Умарбеков Анарбай, 71 жашта, тарыхчы. Кара-Буура р-ну, Молотов айылы

Мугалим болгондон кийин мектеп турмушунда дайыма биз массалык маалымат каражаттары менен толук таанышып турушубуз керек. Мугалим – окуп турганда гана мугалим. Окубай калган мугалим – өлүк мугалим. Анткени, балдарга эч жаңы нерсе бере албай каласың, өткөндөгү эскилерди айта берсең (окута берсең) көңүлсүз болот. Кара-Буура айылы (Молотов) үчүн аздыр-көптөр эмгек кылып жүргөн кишимин. Элим үчүн, жерим үчүн, айрыкча жаш муундардын келечеги үчүн иштеп жүрөм. Менин өмүрүм, билимим, тажрыйбам, барды кички жан дүйнөм мектепке, балдарга арналган.

Биздин айылыбыз 70-75-жылдары эң артта калган, аксаган айыл болчу. 1949-жылы төмөн жактагы Фрунзе колхозуна элдин жарымы көчүп кеткен. Эл аз калган, мектеп жок. Суу ташкындаганда канал толуп калчу, эл өтө албайт, көпүрө жок болчу, балдар жогорку айылга барып окушат. Элдин жашоо-тиричилигине жергиликтүү бийликтен көңүл буруу деген болгон эмес. Анткени, генералдык планда жокпуз, чакан айылбыз. Магазин деген болгон эмес, бала-бакча жок, кино жок, артисттер келбейт, жергиликтүү эл маданиятты билбейт. Анан эл-журт менен акылдаштык, мектеп салалы дедик, аны чоңдорго айтып, жогору жакка арыз менен кайрылып 10 жыл жүрдүм. Биздин айылга айылчылап бирөөлөр келсе тээ жогортодон айттырып жиберет, суудан өткөрүп кеткиле деп. Каналда 20 куб суу жатчу. Свет болсо жок. Ушул маселе боюнча Кыргызстандын 13 инстанциясына чейин арыз жаздым. Кыргызстан борбордук комитетинин председатели Т.Усубалиевге арыз менен кайрылдым. Член коммунист элем, кирейин деп барсам, киргизбей коюшту, «Мугалим болсо министерствого барсын» деп коюшту. Анан Чыңгыз агага бардым, ал Дзержинскийде 3 кабат тамда жашачу. Ал киши менен чай ичип, 3 саат абдан сүйлөшүп отурдум. Ага болгон жагдайды айттым: Ушундай, сууну алыстан ташып келебиз, жаш кыздар ийинине көтөрүп келишет, булганыч суу ичебиз. Башка айылдарга салыштырмалуу биздин айылда жаш балдардын арасында инфекция көп, ооругандар көп. Кийин Чыңгыз агадан да жооп келди: Айылыңыз ген.планда жок, айылда курулуш иши жүрбөйт деп.

Бул айылдагы элдерди көчүп кеткиле дешкен. 58-жылдары кыркында иштеп жатканбыз, Садыбакасова Зыйнат деген келип чогулуш өткөздү. Ошол чогулушта сөз алып сүйлөдүм. Биздин айылды Молотов  (Молотов – Сталиндин күйөө баласы, тышкы иштер министри, маршал болгон) айылы дешчү. Молотовдогулар көчкүлө, жерди бошоткула, жерди колхозго огород кылабыз дешти. Болгону 6 уруу элбиз, анын ичинен Сарыгул, Ак көйнөк, Төңтөрт деген уруулар көчүп кеткен. Колхоздун акырынан жем жегендер бүт көчүп кетишкен. Ак уруудан баары кетип калышкан. Калгандар: Кош кулак, шайтуу, Келди чаңыл уруулар калганбыз. Негизи өкмөттүн закону боюнча ген.планга кирбегенден кийин сметный проект түзүлбөйт, эч нерсе курулбайт деп коюшту. Марксизм-Ленинизм университетин 2 жыл окугам СКда. Ойлонуп жүрөм, анан «Советтик Кыргызстан» газетасына макала жаздым. Анан Чыңгыз агам айткан эле мага:

– Жигит, байкап турам, сүйлөгөн сөзүңө караганда мектеп ишине берилген жан  экенсин, бул боюнча сен Москвага жаз, –   деген. Мен аны укканда коркуп кеткем,

– Москвага арыз жазып соттолуп кетпейин, –  дедим. Ал учурда арыз жазгандарды кара тизмеге кийрип койчу. Мага дагы айтты:

– Эмнеге соттолосуң, сен коркпо. Бул элдин муктаждыгы, сен бирөөнү жамандап жазган жоксуң да, – деди. Анан мен чыгып бара жатканда айтты:

– Арызды Кыргызстандан жибербе. Аны Москвага жеткирбей Усубалиев басып коёт, – деди. Мына гений адамдын айткан  кеңеши.

– Кай жак менен жөнөтөм? – дедим.

– Казакстан аркылуу жөнөт, коркпо! – деп дагы айтты. Ошол кишинин бир ооз сөзү мага дем болду. Анан келип арызды кыргызча катырып жаздым. Орусчасын кыйын билген Зина деген мугалим бар эле, ошого жаздырдык. Мектеп директору машинкага бастырбай койду, минтип: «Кийин Москвадан келип текшерет, анан мен соттолуп кетем» деп. Карачы, партиянын законун. Анан Кара-Суудан барып машинкага бастырып келдим. Ошентип, Брежневге арыз жаздык. Эл кол койду, окуучулар кол коюшту, керектүү сүрөттөрүн тарттырып кошо салдык. Анан 13 күн дегенде жооп келди. Такой-такой Умарбекову деп, мен арызга партиялык билетимдин номерин жазгам да. «Жакынкы арада өкмөттүк комиссия барып текшерүү болот» деген жооп кат келди. Элдин баары: «Ой-бо-ой, Анарбай?!», – деп жатышат. Мен бир жагынан чоочулап жатам, бир жагынан Чыңгыз аганын бир ооз сөзү мени кармап турду. 22-июнда экзамен берип жаткам, аңгыча коммисия келди. Эшиктин алдына ЗИЛ келди, УАЗ келди, машина жайнап калды. Жалпы 17 киши келди. Чыны саал жүрөгүм ойлонуп калды. Экзаменде 4-5 балам калган. Анан комиссияны залга киргизгиле дедим мугалимдерге. Комиссиянын ичинен мектеп боюнча тейлеген Турусбек деген жигит бар экен, кырс мүнөз, ал: «Где Умарбеков, позавите срочно» дейт. Райкомпартиядан, обкомпартиядан, профсоюзком.партиядан бүт отурушат деди. Мен экзамен алып жатам. Экзаменди токтотууга министрдин да акысы жок. Мен: «Экзаменди бүтөм, анан барам» дедим. Айтып барган экен: «Да-а, пусть закончит» деп күтүштү. Беш балам жооп берип жатат. А менин оюмдун баары тигил жакта. Баягы жазылган арыздарга келген жооптордун баарын өзүнчө бир документ кылып бир папкага тиркеп койгом.

Ичимен ошол папканы алып кирем дедим. Анан директор келди:

– Бүттүңбү? – деп. Экзаменди бүтүрдүм да бардым. Кирсем 50-60-мугалим, техничкалар, кыскасы баарын чогултушкан экен, чымындын үнү угулбайт. Биринчи эле сурады:

– Эмне үчүн Москвага жаздың? Бизге кайрылбайт белең? – дешти.

– Кайрылгам – дедим.

– Мына, Усубалиевге кайрылгам, Чыңгыз агага кайрылгам, Сүйүнбай Сүттүбаевге кайрылгам, обкомпартиясына Абдраевге, райкомпартиясы Льеновго кайрылгам, –  дедим.

– А ну ка давай? – деди. Папканы бердим. Бардыгын карап чыгышты. Анан барып мени башкача карап: «Оңбогур жигит баштанат дештиби, же буга не зарыл» дештиби, айтор, унчукпай калышты.

– Коммунистсиңби? – дешти.

– Коммунистмин – дедим.

– Как он работает? – деп мен жөнүндө сурашты.

– Да-а, такой скромный джигит, грамотный, послушный, – деп айтып беришти. Андан кийин директордон сурады. Жөнөкөй мугалимдерден бери сурады. Колхоз бригадирин да чакыртышкан экен, андан да сурады.      Мен өзүм комузчумун. Тээ Москвага чейин 20-сьездде Чалагыз Исабаев бизди баштап барган. Ал кезде студент болчумун. 5600 (беш миң алты жүз) киши катышкан сьездде бүткүл дүйнөлүк социалисттик мамлекеттер , жумушчу партия мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан жерде комузда кол ойнотуп күү черткем. Анан мектепте окуучуларга комуз үйрөттүм.

Менин атам Умарбек, Умарбектин атасы Даады, Даадынын атасы Байболот, Байболоттун атасы Кайна, Кайнанын атасы Акыл деген акын-комузчу болгон экен. Жаңы окууну бүткөндө элдик театрда артист болуп иштегем. Торпок бактым, комбайн айдадым, суу сугарып иштедим. Анда Хрущевдин мезгили, эки жыл кара жумушта иштөө керек деген. Эки жыл колхоздо иштемейинче окууга алчу эмес. Көрсө бул туура нерсе экен, алгач турмуш менен таанышуу керек экен да. Хрущевдин ушундай мыкты идеясы болгон.

Анан комиссиялар сууну барып көрөбүз дешти. Суу болсо кирип жаткан учур. Султанаалы дегендин аялы бир баласын артына өңөрүп, бир баласын астына өңөрүп, суудан кечип келе жатат. Суунун ортосуна келгенде суу ээр токумга жетип калды. Жээкке келгенде аял киши да аттын оозун ары буруп кетти. Тигилер булардын баарын сүрөткө тартып алышты, өз көздөрү менен көрүштү. Чабандардын балдары 2 күн барат да, 10 күн окууга барбай коёт. Шарт ошого алып келип жатат, суудан өтүш кыйын. Анан эл менен сүйлөшөбүз дешти, Абдраевге барабыз дешти. Абдраевге бардык. Барсак ал бүт член бюросу менен бизди тосуп алды. 17 киши баары киришти. Анан Турусбек деген айтты:

– Воот ушундай кыйын маселе бар экен, силер көз салбайт экенсиңер. Бир киши басып барбайт экен. Же клуб жок, же мончо жок экен, суу болсо алыс экен. Эртеңден баштап комиссия түзүлсүн, ишти баштагыла, – деди. Анан мага айтышты:

– Түшүнүк жазып бериңиз, биз эртең Москвага жөнөтөбүз? – дешти. Мен шашып калдым. Түшүнүк кат жазып берип койсом, Булар Москвага жөнөтүп жиберсе, түшүнүк кат кеткенден кийин булар мени тааныбай калсачы. Анан ойлонуп айттым:

– Жок, иш башталсын, көпүрөлөр салынып бүтсүн, анан мен жазып берейин – десем, обкомдун секретары Доулбек мага кыйкырды:

– Эй жигит, жаз дегенде жаза бербейсиңби! Биз турабыз го, мына биз салып беребиз! – деп.

– Кечирип коюңуз, мен азыр жаза албайм, –  дедим.

– Эртең тарктор барып жерди тегиздесин, бүрсүгүнү жыйырма кишиден турган курулуш бригадасы түзүлүп барсын – деди. «Хоп!» деп ошону менен тарадык. Эртең менен иш башталды. Жер тегизделди. Эки күндөн кийин финский үйдүн пайдубалдары тургузулду. Анкени, арызда жазылган болчу, чабандардын балдарына жок дегенде финский үй тургузуп бергиле, чабан бир эле койду өлтүрүп алса, аны тим эле жогору жактагылар көккө чаап, ызы-чуу кылып жиберишет анан балдарынын келечегин ойлогон киши жок. Мына ошондон бери мектебибиз бар, кудайга шүгүр балдарыбыз окушат.

Мектепке менин ысымымды беришти. Менин негизи Москвага чейин кайрылганымды эске алышты. Жетекчилик колдоду, рахмат, эл-журтума ыраазымын.

Өзүмдүн каражатымдан 95-жылдары мектепке согуш ардагерлерине арналган  эстелик тургуздум. Областтык масштабда ачылышын өткөргөнбүз. ТВ, массалык маалымат каражаттары келишкен.  Он жылдан бери мектептин эң алдыңкы 10 окуучусуна 100 сомдон стипендия төлөп келем. Он жылдан бери байге сайып, айылдык жаш спортчулар арасында турнир өткөрүп турам. Андан тышкары насаатчылык иш. 25 жыл директор, завуч болуп иштедим. Эми ошол мектебибиз авариялык абалда. 3 жылдан бери жогору жакка кайрылып келе жатам.  Биринчи чындыкты Москвадан тапкам, эми экинчи чындыкты кимиңерден табам? – деп, тамашалап жыйындарда чыгып сүйлөп жүрөм. Газеталарга кезек-кезек макала жазып калам. Былтыр Айдаралиевге кайрылгам, Илим министрлигине чейин баргам, өкмөткө барып Бакиев менен кол алышып сүйлөшүп, планга киргизгенбиз. Планда быйыл жаңы мектеп салынмак. Буйруктун көчүрмөсү келген, акча которулуш керек, марттын он жетисинде болгон штатта мурдагы акимчилик Сартбек сүйлөп:

– Мына, быйыл күн жылыгандан баштап, А.Умарбеков атындагы орто мектептин курулуш ишин баштайбыз, – деген. Анан шарт башка, заман башка. Азыркы учурда баары убактылуу.

Мектеп он жети класс комплектиден турат. Мектеп проектиси боюнча алгач беш гана класска ылайыкталып салынган. Азыр 300 (үч жүз) окуучу окуйт. Бир гана класс бош калбаса, калганы толук. Жаңы долбоор боюнча 190 (жүз токсон)  орундуу  мектеп он алты миллион сомго салынмак. Эми мына шайлоо системасы болуп кетти. Быйыл бул маселе чечилбей калды.

Култаев Бейшенбай, 71 жашта. Кара-Буура р-ну, Молотов айылы.

Эми келиндин апасы жакшы болсо келин жакшы болот экен. Келиндин апасы начар болсо келин баш бербейт, укпайт, өз билгенин кыла берет. Кызга кырк үйдөн тыюу дейт. Азыркы келиндер айгырдай болуп эле тура берет, бир ийменүү деген жок. Илгери бир үйдүн кызын бири тыйып койчу. Сенин кызың көчөдө жүрү, көчөгө көп чыгарбасаңчы деп. Азыр ошентип айтсаң «Сенин ишиң эмне, менин кызым менен ишиң болбосун» деп ажылдап коёт. Аксакал адамдардын сөзүн угушса тарбия болот. Чоң атанын накыл сөзү болот, чоң апанын акыл сөзү болот, азыр кемпир-чалдын сөзүн уккан эч ким жок. Негизи балдарды жашынан тарбиялоо керек. Буту баскандан тартып балага туура тарбия берүү керек, бекем тартип болуш керек, ошондо бала жакшы тартипте өсөт. Арак ичкен бала ата-энеге кайрымы жок бала болот.

Бирок, биздин балдар эч жамандык көргөн жок, курсагы ачкан жок, кийими жыртылган жок, жаткан жери жылуу. Анан ошондо кээ бир балдар кутурат. Жамандык бир заматта байкуш кылып коёт, барчылык адамды көптүрөт.

Менин кемпирим жүдөгөн эле келин болгон жаңы келгенде, анан кантип келиндерине жакшы тарбия бере алат.

Leave a Reply