Аманбүбү Төрөгелдиева: Нарын аймагы

This post is also available in: Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

 

Аманбүбү Төрөгелдиева, кесиби мугалим, 1954-жылы Нарын аймагында туулган. Пенсионер.

 

Кыргыздарда балдарды тарбиялоо боюнча усулдар болгонбу?

 

Балдарды тарбиялоо боюнча усулдар болгонбу дейт, дегеле жазылган усул болгон эмес, бирок, эркек баланы дайыма атасы ээрчитип жүргөн. Дасторкондун четинде чоң кишилер менен отуруп, сөз угуп, тарбия, өнөрпоздукту да көргөн. Өнөрпоздук болгондо жеке эле ыр маданияты же күү маданияты эмес, Манасыбыз болгон биз аябай тиренген, ит агытып куш салмай, эр эңиш, кыз куумай, балбан күрөш, жаа тартмай болгон. Ушунун баарын кичине бала өз көзү менен көрүп, калыптанып келген. Кыргыздардын бала тарбиялашы ушундай укмуш болгон экен.

 

Менин кесибим мугалим. Мындай кыл, андай кыл деп айтпай эле, көргөзүп, баланын акылы жетпеген жерин түшүндүрүп берип, тарбиялап келген. Бүгүнкү күндөгү кыргыздын мен кыйын деген жазуучу акындары, мейли илимде болсун. Угуп отурсаң айтат: «Оо мен кичинекейимде атам Манасты баланча жолу окутчу эле, Манасты жыйып койгон бул жерге, ошону окучу элек, баланча айтып берчи эле. Манасты укканда, иий элдер ыйлап отуруп укчу эле» дейт. Көрсө бул Манас кыргыздын эң чоң педагогикасы экен да. Манастын ичинде ата-энени, бир тууганды сыйлоо да бар, эл-жерди коргоо да бар, медицина да бар, эненин, атанын, жер-суунун баркы да бар, бүт баары ушунун ичине камтылган. Ит агытып куш салган эмне гана шумдуктар жок мунун ичинде. Мына ушуну угуп чоңойгон адамдардын баары белгилүү адамдар. Манас менен чоңойгон адамдар экен. Биз биринчи класска киргенде арипти таандыңбы дешчү. Окуп көрчү деп Манас китепти колубузга карматып коюшчу. Мен үч бет окучумун, андан кийинкиси үч бет, чоңдору болсо он беттен окушчу. Ошентип күндө баягы нерсе кулагыбызга кумдай болуп куюлуп кире берип, кире берип көкүрөгүңдө укмуштуудай бир нерсе орнойт экен да. Педагогикада чөйрө тарбиялайт деп коюшат го. Ошол чөйрө менен укмуш тарбиялашкан. Жаман чөйрөгө эч качан аралаштырган эмес, негизи болгон дагы эмес. Элестетсем болбоптур кыргыздарда.

 

Жаман чөйрө бүгүнкү күндө мындай болуп жатпайбы. Той болот. Ата-энелер конок чыкырабыз. Столдун үстүн толтурабыз. Азыр кетип баратат кыргыздарда, мурун ушундай болчу. «Иий, баланча деген арак коюптур, төлөнчө деген шампанский бар экен, мындай коньяк бар экен» -деп отуруп алып, бирин-бири кыстап, стакан көтөрүп алып тост айтып, анан ичпей койгонун мойнунан кучактап алып: «Ушуну ичпесең мен өлдүм, сен ушу мени сыйлабайсыңбы, мен үчүн ипчип койсоң боло!» – деп, силер аны көрбөй калдыңар го, биздин убакта ушундай нерсе өткөн. Балдар мына ошону көрүп өскөн да, өскөндөн кийин айла жок анан алкоголизм башталбадыбы, тамеки тарткан башталды. Менин балалык курагымда андай нерсе болгон эмес да. Арак деген нерсе мен билгенден, 1965-жылы кирди Кыргызстанга, биздин айылга. Арак деген неме бар экен. Аны ичип алган киши мас болот экен. Дайынын билбей калат экен деп айтышчу. Нарын өрөөнүнө ушул 65-жылы барды. Ага чейин болгон эмес.

 

Тарбия көбүнчө энеге жүктөлчү мурун деле, азыр деле жүктөлөт. Эне майда-баратына чейин көңүл бөлгөн болсо, ата чоң бир кругду сызып койгон да. Мобул чектен өтпөйсүң, мобул жакка баспайсың, мобуну жасабайсың, мобу жериң туура, мобул жериңде мындай кемчилик бар экен, мобуну толуктайсың деп. Мектептерге жыйналышка барсак жалаң эле апалар барабыз. Аталар жок. Анан ойлоп коем, азыркы аталар өз милдеттерин көп аткарбай атат окшойт. Отуз баладан көп болсо эки ата барат. Энеге жүктөлгөн да негизинен.

 

Үй-бүлөнү пландаштырган мурун болгон эмес. Үй-бүлөнү пландаштыруу деген нерсе кыргыздардын оюна да кирген эмес. Кийин ушул суроону көп ойлончу болдум. Кээ бир адамдарга кыргыз улутунун санынын аз болгону абдан пайдалуу экен азыр. Азыр жаштар түшүнүп калды окшойт. Эми кудайга тобоо. Төрөлгөндөр көп болуп баштады. Же болбосо, ортоңку 95-жылдар менен 2003-жылкы аралыкта дегеле төрөбөй калышты да. Эмне дегенде айтат: «Ий коюңузчу кантип багам аны» – дейт. Айтып коет кыргыздарда, ар бир адамдын ырыскысын кудайым өзү дайындап койгон деп. Аны түшүнгөнүбүз бар, түшүнбөгөнүбүз бар. Пландоо деген таптакыр туура эмес нерсе. Менин кошуна чоң энем бар болчу. Минтип айтчы: “Аял деген өсүп турган алма дарак, анын алмасы байлаган убакка чейин байлап күбүлүп төгүп берет, анан убагы келгенде өзү эле байлабай калат. Айланайындар, ошол мөмөңөрдү төгүп бергиле”, – деп ошентип айтчы жарыктык. Көрсө ошол чындык экен да. Алма шак деле ошентет экен чындыгында. Өзгөчө кыргыздарда пландоо деген таптакыр болбогон нерсе. Пландагандан көрө эне менен ата ден-соолугун караш керек да.Бала жаратууга таптаза болуп ден-соолугун дайындап, караш керек. Пландайм деп дары ичип, пландайм деп бир нерселереди колдонгон болбойт.

 

Америкалык даректүү кино тарып коюптур. Гинеколог эркек врач аборт жасап атат. Телевизордон 98-жылдары көрдүм. Бир убакта скальпелди ыргытты да, «нет» деп эле чыгып кетип калды. Анан өзүнүн интервьюсунда айтып жатпайбы. Мен ошентип чыгып кетип калдым. Ошондо мээме мындай ой келди дейт. «Мен он миңинчи кишини өлтүрүп атам». Көрсө он миңинчи абортту жасап жатыптыр да. «Мен – кылмышкермин», – деп ошол бойдон ал поликлиникага келбей коюптур, врачтык жумушун да жасабай коюптур. Аборт деген нерсе аялдардын организмине ушундай чоң удар алып келе турган нерсе. Байкуш аялдар аны билбей абортко бара берет.

 

 

Leave a Reply