Бердибекова Торкожан, 1946-жылкы. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы

This post is also available in: Орусча

Илгери кыргыздар жоопкерчиликти бүт эле эркектерге жүктөгөн. Азыркы менен салыштырууга болбойт. Анда эки аял, үч аял алышып, каалагандай болушкан. Азыр тең укуктуу болуп калышты.

Кыргыздарда балдарды тарбиялоо боюнча атайын усулдар жок болчу, бирок ар бир үй-бүлөнүн өздөрүнүн усулдары болгон. Мен 10 балалуу болдум, эми кудайга шүгүр. Жакшы эле тарбиялуу балдар болушту.

Баланы аша эркелетпеш керек, бизди апалар макалдар менен тарбиялашкан. Мен чоң энелердин колунда чоңойдум, ошолордун тарбиясын көрдүм. Мага Эр Табылды, Жаңыл Мырзаларды мурда эле айтып берген. Мына ошолордон тарбия алдык. Анан “Күч бирдикте” деген жомокту дайыма айтып беришчү.

Эми азыркы балдар өтө акылдуу, булар көп нерсени билишет. Мугалимден жакшы билген балдар бар. Андан көрө өздөрүнө акыл берсин.

Leave a Reply