Шадыбеков Зайнул, Мен үйдө отуруп эле чыгарма жазам

This post is also available in: Орусча

Шадыбеков Зайнул Батырбек уулу, 51 жашта. Кара-Буура р-ну, Молотов айылы.

Мен үйдө отуруп эле чыгарма жазам. Эч кандай деле окуу жайында окуган эмесмин. 8-классты бүткөм, болгону 8 жылдык билимим бар. 1991-жылдан бери мен көбүнчө поэзия жазам. Негизи бала күнүмдөн бери эле поэзияга абдан кызыгып келгем. Анча-мынча ырларым газета беттерине жарыяланчу. Чыкпай калгандары ар жерде калчу.

Отуз жыл кой бактым. Кой багып жүргөн мезгилде «Ала-Тоо» деген журнал алчубуз. Ал журналды окуп-окуп, анан актай беттерине ыр жазып койчумун. Көбүнчө ал ырларым тоодогу кооз көрүнүштөр, тоодогу жашоолор жөнүндө болчу. Анан журналды бирөөлөр алып окуп, ошону менен жок болчу. 1991-жылдан беркисин чогулта баштадым. «Кара-Буура баяны» деген менин 2-китебим. 2-китебим десем да жаңыламбы, айтор 1-китебимди чыгарып туруп өрттөп салгам. Кандайдыр бир ой-сезимге башка нерселер келип калды. Сындагандар болду. Редакциядан эми ар кандайлар болот экен. Менин чыгармамды өздөрүнүкү кылып чыгарышып, айтор ошондой нерсеге туш болгондон кийин жиним келип чыгармаларымды өрттөп салганмын. 1-китебим «Сырдуу түн» деген китеп болчу. Ал аз эле чыккан. Элге бат тарап кетти, өзүмдө да жок. 2-китебимдин чыгышына жакын карындашым Корчубекова Нарынбү демөөрчүлүк кылган. Азыр эми 3-китебим жарыкка чыкканы турат.

Кээ бир учурда илхом келип калат, көбүнчө үйдө бош отуруп калганда жазам. (Автор: 2-китебин колума алып, алгач эле мазмунуна көңүл бурдум. Негедир, «Сарымсак датка» деген поэмасына көзүм түштү. Себеби Сарымсак датка менин үчүнчү атам деп жазылган экен. Бир чети билими жок болсо да  тарыхка кызыгып, санжырага салып кууп,  Коконго чейин барып Сарымсак датка тууралуу изилдегени мени ойлондурду. «Сынган кылыч» романында Сарымсак датка тууралуу жазылган, бирок, аны мынчалык жакын урпагы жазган эмес, ошондуктан датка атасы тууралуу кыскача айтып берүүсүн талап кылдым).

Сарымсак датка тууралуу мен абдан кеңири баян кургум келет. Бул өзү көмүскөдө көпкө катылып калган мыкты, чыгаан датка болгон. Эл оозунда айтылып келет, бул беш улутка: кыргыз, казак, өзбек, тажик, орустарга белгилүү болуп келген. Сарымсак датка – ачылбаган сандык. Сарымсак датканын өмүр жолун изилдеп, сураштырып жатып санжыра менен жакындан тааныштым. Кыргыздар экиге бөлүнгөн: багыш жана саруу болуп. Санжыранын тили менен айтканда оң канат, сол канат же ак уул, куу уул болуп бөлүнгөн. Ак уул багыш болот, куу уул саруу болот. Ал эми кушчу, кытай дегендер да сарууга кирет. Биз багыш уруусунун ичинен Долон бийден тарайбыз. Долон бийден Тагай бий, Тагай бийден Карачоро, Карачородон Багыш. Андан тышкары көрүнүктүүлөрүнөн: Чайкөз, Баястан, кийинкилерден Бекбото бий анан Сарымсак датка. Сарымсак датка – менин үчүнчү атам. Бул атамдын изин издеп мен Коконго чейин барып келдим. Сарымсак датка эмнелерди кылган, деги эле ал жөнүндө эл оозунда кандай сөздөр айтылып келет, ошолордун бардыгын кагазга түшүрүп келдим, былтыр да барып келдим. Көбүнчө Сарымсак датка Аксы, Ала-Бука тарапта көбүрөөк отурган экен. Анын чоң атасы Бастан баатыр болгон. Талас жергесинде Садыр деген хан болгон. Бул жерде анын коргону бар. Азыр да Садыр хандын коргону деп айтылып жүрөт эл оозунда. Баястан баатыр Абылай хандын чабуулун кайтарып, колун жеңип алган. Баястан баатырдын урпагынан Бекбото бий болгон. Бекбото бий да чоң эрдик жасап жеңишке жетишкен деп тарых айтып отурат. Бекбото бий Кокон хандыгын тушунда чоң эрдиги үчүн сыйга ушул Чоң Кара-Буура жерин тартууга алган  экен. Анан ушул жерге келип отурукташып калганда Шералы хан жогору жакта Ажыбай датканын жылкычысы болуп жүрөт. Шералыга Ажыбай датка биздин Соно деген кызды алып берет. Шералынын биринчи аялы – Соно, экинчи аялы – Жаркынайым. Кийин бул боюнча Төлөгөн Касымбеков «Сынган кылыч» романында багыш уруусунан бирөөнү да чыгармасында жазган эмес. Шералынын биринчи аялы багыш уруусунан Соно болгонун да жазбайт. Т.Касымбековдун уруусу саруу, кырк уул дегенден болот. Кырк уулдан Жаркынайым Шералынын экинчи аялы, мына, ошону гана жаза берген. Багыш уруусу көмүскөдө кала берет. Бирок, тарых тактыкка келгенде Соно биринчи аялы болгондон кийин, андан төрт бала болгондон кийин тарыхта бул баары бир ачыкка чыкмак. Аны катып койсо да жазылмак. Ошондуктан Касымбеков буларды катпай эле аралаштырып жазып кетсе болмок. Мына, эки жыл болуп калды, «Фаргана хандарынын тарыхы» деген китеп чыккан. Аны Кокон хандыгынын тушунда Кудаяр ханда 22 жыл катчы болуп иштеген Зиямудин Максум деген киши жазып кеткен экен. Мына ошол адам жазып кеткен «Фаргана хандарынын тарыхы» деген китеп Турцияда жүз жыл сакталган, бир кылым. Ал Турциядан Кыяс Молдокасымовдун колуна тийип калат. Аны Омор Сооронов, Сабыр Молдо дегендер которуп чыгышкан. Ошол жыйнакта Сарымсак датка тууралуу да жазылган экен. Бирок, Алымбек датка, Алымкул аталык дегендер жазылбай калган.

Сарымсак датканын сексен миң аскери болгон. Ал эшик ага болуп Шералы ханды кайтарып жүргөн. Тарыхта айтылып жүрөт хандарда гана ордо болгон деп. А Сарымсак датканын өзүнүн ордосу болгон. Былтыр мен Сарымсак датканын ордосу жайгашкан жерге барып келдим. Ошол тегеректеги кыргыз болобу, казак болобу, өзбек болобу, тажик болобу Сарымсак датканы билгендерден маалымат алып келдим. Ордосу бир гектардан ашык жерди ээлейт экен. Анын тегерегин курчап бакса менен урушкан экен. Сарымсак датканын 1-аялы тажик болот. Тажиктер бакса урганга абдан уста келишет эмеспи. Мына тажиктер бакса менен ордону коруп, курчашкан. Ордосу үч кабат болгон экен. Биринчи кабатында жалаң мал-жандары, көөлүктөр, экинчи кабаты эс алуучу жай болот экен, үчүнчү кабаты – ашкана. Сарымсак датканын үчүнчү аялы Кокон өзбегинин кызы болот. Кокондук өзбектерде чоюн устачылык абдан өнүккөн. Ордонун үчүнчү кабатына ашкана курганда, ал жерге чоюндан очок жасаткан. Мындай суроо келиши мүмкүн. Эмне себептен ашкана, чоюн очок үчүнчү кабатка көтөрүлүп кеткен. Суу, отун ташуу деген бар, булар азап жумуш да. Ошол азаптарга карабастан, ашкананы үчүнчү кабатка курдурганынын себеби бар экен. Себеби, ордо болуп эсептелингенден кийин буга ар жактан ар кандай адамдар келет. Сактык үчүн, тамактан ууланып калбаш үчүн очокту үчүнчү кабатка курдуруп, ишенимдүү ашпозчуларына тамак жасаткан. Мына ошондогу чоюн очок 1928-жылы колхоздошуу болгондо Юсупбай деген тажик адамдын колунда калат. Сарымсак датканын ордосунун ичинде өзүнүн тыттары болгон экен, кулач жеткис төрт түп, анан алмуруту болгон экен. Кокон архивине барып датка тууралуу маалыматтарды эки китептен чогулттум. Бир китеби Амир Саидовдун «Кокон тарыхы» деген китеп экен.

Шералы хандын аялы Соно деп айтып жаткан себебим, Соно Сарымсак датка менен бир тууган болгон. Сононун Шералыдан эки эркек баласы бар: Малабек, Сопубек деген. Эки кызы болгон: Аптап, Махиляр. Жаркынайым да эки уул, эки кыз төрөйт: уулдары: Кудаяр, Султанмуратбек. Сонону ордодогулар катта айым (байбиче) деп абдан урматтап турушкан. Ал эми Жаркынайым  акылгөйлүгү менен оозго алынып келген.

Биз Сарымсак даткадан тараганбыз. Сарымсак датканын атасы Бекбото бий жөнүндө айтып кеттим. Азыр да Бекбото бийдин коргону деп айтылып жүрөт. Ал жердин схемасы менде бар. Бекбото бийдин кызы Соно Шералыга турмушка чыккандан кийин багыштардын көпчүлүгү Шералынын жанына Коконго көчүп барышат.

Биздин жер Сарымсак датканын журту, конушу болгон. Менин атам Батырбек, чоң атам Шадыбек Сарымсак датканын экинчи баласы. Шадыбек чоң болуш болгон. Эмне үчүн чоң болуш, анткени эң биринчи болуш болгон экен.

Leave a Reply