Мырзакматова Нуржамал: Жонарык айылы

This post is also available in: Орусча

Мырзакматова Нуржамал, 1950-жылы туулган. Талас району, Жон-Арык айылы

Биз өзүбүз 5 эркек, 5 кыз болчубуз. Атабыз Ата-Мекендик согуштун катышуучусу болчу.Апабыз тамеки звеновою болуп иштеген. Атам башкарчы, бирок апам көп жумуш бүтүрчү, биз апабыз менен тамекиде иштедик. Эркек балдар мал-кел менен атабызга жардам берчү. Ал убакта ата-энебиздин бизге айткандары биз үчүн закон болчу. Эмне деп айтса, ошону биз бүтүрчүбүз. 10 бир тууган болсок да, кичүүбүз улуубузга баш ийип, кечке үй тирилик менен алек болчубуз.

Эми азыр башкачараак, балдарды эркин тарбиялаш керек, жаңы метод менен тарбиялаш керек деп жатышат. Мына менин неберем олтурат, мен буларга эч унчукпайм, оюндагысы менен болом да. Ошол оюндагыны аткармайынча булар дагы ошону жаса дей берет, аткарбасаң ыйлайт.

Азыр жанагы илгерки коллективдештирүү деген жок. Азыр адамдар өздөрүнүн билген тарбиясын берип жатат, кээ бирөөлөр жакшы эле тарбиялап жатат. Эми балдарды идеалдуу тарбиялоо үчүн атайын усулдарды чыгарса деле болмок. Мурунку тарбияларды колдонуп, балдарга көбүрөөк көңүл  бурса жакшы болмок. Же болбосо айыл жергесине кадыр-барктуу карыларды чогултуп, аларды окуучулар менен бирдикте ачык сабактарга катыштырып, нарк-насил сөздөрүн айттырып, көбүрөөк жакындаттырышса болмок. Эми бизде азыр мектептерде деле бар, бирок өтө жеткиликтүү деңгээлде болбой жатат десек болот го дейм. Мисалы: тарбиянын башаты-мектеп десек болот. Кээ бир ата-энелер мектепке балдарын өздөрү жөнөтүшпөйт, күнүмдүк тириликке кызыгып, терс жакка буруп жатышпайбы. Анан теледен ар кандай жаман кинолорду бербей, “Керемет көч” сыяктуу берүүлөрдү көбүрөөк берсе балдар жакшы болуп чоңоеор эле. Анан бардык нерселер кыргыз тилинде болсо, кыргыздын кыргыз экенин ММК аркылуу эле элге жарыялап, анан жаштарга керектүү көбүрөөк жакшы нерселерди чыгарса болот да. Мисалы биздин айылда бала бакча жок, кичинекейинен эле аларга жакшы нерселерди үйрөтсө, кандай жакшы нерсе болот эле.

Эми бүгүнкү балдардын келечегин айтыш кыйын.

Leave a Reply