыгалы дагы жашайлы дейт. Азыр ушундай.

Мурун болсо үч жылга чейин эч жакка кеткен эмес. Эмне дегенде мунун эң бир сыры бар экен да. Мисал үчүн базардан бир кой сатып келип, короого кийирип, эшикти ачып койсоң сөзсүз түрдө качып кетет. Аны деген үч-төрт күн жемин берип, суусун берип, чөбүн берип, тигил жерге койлор менен кошо чыгарып, кайра тосуп кийирип, көндүрүш керек да. Анан төрт беш күндө кой көнүп калат. Эми бул бирөөнүн үйүнө келин болуп келген кыз деген койдон акылдуу да, адам баласы. Ал байкуш келгенден кийин баары бир ошол келген күйөөсүн тимеле канча жүрөгүнөн сүйүп келген болсо деле, баары бир чоочун үйдө чоочуркайт да. Анын казан-аягы, төшөнчүсү каякта экенин билбейт. Кандай тамакты алар жакшы көрөт, кайнене кайнатасына кандай нерсе жагаарын билбейт. Чоочун да эми ал байкуш. Айласы кетип, качканга дайын турат да.

Кыргызда мындай сөз бар: «Келин босогого байланмайынча эшикти аттап чыкпасын» дейт. Ал эмне дегени, ошол жерге көнгөнгө чейин төркүнүнө жибербеш керек экен. Бул бир жылгабы, бир жарым жылга созулабы, жанагы сагынып кеттим, барып келейинчи десе эле жөнөтө бербешибиз керек экен. Жок айланайын чыдап тур, бу шарт бар, ал шарт бар деп. Көнгүчөктү ал көнбөй сагынып кеттим барып келейинчи деп ошентет экен да. Көнгүчөктү эптеп бир эбин таап, чычалабай кайнене, сактап туруш керек экен. Кыргыздарда ушундай болгон. Бир жыл толук толгондон кийин төркүлөтүп барып келген. Күйөөсүн, улуу агасын, жеңесин, кайынсиңдисин, кайнежесин кошуп алып кайната кайненеси келини-күйөөсүн алып алып төркүлөтүп барып келген. Бир жылдан кийин, бир жылга чейин ал келин мүмкүн балалуу болуп калды, же төрөгөнү калды да.

Кыргыздар мына ушундай принцип менен үй-бүлөнү утуру толуктап, тарбиялап чыгарып, кайра экинчисин ушинтип келген. Бул болсо мыйзам болгон. Бүгүнкү күндө ошол мыйзамыбыз жок.

Эгерде кайната, кайненеси жок барса төркүнүнө, апей, ботом бул эмне деген, наркы жок жерге келин болгон го, бул эмне соксоңдоп өзү эле жетип келди деп айтышкан мурун. Ошол сөздөн ата-энесинин, кайната, кайненесинин намысын коргош үчүн бир жылга чейин барышкан эмес. Ошондон улам бузулбаган үй-бүлө жүрүп отурган. Биринчи балаңды туура тарбиялап жөнөтсөң, артынан өзү эле кетет да. Экинчи келин айласыздан ошол жолго түшөт.

Ата-энесин бакканга кичүү баласы милдеттүү, эгер кичүү баласы кандайдыр бир шарттар болуп башка жакка кете турган болсо, кеңешке салышкан.Кичүү баласы: “Менин жайым мындай болуп жатат, мен келип, ата-энемди колума алып бакканга чейин сизге милдет болуп турсун” деп. Мурун болсо жоортулга, башка жакка билим алганга кетишкен экен.Ошондо бирөөнү милдеттендирип койгон. Мисалы, менин агаларым билим алыш үчүн Бишкекке кетишти. Кеткенде беркилерине ошентип, милдеттендирип эле калтырып кетишкен.

Leave a Reply