Маалыматчы Айтбүбү, “Адам баласынын айбандарга караганда биоэнергетикалык талаасы абдан күчтүү келет”

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Айтбүбү, Тогуз-Торо, Жалал-Абад аймагы

– Бала күтүүдө жана өстүрүүдө кандай элдик салттуу билимдерди колдонууга болот?

– Балага суук тийип же себепсиз эле чырныктап калган учурлар кездешет. Ошол учурда врачтарга алып барасың, биринчи кезекте, эми мен бул жерден врачтарды жаман деген жерим жок, болгону врач ооруга жараша дары берет, бирок ошол дарыдан эч бир жардам болбойт. Мисалы, кичинекей бала басып баратып жыгылып кетет же алдынан чыга калган ит-мышыктан чоочуп калат, ошондой учурда «жүрөгүн көтөртүү» ырымын колдонууга туура келет.

Адам баласынын айбандарга караганда биоэнергетикалык талаасы абдан күчтүү келет. Ошондой нерсенин башка адамдарга кээде таасир этип калганын ал адам өзү да сезбей калат, кыскасы билбейт. Ал нерсе кээде жакшы таасир калтырат же тескерисинче терс таасир калтырышы толук мүмкүн. Анан эле ошол нерсени бат кабыл алган жаш наристе «чырныктап» калат.

– Дагы кандай белгилеринен байкай алабыз?

– Баланын көңүлү ачылбай, ичи өтүп, эч нерсеге көңүлү келбей калат.

– Түрлөрү болушу мүмкүнбү?

– Жеңил түрү. Оор болгондо, эгерде күчтүү таасир калтырса бир мүчөсүн алып кетиши мүмкүн. Катуу кеселге чалдыгат.

– Бул көрүнүш кандай учурда ишке ашышы мүмкүн?

– Мисалы мен жаш наристени колума алып отурам. Сен менин жакындан тааныш адамымсың. Ушундай бет маңдай сүйлөшүп отуруп калдык. Анан эле «Ий, секетиң кетейин» деп эле агылып-кагылып колумдан ала коюп, балага назарын салып өөп-жыттап «сен минтип балаңды алып отурасың, а мен болсо балдарым алыс кетип калып, алар келе алышпайт же мен бара албайм» деп чындыгында ичи ооруп, негизи ал мага деле зыян келтирейин деген жери жок, негизи ал өзүнүн абалы менен жасайт ал нерсени. Мындайда эне жүрөгү бир нерсени туюшу мүмкүн, байкашы мүмкүн. Эгерде мен ошондой нерсени байкап калсам, мен, ал киши ары карап же бери карап жаткан учурда кийим-кечесинен бир тал жип болсо да үзүп алганга аракет кылам. Анан үйгө барганда баланы арча менен дем алдырам, суу айландырып чачам. «Терс таасир этчүлөр ушуну менен кетсин, менин колум эмес Умай эненин колу, жардам бере көр ушул периште балага» деп тиленип, ырымдайм. Чын жүрөгүңдөн тилек айтасың, балаң алдыңда кыйналып жатса. Анан тигил назары түшкөн адамдан алып калган жипти же чүпүрөктү күйгүзүп, балага түтүнүн жыттатсаң, бул эңкүчтүүкаражат болуп эсептелет. Мисалы эл ичинде бул элдик билимди жакшы карманган чоң апалар болот, баланчага алып бар, ошол киши жакшы кармайт дешет. Анан ал кишиге алып барасың.

– Ал кишиге барбай эле, элдик билимден ар бир адам өз алдынча колдонсо болбойбу?

– Жо-ок, аларга муктаждыктын себеби, алардын биоталаасы, билими күчтүү да. Мисалы сен бир маселени же теңдемени чыгара албай жатасың, аны 10-класстын окуучусу билбейт, 8-класстын окуучусу билбейт, математика мугалими болсо “Иий койчу башымды оорутпай” деп коет. Анан бирөөлөрдүн ичинде “ой муну минтип эле чыгарып койбойсуңбу” дегендери болот да, ошол сыяктуу. Эгер ошондой болуп калса, жанагыдай кишилердин колунан жакшы таасир берет дегеним. Эч айлаң жок болсо гана өзүң эптеп аракет жасашың керек болот.

– Кандай балдар бул нерсеге бат кабыл болушу мүмкүн?

– Балдарга канчалык көбүрөөк өтсө, бала ошончолук кыйналат. Негизи баланын баары бирдей.

– Баланын баары бирдей болсо, анда кандай адамдын балага назары түшүшү мүмкүн?

– Ал нерсени адам өзү аңдабай калат. Мисалы сен да билбей калышың мүмкүн, ал нерсени.

– Мындай деп да айтылып келет го «Өзү сары, көзү көк» адамдын сугу балдарга катуу өтөт деп?

– Болсо болот. Негизи бул өзү руханий илим да. Ммсалы, баланча сом келди, баланча сом мындай иштерге жумшалып жатат дегендей, бул нерсе каржылык эсеп эмес да. Бул нерсени эмне үчүн деп сурай албайбыз. Мен ал тургай сенден ошондой нерсени көрсөм дагы, эмне үчүн экендигин сурагандан тартынам. Укугум жок, болбойт.

– Баланын «кыркын чыгаруу» , же болбосо «чач алуу» ырымы боюнча эмне айта аласыз?

– Ал нерсе абдан жакшы, мен туура көрөм. Ал нерселер салттуу болуп кылымдан-кылымга келе жаткандан кийин, демек, анын пайдасы бар. Мисалы түйүлдүк пайда болуп аялдын боюна бүттү. Бул өзүнчө бир керемет. Үч сөздөн турган бир китеп бар, атын унутуп жатам «Аалам, периште…» деген. Ал китепти жазгандардын төртөө тең илимдин кандидаттары. Бирөө физик, бирөө математик, бирөө экономист. Анан ал түйүлдүк болгондон баштап жарык дүйнөгө чыкты, төрөлдү. Төрөлгөндөн кийин 40 күн өткөнчө бала деген өтө назик жана өтө алсыз болот. 40 өткөнчө баланы эч кимге көрсөтпөйт, дегинкиси тартип билген үй-бүлө. Баланын энесин 40 күн жакшы багуу керек, анткени боор, жүрөктүн баары кысылат төрөп жатканда, анан кан кеткен процесс да калыбына келгенче, ички органдар бир калыпка келгенче 40 күн жакшы кароодо жана жакшы багууда болушу керек, эне менен бала экөө тең. 40 күндөн кийин бала да, эне да тыңып калат. Илгери, баланын насиби көп жерден болсун деп аксакалдардан, тааныган жана тааныбагандар кишилерден балага «кырк көйнөк» бергиле деп балага көйнөк чогултат. Анан аларды алып келип туруп тигисинен бир жерин алып мунусунан бир жерин кесип алып андан өзүнчө бир көйнөк тигип чыгарат. Анан «кырк кашык суу» менен чачын алдырат, чачты негизи тайне, тайлары жагынан алдырат. Бул жерде «Тайке деген пир болот» деген сөздүн күчү да бар.

– «Кош бойлуу кезинде чач кыркканга болбойт» деген көз карашка кандай карайсыз?

– Эми ошол учурунда уккан нерсеңди жасап койсоң болот. Эгерде угуп калсаң оюңа алып каласың да, анан иий деп ошол нерсени карманып койсоң болот. А негизи биз көп нерсени билип-билбей жасай беребиз. Билбестик билбестик боюнча калат. А дегинкиси боюнда бар кезде эмес аял киши, кыз киши «аркан, жипти аттап өтпөйт» үстүнөн тепсеп, басып өтүү керек деп коет.

– Элдик салттуу билимди биз көбүнчө кандай булактардан алсак болот?

– Элдик оозеки чыгармалардан. Эр Төштүк, Жаныш-Байыш, Олжобай менен Кишимжан өңдүү элдик эпостордон алсаңар болот. Чыгармаларды кайталап окуган эң жакшы себеби, бриллиантка жарык тийгенде түрдүү болуп жаркырап турат го, ошол сымал кайталап окуган сайын көп нерсе эсте калат. Биринчи окуганыңда байкалбаган нерсе кийинки окуганыңда байкалышы мүмкүн. Мисалы Жаныш-Байышты Эстебес Турсуналиевдин айтуусунда уксаң, Байыш Желкайып деген сулууну алып келе жатып улам бир кыйынчылыктарга туш келип, минген аты аябай арыктап, үйүнө жакын бир жерде 3 күн уктап эс алышат. Анан атты эртең эле алып кетейин деген ой менен атын талаага калтырып кетишет. Үйүнө барып той берип жыргап жатып калышат, ошону менен аты унутта калат. Бир күнү эле Желкайып айтат: «Мени уктаганда бир нерсе дайыма эле тепселеп жатат, ушул сенин жакындарыңдан бирөө кыйналып жатса керек» деп. Анан ошондо барып эстейт, атынын талаада аса байланып калганын, көрдүңбү бул жерде сезим деген кандай роль ойноп жатканын. Анан атына келсе, ал арыктап, териси менен сөөгү эле калган болот. Адамда ошондой касиеттер болот.

– Сыр канчалык купуя болсо анын касиети ошончолук болот дейт, буга кандай ойдосуз?

– Купуя сакталышы керек, бирок ошондо дагы түшүнө билиш керек. Канчалык түшүнө билсең, ошончолук жакшы. Негизи баланы билип-билбей 2 жол менен тарбиялайбыз. Бала 5 жашка чыкканга чейин, ал сенин ханың, падышаң. 5 жаштан 13-14 жашка чыкканча, сенин кулуң же күңүң. Бойго жеткен курак бул сени менен тең ата курак деп коет. Бул куракта сен балаңа баладай мамиле жасабай, тең ата мамиле жасаган жакшы натыйжа берет.

– Азыркы учурда салттуу билимди колдонгондор эл ичинде басымдуу деп ойлойсузбу?

– Азыркы учурда илгеркисинен азыраак го, анткени силердин ата-энеңер жаш да, ким билет алар тайэне-тайата, чоң эне-чоң аталардын колунда өсүп тарбия алганбы же жокпу, же жок, андай салтты кармабаган чөйрөдө өсүп чоңойгон болсо, анда арабөк.

– Салттуу билимди көбүнчө чыгармалардан алган түзүкпү же карыя адамдардын өз оозунан уккан түзүкпү?

– Чыгармаларды көп окусаң Сенин купуя сезимиң өсөт. Сен элестетип купуя жакшы кабыл аласың, сөз менен жеткиргенге караганда ал нерсе жакшы да. Китеп окубайсыңар, мунун аркасында руханий дүйнөңөр арууланбайт.

Leave a Reply