Бегалиева Сайраш: Жон-Арык айылы

This post is also available in: Орусча

Бегалиева Сайраш, 1925-жылкы. Талас району,  Жон-Арык айылы.

Үй-бүлөдөгү тарбияга келсек, аял киши бала багуу, анан үй ичин эле билчү, эркектер бардык нерсени өздөрү жасашчу. Азыр башкача эле болуп калды, деги мээң жетпейт. Биз кордукту тарттык.

Балдарды тарбиялоо боюнча атайын усулдар болгон эмес. Аксакалдар, ата-энелер эле тарбиялап койчу. Азыр антпейт. Же балдар окумуштуу болуп кетишти, айтор, бизден мыкты билишет. Биз байкуштун көргөн күнүбүз курусун, силердин жашоо баары бейиш. Анан уй саап, тезек терип, тылда иштедик. Менин чоң атам болуш, бий болгон экен. Анан ага көз тийип өлүп калган экен. Көрсө ага ырым жасабай койгон экен да. Анан менин тегим ошондой бийдин тукуму болуп жатса, биз ыймандуу болбосок болбойт да.

Көз тийгенде ошол адамдын бир нерсесинен көргөзбөй кесип алып, анан жытын жыттатса, ошол адам сакайып калган. Кээ бирлер мейман кеткенден кийин, эшиктин туткаларынын баарын суу менен чайкап келип, анан сыркоолоп калган балага ичирип койгон. Эм ар кандай ырымдарды жасашып турган да.

Кыргыздын келиндери азыркыдан такыр башкача, аябай ыймандуу болгон. Эркектерге өйдө карап сүйлөгөн эмес, кайнене менен кайната алар үчүн бир кудай болгон. Эми ар убак өзү менен да. Менин да келиндерим бар, айтсаң азыр бат эле таарынып калат. Эртең менен эрте туруп, даарат суусун дайындап койчубуз. Эми башкача, бир аз эле болсо, кызың деле, келиниң деле таарынып калат.

Leave a Reply