Иманкулов Турум: Көк-Кашат айылы

This post is also available in: Орусча

Иманкулов Турум, Талас району. Көк-Кашат айылы

Кыргызда бир кишинин алты, жети баласы болсо, ошолордун баарына аял алып берип, алардын баарына боз үй тигип берип, бөлүп, жерлерин бөлүп, анан өздөрүнүн колуна эң кенже баласын алып калышкан. Азыр андай болбой калды. Заман өзгөрүлдү, эл өзгөрүлдү, жаш балдарга айтсаң түшүнбөйт, кайдагы жомокту айтып жатат деп коёт. Анан жаман көрүнүп айткың деле келбейт.

Балдарды тарбиялоо мурун оңой болчу, бир аз тил албаса сабап деле койчу, азыркы балдарды сабап көрчү, шыр эле муунуп өлүп калат. Же атылып өлөт, ушулардын баары жанагы чет элдиктердин киносунанбы дейм. Дегеле сөз көтөрө албайт, териси жука, ачуулуу. Эмне үчүн мындай? Ата-энеси арак ичет, нашаа чегет анан начар балдар туулуп жатат да.

Мурда элдин баары сабатсыз болчу, элдер караңгы, кичине балдар ата-энесин гана көргөн. Ата-энеси эмне десе, ошону аткарышкан. Азыркы балдардын кругозору кыйын, телевизорду көрүшөт, өз билгенин жасашат. Болгону эле жакшы окутуш керек.

Leave a Reply