Чороев Кудайберген, 84 жашта. Талас району, Көк-Ой айылы

Үй-бүлөнүн жоопкерчилиги баары бир атада болгон. Көбүнчө кыздарды эне тарбиялаган.  Балдарды ата тарбиялаган.  Бул балдардын тарбиясында көп нерсе бар да. Мисалы, келин кирип келсе сөзсүз жүгүнүү керек, келиндер чыкканда акырын арты менен чыгат, аркасын салганга болбойт. Үй-бүлөлүк тарбияда бул илгертеден эле бар, кыздар кандай жүрүү керек, эне ошону үйрөткөн. Кыздар бармагына тамак куюп ичкенде эле тоюп калган. Үйдө бирөө болгондо кыздар  лапылдатмак турсун мындай да тамак иче алган эмес. Созулуп сыпайы олтурган. Аксакалдар келе жатса эч убакта аял киши эркек кишинин алдын  кесип өткөн эмес. Суу алып келе жаткан болсо да чакасын жерге коюп күтүп турган, жүгүнүп анан кеткен. Ал учурда боз үйдө жашаганда үйгө киши келгенде кыздар эч убакта уруксаатсыз бакылдап сүйлөгөн эмес. Илгери эле бар болчу, уйча шорулдатып ичесиң деп энеси кыздардын ар бир кыймылына, ишине кылдат көңүл бурган.

Азыр биз гимн ойнолуп жатканда оң колубузду жүрөгүбүздүн тушуна коюп жатпайбызбы, ошондой болуп ал кезде да да балдар ак сакалдар менен колун бооруна алып учурашчу, салам айтчу. Бул деген ызаат, чын жүрөгүм менен салам айтып жатам дегени. Атчан келе жатканда ушу он метр нараактан түшүп келип саламдашуу керек,   жалгыз киши кары болсо, көп болуп турган кишилерге кыйкырып салам айтуу керек.

Жанагы кыргыздын макалдары бекер айтылбайт, «Улууга урмат, кичүүгө ызаат» деп, адам салам айтканда кичүүлөр чуркап келип атын ала коюп, кол алышып салам берген. Мен картаңмын, мага салам бер деп тура бергенге болбойт.

Барган жердеги балдар кызматты кандай кылып жатканын көрсүн деп өз балдарын көбүнчө жанына ээрчитип жүргөн. Анан негизгиси куюулуштурган сөздөр менен гана мээсине куйган. Кайсы жашта бала кандай жумуш кылуу керек, бөлүнгөн. Мисалы, кичинекей бала колго суу куйган, анын эрежеси –  оң жактан баштап бир четинен куюп чыккан, болбосо аттап барып төрдөгү ак сакалга куйбайт. Муну бала билбейт да, үйдөгүлөр эле болгондо атасы түшүндүрүп  үйрөткөн. Үйдө эң кичүүсү суу куйган, «өмүрүң суудай узун болсун, күчтүү жигит бол, намыска жара, бычакка сап бол» деп бата берген. Улуу кишинин  жумуш кылып жатканын көрсөң жанына барып какчыйып туруп калба жардам бер деген. Азыр болсо жолдо наркы бетке өтө албай турганды өткөрүп койбой, сүзүп кетет. Себеби тартип-тарбия деген жок.

Мен мактанайын, кудайга шүгүр, балдарым врач, эки-үчтөн полковник болгону менен баары адамдардын жөө кетип бара жатканын көрсө машина менен үйүнө чейин жеткирет. «Кызматчымын деп керкейбе, адамгерчиликтүү бол», – деп айткам. Ошол кары аксакалдардын баарын мен деп бил, байбичелердин баарын энең деп бил дегем. Башка балдарга деле айтасың, укканы угат, укпаганы кете берет Ата-эненин деле алы жетпей калбадыбы укпайт. Илгери «Керегем сага айтам, келиним сен ук, Уугум сага айтам, уулум сен ук» деп эле башка бирөөлөрдү мисалдап айтып койсо, түшүнүп калчубуз да. Азыр көзүн чукуп барып айтсаң деле басып кетет. Кээде карап олтуруп эч кимди деле күнөөлөй албай кетем, кайсы ата-эне баласынын жаман жолго барышын каалайт. Эч ким. Баары жакшы болсун дейт, бирок азыр өнүктүк. Цивилизацая деп батыштын, чет элдин маданиятын туурап жылаңачтанса, кээ бир эркектер мусулманчылыкта ушундай деп көйнөк кийип алып жатпайбы. Телевизордогу жаман кинолор бузат да балдарды үйгө, турбайт. Өтө эле жамандай бербейин, бизде Таласта дагы кичине илгеркинин ыйманы бар, кой түз басайын, баягынын баласы дейт, атамды тигил,  энимди бул тааныйт деп ойлошот. А шаардачы? Кимди ким билди, автобустан туруп оорун берип койгонго жарабайт, айтсаң жаман көрөт. Анда сот деген жок болчу, маселени ак сакалдар гана чеччү. Бирөө туура эмес иш кылдыбы аксакалдарга келип айткан, алар чечкен. Ким болсо эле келип айта берген эмес, айылдын эң кадырлуу, сыйлуу карыяларынан шайлаган. Нарктуу жүргөн ак сакалды билесиң да, ар бир уруудан көрсөтүлгөн. Мисалы, ошол айылда канча уруу болсо, ошончо аксакал биригип чечкен. Ар уруудан көрсөткөн себеби биздин таламыбызды талашып, туура сүйлөп, уят кылбайт деп ишенген бирөөнү дайындаган да.

Беш уруудан чогулган беш аксакал кеңешип, эки жактын тең доосун угуп, анан жыйынтык чыгарган. Анан жанагы экөө эки уруудан да экөөнүн ак сакалдары өз-өз урууларына тарта алган эмес, калыстыктан тайбайт. Туура эмес кылган адамдын айыбын айтып,  камчысын моюнуна салдырып кечирим суратчу. Өтө эле зыян келтирип атын өлтүрүп,  же бир жерин жарадар кылса төлөп берген. Элдин баарына айтып жарыя кылган эмес, ал кезде ошол ак сакалдар жана арыздануучулар гана билген. Анткени жигиттердин шагын сындырган эмес. Болбосо эл сөөмөйү менен көрсөтүп шылдыңдабайбы. Таза болбой бейбаштыгын койбой, үч жолудан ашык кайталап жасаса, элдин алдына алып чыгып уят кылып, ата-энесине наалат айтылган. Ошол үчүн анчалыкка бара алган эмес.

Leave a Reply