Бегалиев Жуматай, Тынышева Шааркан: Жонарык айылы

This post is also available in: Орусча

Бегалиев Жуматай, 83  жашта. Талас району, Жон-Арык айылы.

Илгери кыргыздар балдарды абдан сонун тарбиялашкан, маселен эркек уул төрөлсө коңшуларынын баарын чакырып той кылып, ат чаптырган. Эркектерге тамак бергенден кийин баланчанын келини эркек төрөдү, атын ким коебуз деп акылдашышкан. Жалпы жамаат менен кеңешип, акылдашкан. Азыр болсо эгер той боло турган болсо 2 күн калаарда кагаз келет, тойго чакырабыз деген. Илгери болсо бир койду союп, туугандарын чакырып, анан кеңешкен. Силерди чакырганымдын себеби, той берейин деп жатам. Келин алуу же бала той дейт. Тойдо ат чаптырам, байгеси мынча болот. Кыргыз күрөш, эңиш болот, алардын байгелери мындай болот, силердин алымча-кошумчаңар барбы деп сураган. Отургандар өздөрүнүн кошумчаларын айтышкан, же каатчылык болуп, заман кыйын болуп турганда сен ушул тойду токтото турсаңчы, эмки жылы кылсаңчы деп акылдашып анан жыйынтык чыгарышкан. Ал эми азыр болсо той болот келе калгыла дегенде, эл, туугандар айла жок уятынан барып жатышат. Анда телефон жок, ат чаптырышкан. Баланча айылга бул барат деп айылдан жигиттер ат чаап кетишкен. Ашты дагы ошентип кеңешишкен. Маселен, менин чоң атам Назаркулов Мажы деген бай болуп, кулакка тартылган. Картайганда малынын баарын Жамбылга айдап кетиптир. Үйүнө күнүгө милиция келет экен, давай түрмөгө деп. Айыл эли чогулушуп, картайганда ушул чалды түрмөгө отургузабызбы, кана ордуна кимиң барасыңар деп сурашат. Биринчи аялынын үчүнчү баласы Кубат деген эч кимиң барбайсың мен барам деп чыккан, ошол баласы Сибирде өлдү. Кубаттан калган бир кыз, бир баласы мыкты чыкты.

Конок келгенде кыргыздар жакшы боз үйдү тиктирип, ошол жерге конок күтөбүз дешкен. Айылдагы жаш балдарды болсо конокко тоскоол же жолтоо болбосун деп айылдагы туугандарыныкына жиберип салышкан. коноктун сөзү сот, прокурордо дагы бийик болгон. Тамак тартканда дагы мыкты тартчу, суу куйдурганда да сөзсүз эстүү балдар колго суу куюшкан. Жада калса күлчө туураганда бычак жок кабырга менен күлчө туурачубуз. Ал убакта тоонун баары эле арча болгон, кийинчерээк арчадан бычак жонуп, арча менен күлчө туурап жүрдүк. Эт болсо атайын курч бычактар болчу, ошол менен тууралган. Этти тим эле үбөлөнүп тургандай кылып туурашкан, күлчөсү дагы жакшы тууралган. Эгер күлчө бөлтөк-салтак тууралып, эт дагы жакшы тууралбай калса кимдин баласы болосуң, барып атаңа наалат айт деп коюшкан. Эгер айылда балдар менен балдар урушуп кетсе, атасы келип камчы менен чапкан. Баланын үнү кудайга угулчу, ошон үчүн бейбаштык кылышкан эмес. Эгерде бир киши уурулук кылса, элден мурда аксакалдар чогулуп алып сурашкан, эмнеге уруулук кылдың, эмне жетишпей жатты эле, сурап алсаң болбойт беле деп. Анан жазасы аябай күчтүү болгон, эки жигит уурулук кылган адамдын эки колун кармап, камчы менен сабашкан. Тиги адамдын үнү кудайга угулуп, экинчи уурулук кылбайм деп убадасын берген.

Ал адамды ким суракка алган? Айылда айыл башчылары болгон, айыл башчылары атактуу адамдардан болгон. Мыкты сөзмөр, калыс адамды айыл башчылыкка койгон. Мени чоң атам дайыма эрчитип жүрөөр эле. Айыл аксакалдары бир боз үйгө чогулуп дайыма кымыз ичип кетишээр эле. Анда боз үйлөр ар түрдүү да, бири чоң, бири кичине болоор эле. Канча аксакал болсо дагы бир боз үйгө батып, кымыз ичип кетишээр эле, баары чөк түшүп отурушчу. Малдаш урунуу бул бий, болуштардыкы экен. Бай-манаптар ошентип отурушат экен, алардын казысы жерге тийип турат да, ошон үчүн малдаш урунуп отурган. А калган аксакалдар жүзгө чыккан аксакалдар дагы чөк түшүп отурушкан.

Бакиев курултай кылам дегенде карыялар айтып чыгышпадыбы, илгери курултай деген болгон эмес. Кийин гана Кокон хандыгы учурунда чыр-чатак чыгып, ушул Таластын өзүндө болгон экен. Архивди карашып, табышкан экен. Башка эч бир жерде болбоптур. Ошондогу курултайда сөзгө чечен, билерман, сөзмөр, санжырачы адамдарды чакырышкан экен. Ал эми айылда бир маселе болсо айыл аксакалдары чогулуп чечип коюшкан.

Балдарды тарбиялоодо аялдардын өз жоопкерчилиги болгон. Илгерки аялдардын күнү курусун. Илгери уйду саачу эмес, төрт түлүк малдын эң жаманы уй дешкен. Аксакалдар буга минтип жооп беришкен, уй баласы өзү оттогон жерге сийип-чычат, ал жерге андан кийин өзү дагы оттобойт, башка мал дагы оттобойт, ушунусу менен жаман. Анда эмне үчүн багып жатасыңар десе, унаа үчүн деп жооп беришкен. Өгүзгө жүк артышкан, уйдун мурдун тешип аялдар көчкөндө жүк артып минип алышкан. Жылкы, уй, төө булар табылгыс мал дешчү. Илгери төө аз болгон, менин атам бай болгону жети төөсү бар экен. Алар буура экен, эркеги анча-мынча адам барса баса калчу дейт.

Анан кыргыздар көчкөндө бир базар камынышат, акылдуу аялдар көчө турган жерине жаш балдарды эрте жиберип коюшкан. Ал балдар көч келгенче тезек жыйнап коюшкан. Бойго жеткен кыздарга жакшы ат, жакшы жабдык берип, жылкыларды ошолорго айдатышкан. Кетээринде отурукташкан жерин тазалап, күл-сүлүн аңга таштап тазалап кетишкен. Анткени кийин кайра ошол жерге келет, же башка бирөө келет эле да. Илгери жамгыр жааса, бир жума тынбай жаан жааган. Анан отурган жери көк-мөк болуп таптаза болуп калган.

Балдарды идеалдуу кылып тарбиялоодо балдардын дээринен болот, анан аял жакшы эр жакшы деп жатпайбы, тарбиялап жаткан ата-энесинен да болот. Балдар шыктуу болуш керек, кайсы нерсеге шыктуу болсо, ошого үйрөтүшкөн. Илгери ногойлор болгон, көбүнчө балдарды ногойлор дагы тарбиялашкан.

Тынышева Шааркан, 80 жашта, Талас району, Жонарык айылы.

Илгери кыргыздарда балага тарбия катуу болгон, мейман келгенде өзүнчө бир бөлмөдө отурчубуз. Балдар бейбаш кылып коет деп мейман отурган үйгө киргизчү эмес. Анан киши каза болуп, жайга алып кетип баратканда жаш балдар үйдөн такыр чыгышчу эмес. Өлүктү алып чыгып баратканда жаш балдар чыкканга уруксат жок. Ал эми азыркы балдар өздөрү кошо жарышып чыгып көрүп жатышат. Ушул эле.

Leave a Reply