Жеңиш, 70 жашта. Талас району, Көк-Ой айылы

Мурда кыз балага атанын тили тийчү эмес. «Атаныкы – ок, эненики – бок», – деп коет кыргызда. Жалпы үйдү багуу жоопкерчилиги атада болгону менен үй ичин жайгаштыруу, келген-кеткенди тейлөө, кыз баланы тарбиялоо эненин милдети болгон, а атасы эркек балага үйрөткөн, үйгө мейман келсе коноктун атын алыш чөпкө коюу мал союп коноктоо балдардын милдети болгон. Келин жок болсо, кыздар камыр жасап,  кымыз куйган. Ошону көргөндө кыймылын, кылган ишин баалап, кыздын колун сураган да. «Кызды сураганга бер, кымызды суусаганга бер» деп ошондон калган сөз. Кээде бойго жеткен кыздарды эл алдына чыгарчу эмес, анда ат менен кыдырып кыз издегендер кыдырып, кымыз ичип, энесин байкап, кызы барбы-жокпу сураштырган. «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал» деген сонун сөз да ошондон калган. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» дегендей, кыз бар үй өзү эле көрүнүп турган күзгүдөй болуп. Эртең менен эрте туруп тегерегин тазалап койгон.

Азыр такыр башка, окуйсуңар, үйдөн чыкпай олтурмай жок. Жиликтемек түгүл мал сойгонду билбеген балдар көп. Илгери он экиге чыга электе эле үйрөткөн, биз жокто конок келсе мыногу койду сой деп. Азыркыларга катуу тийбесин, аталары деле мал сойгонду билбейт. Шаарда өстүк дейби, бирок ар кимдин эле айылда тууганы бар да, үйрөнсө болот. Өздөрү кызыкпайт да, базардан барып эле даяр этти көтөрүп келет.

Биз конок келгенде атын алып откозуп, белин бошотуп, мал союп, самоор кайнатып, колдоруна суу куюп, жакшы кептерин угуп, кетээрде атказып, анан уктачубуз, ага чейин уктабай олтурчубуз.

Мал  сойгонду гана эмес, туура устукандаганды да билүү керек. Жилик кандай чыгат, кандай тартылат, баарын үйрөткүн. Биринчи ак сакалдыгына карап, экинчи меймандын даражасына карап тарткан. Мисалы, кудага уча тарткан, кудагыйга куймулчак, жамбаш, баш кашка жилик, чүкөлүү жилик, анан кол жиликтер кете берген. «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпа» деп бекер айткан эмес да. Кыргыздар төштү кыздарга гана берет, төш конокко тартылбайт, сыйлабаган болуп калат, кызга теңеди мени дейт. Башты күйөө балага тартпайт, кызыбызды да алды, баш да тартууга болбойт деп, андан башка  улуу жиликтер тартыла берет.

Уча деген жылкыда гана болот. Жакшынакай кылып чыгарылат. Эчкиде чычаң, койдо куймулчак дегендей эле жери. Уча биринчиден кудага, эгер эле кудасы жок болсо, анда жээндерге тартылган. Жээндерди да кыргыз абдан сыйлаган.

Учаны алып келгенде сөзсүз ырымы болгон, тарткан адамга, балдарга да акча берген. Ал эми ошол жерде канча табак болсо, ошолорго кесип салып берип ооз тийгизген. Баарын ооз тийгизбей салып алсаң болбойт  Калганын кимге тартылса ошол үйүнө алып кеткен, аны ал жерге таштап кетүүгө, бирөөгө устукан кылып берүүгө болбойт.

Уча – кадимки эле жылкынын эки жамбашынын майлуу, эң сыйлуу жери, кадимкидей эле эт бышыргандай бышырат, болгону өзүнчө казанга асып, эзбей кайнатып, таза бышыруу керек. 3 саатта кенен, сонун болуп бышат

Казы-карта деген жылкынын ич эти, майы болот. Уйда сары жүрмө деген болот. Илгери сары жүрмөнү да сый конокторго чучук катары тарткан. Азыр деле бар, бирок илгеркидей кылып өрүктөй топтомолок кылып байланса жакшы болмок. Ошол кездин сары жүрмөсүн айт.

Илгери сууга гана кайнатып эт тарткан, азыркыдай лагман, куурулмаларыңарды билип коюптурбузбу.

Салымбаева  Муйтун, 85 жашта. Бакай-Ата району

Мурун кыргыздарда баланы тарбиялоодо эне негизги ролдо болгон. Бала жакшы чоңоюу үчүн кичинесинен жакшы көңүл буруу керек болгон. Бешикке салып колу- бутун түздөп  жаткырчубуз. Таза, жылуу, сергек да болот. Бир-эки жашка чейин жалаң эмчек менен бакчубуз. Түз өсүшү үчүн дене-башын чойгулап, далысын ачып турчубуз.

Илгери итий деген болчу эмес эле, анткени иттин башына баланын көйнөгүн кийгизип ырымдап койчубуз. Мен өзүм он төрттү төрөдүм, кыздар, балдарым он айында эле басып кеткен.

Согуштан кийинки мезгил нанга жетпеген маал. Мугалимдерге талон менен ун берчү, Кичине-кичине токоч кылып, белдерине байлап берчүмүн.

Түйшүктүн баары энеде, атасы астынан чуркап чыкканда өпкөнү эле болбосо, акча таап гана келчү, калганын мен бөлүштүрчүмүн.

Кыздарыма көбүнчө ээн баш болбо, жакшы жүр, жакшы тур, балдар менен ойнобо, баягынын кызы дедирбе дечүмүн. Кыздар-балдардын баарын окуттук. 6 эркек балам бар, баары армияга барып келди. «Мекенди коргогула, эл-жерди сүйгүлө» деп үйрөттүк

Балдарды көбүнчө эмгек менен тарбияладык. Апам айтчу эле, өзүң тынбай жумуш кыла берсең, бала айтпасаң де сени туурап өзү кыла берет, эгер жатып уктасаң аны да үйрөнөт деп, ошол туура эле. Кээде жадап кетишпесин деп ойнотуп алдап, жумуш бүткөндо токоч алып берип турчумун. Тамеки тизчү да, балдарды бири-бири менен жарыштырчумун, тамакты ошентип жегизчүмүң. Кышкысын кыздарыма сайма сайып, шырдак жөрмөгөндү үйрөтчүмүн, тамакты түрлөп даамдуу, таза кылып жасагыла дечүмүн. Антпесе кайнене кууп жиберет десем күлүп калышчу. Кайнатаң сүрдүү, кайнене сүрдүү болуп калса, ага кайрымдуу бол. Бир да сөз сүйлөбөсөң, ага батымдуу болосуң. Барган жерден багың ачылып, бала-бакыралуу болгон жакшы, азыр биздин сөздү уксаң кийин балдарың да тил алчаак болот дечүмүн. Исламда да бар «Кайсы ата-эне балдарына жакшы тарбия берсе, кыздары турмушка чыгып, баары тынып ордун таап кетсе, анда ал ата-эне бейишке чыгат», – деп  Баарыбыз эле татыктуу тарбия берип, бейишке чыккыбыз келет да.

Мурунку балдар менен азыркы балдардын айырмасы бар. Анда ата-энесине карап кайрымдуу болчу, азыр үйлөнгөндөн кийин эле карабай, карылар үйүнө өткөрүп кое. Бир жолу автобузда кетип бара жатсам, бир аял кетип бара жатат, жаш эле экен, карылар үйүнө бара жатам дейт. Абышкаң жокпу десем кайтыш болуп кеткен, эки балам бар эле, бири Россияда, экинчисинин аялы  – мугалим,  чатак чыгып карылар үйүнө жөнөттү, батырбай койду. Төркүнүм да  жок дейт.

Эмне себептен азыркылардын кайрымы аз болуп жатат? Баарын телевизордон көрүп жатпайбы, биз үйрөткөндү укпайт, азыр мушташ кинолорду көрөт, бокска катышат, эртеси келип анан эне-атасын тээп жатат Чөйрө деге бузат. «Бар да үйүңдөгүнү уурдап кел», –  десе барып, айла жок алып келет. Мурун ууру деген жок болчу да, азыр ууру деген көбөйдү, бирөөнүн мээнетин алып кетет, даярга тап болуп калат, андай болбойт да, неберелерге какшап эле айтып жатабызЖакшы болуш үчүн кичинесинен тарбияны баштоо керек. «Баланы башынан, келинди жашынан» дегендей, жаман кино көрсөтпөй, ата-бабалардын салтын айтып, жанагы  DVD көргөнчө, акыл-наасаат угуп, китеп окуганы жакшы го.

Бир кызым Барнаулда окуган да ал жакта ошол убактта эле жаман кыздар бар экен да,  4-5  кыз жатаканасына келип, жасаган тамагын ичип, кийимдерин алып кетчү экен да. Бир жолу бир карын май куюп бергем кышта жейсиң деп, кийин айтат бир да ооз тийгизбей ошол бойдон көтөрүп кетишкен деп. Бир  муштап мурунга койот экен, эч кими жардам бербейт экен, жанындагылар сүйлөсө эле сабап салат экен. Ошентип жүрүп 3 жылдан кийин бир кудачабызга жолугуптур, ал жакшы мушташчу экен ошого айтып жаны калыптыр да, кийин угуп таң калдым. « Апа, мени да кошул деди, болгон жокмун», – дейт. Мындайларды алыстан укчу элек, эми минтип тигил Таласта деле кыздар мушташат экен тамеки тартып, эне боло турган адамга ушу жарашабы. Көрүп калсам жаман көрсө деле айта берем, «кызга кырк үйдөн тыюу» деп, бир сөзүм болбосо бири кулагында калааар деп.

Leave a Reply