Шералиева Анатай, 80 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы

Илгери кыздар үйдөн чыкчу эмес, кыздын кырк чачы улук, кызга кырк үйдөн тыюу деп, кымыз бишкектетип койчу. Илгеркилердики өзбектердин салтындай болчу да, жек-жаат издеп келин алчу да. Акылкарачачты кайнатасы тандап кеткендей кылып. Азыр эмне жолдон-белден эле ала качып кетип жатат. Бул туура эмес, бирок илгеркилердин эрте эле тийип кеткени туура эмес экен. Байкуштардын эмчеги түйүлө электе эле күйөөгө берип, менин кайненем он үчүндө келиптир. Он сегизди төрөгөн экен. Эми ойлоп олтурсам ал он сегизди төрөгөнчө канчага чыгат да, канча азап тартты, жакшылык күн көрдүбү? Ушуларды Багам, тарбия берем, киши болсо экен деп жүрүп карганын деле билбей калды да. Ар бир баланын кыялы ар башка болот да, он ай көтөрүп омурткасы сыздаганын билсе жакшы го, билбей ороңдогону да болгон да.

Мурункулардын балдарды тарбиялоо боюнча ыкмалары болгонбу ким билсин, иши кылып азыркыдай эле энеси кызын, атасы уулун тарбиялачу да. Тарбиялаганда, уруп-согуп эмес, кыздарга энеси кол өнөрүн, балдарга атасы сырткы иштерди үйрөткөн. «Эртең күйөөгө тийесиң, өзүңдүн себиңди даярда «көк ийненин көтүн түртө албаган кыз экен деп сени ким алат», – деп, бизди арыктан да чоң аттатчу эмес. 7 кыз бала жут болот деп илгери кыздарга (бармагын көрсөтүп чуңкурайтып. – Айгине) ушунча чай берчү экен.

Уулбу же кызбы, байбы же эптеп жанын баккан бирөө болоб,у эне алдында баары бир бала да. Андыктан эне сүтүнөн кутул, балдарыңа татыктуу тарбия бер, баягынын балдары дедирбей ынтымактуу болгула деп айтам. Илгеркилер көбүнчө жомоктор менен тарбиялаган экен го, мен  балдарыма төмөнкү бир уламышты айтып берем. Илгери бир балалуу-чакалуу, очор-бачар болгон киши карыядан барып акыл сурайт экен: «Айтыңызчы мен бир нерсени чече албай жатам. Байлык жыйнадым эртеңки бала-чака үчүн. Бийликке умтулдум, ал өзүм үчүнбү? А ак сүтүн берген энемдин эмчек сүтүнөн  кантип кутулам деген ой түн уйкумду алды, кеңеш бериңизчи». “Минтип кыйналганыңдын жөнү бар, ал оюңду тезинен энеңдин тирүү кезинде аткар. Энеңди моюнуңа мингизип алып жөө Мекеге алып барып кел, ошондо эне сүтүнөн кутуласың”, – дейт экен. Акылмандын сөзү менен баласы энесин жөө алып барып келет. Энеси баласынын бул кылган ишине абдан ыраазы болот. Анын маанайын көрүп уулу да  сүйүнүп: «Эми эмчек сүтүңүздөн кутулдумбу?», – дейт жеңилдеп. Бирок уулу өтө шашып жеңилдеген экен. «Сага ырахмат уулум, ыраазымын. Бирок бул эмгегиң менин бир көз ирмемдик толгоомдун гана акысы болду», – деген экен энеси. Эненин эмчек сүтүнүн, мээнетинин баасын карабайсыңбы.

«Бейиш эненин таман алдында» деп коет кыргызда, энени сыйлагыла, уккула, көзү өткөндө аттиң деп калбагыла. Муну уккан балдарыма мен эч нерсе дебесем деле өздөрү түшүндү да, кудайга шүгүр, көчөдөн да кары-картаңдарга жардам берип, сыйлап турат. Карылардын жакшы кептерин уккула, алар силерге жаман сөз айтпайт. Мисалы: Жакшы менен жолдош болсоң, оозуңа аш тийет. Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок. Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка. Элди кеп бузат, жерди суу бузат. Өзү жамандын сөзү жаман дегендей жаман тилге кирбегиле, ушак укпагыла, баарына калыс карагыла.

Leave a Reply