Турдугулова Жибек: Будёный айылы

This post is also available in: Орусча

Турдугулова Жибек Сейдибалиевна, 1952-жылкы. Кара-Буура району, Будёный айылы

Кыргыздарда үй-бүлөдө негизи эркек башкарат да. Аял киши бир нерсе жасай турган болсо, эркектен суранат. Дайыма эркектин уруксаты жок үйдө бир дагы иш чара болбойт.  Бизде тарбия ошондой, мына биз 5 бала тарбияладык, кудай сактасын бешөө тең жакшы окуду, эми кээ бир үй-бүлөөлөр деле бар, бирок алар тарбиядан.

Азыркы учурда балдар тарбиялуу болбой калды, мурун аябай жакшы эле дешет, эми ал сөзгө мен толугу менен кошулбайм. Азыр деле жакшынакай эле балдар бар, болгону азыр чет мамлекеттердин жосундуу нерселерин көрүп алышып, акыл-эси кем балдар ошолорду туурап жатышат. Мурун деле жаман адамдар болгон. Болгону азыр акыл бере турган орто муундагы адамдар жокко эсе, өздөрү пикет жасашат, ал туурабы, туура эмеспи, арак ичип алышып, той-томолокто аркы-берки сөздөрдү сүйлөшөт, анан кантип жаштар жаман болбосун. Кыргызда сөз бар «Улуу көч кайда жүрсө, кийинки көч ошол жакка барат» деген. Көрдүңбү өзүңдөгү төөнү көрбөй, бирөөнүн чөбүн көргөн эргулдар бар.

Илгери мектептерде тарбиялык саат дегендер болгон, азыр деле ошондой тарбиялык сааттар мектептерде бар. Ыйман сабагы деген бар, ал сабактан окуучулар жеткиликтүү деңгээде сабак алышса, сонун эле болмок. Ар бир баланын дээринен,  чөйрөсүнөн болот, анан сөзсүз макал-лакаптар менен тарбияланышкан. Биздин учурда балдар көчөдө чүкө ойноп жатышкан болсо, мугалимдин караанын алыстан көрүп алып эле качып кетишчү, эми мугалим чүкө ойноп жаткан балдардан айланып өтөт.

Жеткиликтүү тарбия бериш үчүн мектеп менен үйдүн ортосунда чоң байланыш болуш керек, анткени баланын экинчи эле тартип көрө турган жери бул мектеп болгон да. Азыр ар кандай болуп жатат, мугалим баланы тарбияламак турсун, мамлекет жакшы көңүл бөлбөй жатат. Мурда ата-энебиз мугалим болсо сыймыктанчубуз, азыркылар уялат, анткени эч ким сыйлабайт, айлыгы болгону 2000 сом. Анан кантип  жакшы жумуш болсун.

Leave a Reply