Абылаева Токтожан, 70 жашта. Бакай-Ата району. Өзгөрүш айылы

This post is also available in: Орусча

Үй-бүлөнү эркек башкарат. Эркектин сөзү биз үчүн ок болгон. Эми эркектер казанда, аялдар талаада болуп калды. Бирок, баары бир эркектин атын түшүрбөш керек.

Кыргыздарда балдарды тарбиялоо боюнча атайын усулдар деле болгон эмес. Кыргыз эли мусулманчылыкка катуу баш ийишкен. Арап молдолор катуу тарбия беришкен. Анан балдар ыймандуу болгон. Эми балдар окуса тарбиялуу болот. Биз кичинекей кезибизде үйдүн бурчунда эле отурчубуз. Сайма сайып, кол өнөрчүлүк менен алек болчубуз.

 

Leave a Reply