Раимбердиев Бакир, Ниязбеков Ооган: Өзгөрүш айылы

This post is also available in: Орусча

Раимбердиев Бакир, 90 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Илгери кыргыздар балдарын кыргыз молдолоруна берип окутушкан. Молдо болуп чыгышкан, бири-бирин сыйлашкан. Ата-энесине өйдө карап сүйлөчү эмес. Окуткан молдолоруна тапканын алып барып беришкен. Окута беришчү, бир-эки жылдай окушкан.

Ниязбеков Ооган, молдо, 77 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Илгери кыргыздар балдарын кантип тарбия берген, атайын усулдар болгон беле? Мен өзүм Жамбылда окудум, устатым Жамбылдан, казак элинин айтканын угуп калгам. Ташкенте Чаян деген медресе бар экен. Анан ошол учурда эл эки жаат болуп чатакташа беришчү экен. Акыбызды алабыз, кегибизди алабыз деп чабыша берген дейт. Анан Казакстанда он үч старчын бар экен, азыркы биздин айыл өкмөттөй экен. Чатакташуу такыр түгөнбөй койгон экен, ал мындан жүз жыл мурун 1900-жылдары болгон. Ар чабышта бирден, экиден киши өлгөн экен, ал эми чабыш күнүгө болуп турчу. Бир улак жоголуп кетсе деле, бири-бирине доолашып чабыша беришчү. Чабыштан адамдын өлүгү токтобой коет, акылга такыр келе алышпай коюшат. Аягында чарчашып туруп чогулушса, бирөө айтат: “Чаян деген медреседе балдар окуп жатат. Ошол жерден сурабайсыңарбы, беш жүз баланын ичинен касиеттүүсү чыгат. Ошону алып келип чатакташып жаткан 13 старчындын ортосуна олтургузалык, ырым кылалык”, – дешет. Анан билермандар чогулуп, ат минип Чаян медресесине барып, медресенин чоңунан сурашкан экен. Өзүбүз үйлөндүрөбүз, төрт түлүк малдан өзүбүз берелик, 13 старчындын ортосуна олтургузабыз. Бизге имам да болсун, молдо да болсун, олуя да болсун бизге ушундай бала керек деп сурашат. Ошондо чоң молдо беш жүз баланын ичинен Каракожо деген баланы айтат. Ошондо Каракожо он беш жашта экен. Чоң молдонун айткан сөзүнө ишенип, Каракожону медресенин ичинен чыгарбай туруп үйлөндүрүшөт. Ошол жакта атактуу олуя киши бар экен, ошонун кызына куда түшүп, убадалашып, никелеп, 13 старчындын ортосуна коюп коюшат. Үй даяр, төрт түлүк мал бар, 13 старчындын келини Каракожонун эшигине келин, балдарыбыз бала болот, койчумандарыбыз койчуман болот бүт кызматын кылабыз деп убада беришет. Отун-суу алдырбайбыз, мал кайтарттырбайбыз, 13 старчын эл бүт кызматын кылып беребиз деп убадалашып отургузушат. Ошол бала отургандан баштап жаатташып чатакташуу, бөөдө өлүм токтогон экен. Ал баланын касиети ошондой экен, барган жеринде чатак басылат экен. Ошон үчүн чоң молдо Каракожону айткан экен. Мен болсо ошол Каракожонун баласынан окудум, устатым Каракожонун баласы эле.

Ал эми кыргыздар балдарына тарбияны кантип берчү эле? Илгери атактуу адамдардын балдарынан, кыздарынан акыл-эси тунуктарынан тандап, медресеге жиберишкен. Баары чогулуп, баталарын берип, ушул баладан бир нерсе чыгат деген тилек менен медресеге жиберишкен экен. Эгер жибербесе Өзбекстандан же Тажикстандан бир келин келишим менен бир жылга балдарды окутам деп келген. Бир жыл бою айылдагы келин-кыздарды окуткандан кийин акысына мынча уй, мынча кой деп чечим кылып алып кеткен, илгери ушинтип окутушкан. Же болбосо Кытай жакта уйгурлар болгон, алар келип окутуп кетишкен.

Ал эми медреселер жок болгондо, олуялар, көзү ачык адамдар болгон. Аларды чакыртып алып, сен олуясың бул баланын же кыздын тагдырын оңдоп бер дешкен.  Ошолор баланы тиктеп туруп, тагдырында эмне бар экендигин айтышкан. Анан дагы эмне кылыш керек  экендигин сурашкан. Ошондо олуялар мындай кылып тарбияласаң мындай болот деп айтып турушкан. Илгери медресе жок кезде ушинтип тарбиялап турушкан, андай адамдарды олуя дешет.

Ал олуялар ата-энелерге эмне деп айтышкан экен? Батанын маанилүүлүгүн айтышкан, маселен эшигиңе келген кандай кайырчы болсо дагы, же кедей коңшуң сүт, айран сурап келсе сөзсүз бер. Анткени сен кызың үчүн бата аласың. Ошондой кылсаң кедейлер жабылып уул-кыздарыңа бата берет, ошондо кызың мындай болот, балаң мындай болот деп үйрөтүшкөн. Балаң, кызың эл башы болуп жакшы болуп кетиши үчүн бата керек деген. Батаны кантип алат дегенде үйрөткөн, үйүңө айран, сүт, башка оокат сурап келсе сөзсүз бер деген. Мал сурап келсе мал бер, эч качан жок дебе, ошондо гана сенин уругуң оңолот деген. Алар тубаса олуя адамдар да.

Бардык жактан төп келген балдарды тарбиялоонун сырлары бар. Маселен дүнүйө, акча, малың жан менен барабар дейт. Бир жигит ден-соолугу күчтүү, малыңан, алтыныңан таза жок дегенде өз күчүңдөн бирөөгө жакшылык кылып бата ал деген. Бата менен тубаса эненин ичинен эле бактылуу болуп төрөлөт деген. Эгерде колуңда эчтеке жок болсо жардам берип, күчүңдөн бата ал дешкен, ошондо урук дагы оңолот дешкен. Алланын айтканы эң оңой, эң кымбат дары  бата деп койгон.

Leave a Reply