Бегалиев Муктар. 90 жашта. Талас району, Жонарык айылы

This post is also available in: Орусча

Кыргыздар балдарга кандайча тарбия беришкен? Ал кезде, эмгектин, тиричиликтин жолу бир башка. Мектеп деген жок, ар кайсы жерде билимдүү киши болсо, ошого балдарын чогултуп беришкен. Бул баламдын эти сеники, сөөгү меники деп тапшырышкан. Кезек, кезек барып, а кишинин отун-суусуна жардам берип турушкан. Боз үйүн тигип беришкен, төшөнчүсүн беришкен. Кимдин баласы канча, ошого жараша союшун алып барып берип турушкан. Ошентип бардарын окутуп турушкан. Менин атам дагы ошондой мектептерде окуп калган. Айылыбызда Курманаалы деген молдо киши сабак берген экен. Андай мектепте тартип катуу болгон. Эгер эрежени бузса баласына муз карматып, көтөртүп койгон. Анан мектепте доска, бор деген жок болгон. Ал кезде тоодо бор чыккан жер болгон. Мен өзүм көрүп калдым, челектин оозундай кылып керки менен оюп, бор алышкан. Керки деген чот сыяктуу, ошону менен чаап алып келишкен.  Кесек кылып алышкан дагы, жазышкан. Досканы болсо калкандан жасашкан. Сыя, ручка жок болгондуктан, балдарды кургак эле окутушкан. Дубаларды, саламдарды үйрөтүшкөн. Эртең менен турганда бала атасына салам беиши керек, бир жакка барып, кайра келсе дагы ата-энесине салам бериши керек деп үйрөтүшкөн. Улуу бир туугандарын аке дешкен, атасын ата дешкен. Чоң аталарынын колунда жүрсө, чоң атасын ата деп, өз атасын аке деп калышкан. Биз дагы ошондой болуп калганбыз, тарбияны ошентип беришкен.

Менин атамдар окуган кезде, аларды Курманаалы деген молдо окуткан экен. Эл өзү ага боз үй тигип берген, алдына бакал, өлөң чөп салып берген, анын үстүнө кийиз салып берген. Кийиздин үстүнө төшөнчүсүн салып беришкен. Оокат-ашын, союшун берип турушкан. Балдар мындай молдолордо канча жыл окушканын так айта албайм. Жылы окуган китебине жараша болсо керек. Араб тамгасын таанытып, жаздырып, көрсөтүшкөн. Кай бирлердин кыздары дагы окушкан.

Илгери кыргыздар алгач кудалашып, убадалашып, анан кыздарын күйөөгө узаткан. Женелери болсо кошок кошуп, анан жөнөтүшкөн. Ошондо жакшы сөздөр айтылган, агайын-тууганды, жеңе-желпини, улуу-кичүүнү сыйлай жүр деп айтышкан. А кезде азыркыдай болуп төркүндөрүнө бир аз күн өткөндөн кийин эле келе калышкан эмес. Бир-эки жыл өткөрүп, күйөө бала уялып, кыз дагы кайын журтунан уялып, ушинтип сый кылып жүрүшкөн. Ал учурда кыздарды дагы сыйлашкан. Кыз күйөөгө кетип, төркүнүнө конокко келгенде өзүнөн отуз-кырк жаш улуу адамдар сыйлап, кыздын жолу улук деп кызды төргө чыгарып, сый-сыпат көрсөтүшкөн. Улгайган кемпир болсо дагы ал өйдө өтпөй, жол кыздыкы деп төрдүн барктуу, биринчи орунун кызга берип көндүрүшкөн. Кыз айылына келип калса, агайын-туугандары чакырып, кийит кийгизишкен. Жакын коңшулаш адамдар ат мингизишкен. Баланчанын кызы келиптир деп малын союп, дасторконун жазып, кызга жумшак мамиле кылышкан. Кызды ыйлатпагыла, кызды ыйлаткан киши жарыбайт. Кыз төркүнүнө келгенде ыйлатпай, каалаганын берип жөнөткүлө  деп карыялары төмөнкүлөргө үгүт жасап турушкан.  Ошондуктан кыздар келсе, аларга энчилеп көк бөрүгө тартып жүргөн күлүк аттарын берген. Кызга тийбе, кызга жаман көз айтпагыла деген сөз илгертен калган.  Кызды кейитип жөнөткөн эл жарыбайт, алардын түбү жакшы болбойт дешкен.

Кызга кандай мамиле жасалса, күйөө балага деле ошондой мамиле жасалган. Эми кай бир жерлерде туура эмес мамилелер болуп кеткен. Ал элдин ич-ара тартиби, улуулардын берген тарбиясы начар болсо, начар жагына ооп кеткен. А чынында күйөөнү пайгамбар сыйлаптыр деген сөз бар да. Пайгамбар деген элдин арасындагы улукман адамдар да, алар күйөө баланы сыйлагыла, тийбегиле деп сый көрсөтүшкөн.

Өз балдарына болсо: Жаман айтпа, богооз болбо. Акени аке, атаны ата, мейманды мейман деп айт”, – дешкен. Мисалы мен үйдөн тышкары мектепте жүрсөм, үйгө келгенде короодо кишилер жүрсө, мен үйгө кирип кетпестен алар менен саламдашып, анан кайра киришим керек болчу. Мен атамдан ошондой тарбия көрдүм.

Кыргыздын сый-сыпаты өзүнчө, ошонун идеологиясында тарбиялашкан. Улууларды сыйлап, кичүүлөрдү ызаатта деп айтышкан. Башка айылда эмне болуп жатса, бири-бирине айтышып, жакшы жактарын алып турушкан. Солто эли өзбек, казак эли менен  байланышып, жакшы салттарын пайдаланышып, силер дагы ушундай кылгыла деп көндүрүшкөн.

Leave a Reply