Түлөбердиев Совхоз: Мен он жети атадан бери долбоорлоп, сүйлөй алам

Түлөбердиев Совхоз, 1928-жылы туулган, чабан, депутат болгон, медалдар менен сыйланган. Түп району, Сары-Тологой айылы.

Менин атам карган киши болчу, 1874- жылкы болчу, анан Бугу, ылдыйлап келсе, Белек, андан Муратаалы дейт, мен Муратаалыданмын. Тээтиги Белек ата мага жетинчи ата болот, Орозбак ата он биринчи ата болот, Бугу уурусунун ээси ошол Орозбак ата болгон, Орозбак атадан беш уул бар.
Менин санжыраны үйрөнүп калганым, атам карган киши, аны Сибирь, Томскийге айдап ийишиптир, мөөнөтү бүткөндөн кийин, кетсеңер кеткиле, кетпесеңер жердегиле, силерге танспорт да, каражат да жок деп калтырып коюшат. Ошондо жердин картасын деле билбейт, азыркыдай танспорт жок, жөө-жалаңдап атам 6 айда үйгө келиптир. “Ысык-Көлдөн мени менен баргандын көбү келбей калды”, – дейт. Ошону менен атам Ак-Суу, Жети-Өгүз, быягы Ысык-Көл райондоруна, казакка чейин кыдырып жүргөн киши болчу, санжыраны да жакшы билчү. Анан чоң санжырачылар согуштун убагында башкармалардын үйүнө барып конот, менин атам Түлөберди деген киши, Белектин карыясы, Түлөберди карыя келиптир деп айылындагы сажырачыларды чакырып башкармалар кеп салгызчу, ошо артында уктабай эле, тыңшап жатчумун, анда азыркыдай арак көп ичилбейт, ичилсе кээде чыныга куюп, бир сыйра ичишет, аны ичпей калса, бозо ичишет. Анан тээтиги Арык тукумунан Ажына деген киши, Ак-Булуң, Ак-Булак жакта, Ыса деген киши, ошолордон уктум, Сары-Камышта Орозобай деген киши, анан дагы Ак-Суу району, Жети-Өгүз районунда Сагымбай деген кишиден уктум, андан Керимбай ажы деген кишиден да угуп калдым, а дагы карыган киши экен, тээтиги Саруу айылында. Өзүбүздүн Түп жакта Бегимбай, Боор, Корумдулук киши болчу, бу дагы санжырачы, Илалынын уулу Уке, Укенин уулу Чортон деген киши, а дагы атам курдуу киши болчу, а дагы сөзмөр киши болчу, Бердибайдын Качагыны(!) дейт Сары-Тологойдо Тазабек уурусунан, Үч Токолдор деп коет, Чымырдын Шаршенаалысы, Ырыстын Ыбырайы, Бекташтын Барктабасы деген да сажырчылар Токтояндан болгон. Анан кичинекейимден, кулагымда калыптыр, айтайын десем, “ай жашабагыр, жөн отур деп айтабы деп, тартынып, айта албай жүрдүм, кийинчерээк жакшы карыянын баары түгөндү, анан келжиреп, баягы кемпир-кесектен бир немени санжыра кылып айтканда, “ой чоң ата, же аба, а жер андай эмес, момундай”, – десем, “ай сага караганда бул бала тың билет экен, бу бала сүйлөсүн”, – деп карылар мага сөз алып берип коюп, билгенимди айтсам, санжырачы болуп калдым. Шалбаанын конкурсу болбодубу, ошондо дагы баргамын, 3-даражадагы диплом беришкен. Оргочордун музейинде, личный делом бар. Түлөбердиев Совхоз десе көрсөтөт, кол жазма балдарыма жаздырып барып бергемин, жүз барак, шашылыш болуп чала-була, бир общий, анан бир жука тетрадь жаздырып баргам, машинкеге бастырып, бапкелеп коюптур, сурасаңар көрсөтөт. Кийин отуздан ашкандан кийин сүйлөй баштап, азыр көп кишиникине караганда мазмундуу айтып калдым деп ойлойм. Аты-жөнү ким, ким кимдин баласы экендиги так айтылышы керек, ал эми кээ бирөөлөр энесин аялы кылып, атасын баласы кылып, чаржайыт сүйлөйт. Анан ошону менен мени санжырачы турбайсыңбы деп калышты.
Кыргыз элинде санжыранын мааниси бар. Илгертен айтылган кеп бар, жети атаңды билесиңби деп калат, жети атасын билчүлөр билет, адамдык сапат менен жумушу жок кишилер билбейт. Мен он жети атадан бери долбоорлоп, сүйлөй алам, айрыкча тогуз энемдин атын билем, таяталарымдын атын билем, он жети атага чейин байланыштырып сүйлөй алам, кимдин баласы ким, эче аялы болгон, эчеден бала болгон.
Түптөгү Бугу уруусун эле кеп салып берейин. Орозбак деген киши – Кылжыр деген кишинин баласы, Кылжырдын аты – Сарбагыш. Бир кишиде эки ат болуп калган, ал өзү бир жагына кылжыр киши экен, атасы Тагай Кылжырым деп эркелетип, анан Кылжыр атыгып калган, анын эки баласы бар, Орозбакты, Дөлөн деген. Дөлөнү Кочкор, Кемин, Токмокто бар, Сарбагышпыз дейт. Орозбактын беш уулу бар, бир эле аялынан, Орозбактын эң чоң уулу – Арык, анан Мырзакул, Токоч, Асан, Карамырза деген 5 уулу бар. Ошол Арык тукуму тээтиги Шахтыдан ылдый тартып, Ак-Булуң, Зындан, Ак-Булак, Бозучуктан ылдый, Кайрыарык, Сары-Камышы менен Кереге-Таш, Ак-Суу, Жолголот, Отуз-Уул,Үч-Кайнар, ошонун баары Арыкка кирет. Андан кийин Кочкордо Семиз-Бел, Оттук, Карашаар деген үч баселке, Арыктын тукумдары ошолордо жашайт. Мырзакулдун тукуму булар – андан Алсейит, Тынымсейит, деген эки баласы бар. Алсейиттин тукуму Тоңдун Ак-Сай, Көк-Сай, Темирканат, ортодо кичине башка уруктар бар, Төрт-Күл, Бөкөнбайларда Сарбагыш бар, Маяк бар, Туура-Суу, андан берилеп келип, Тосор, Тамга, Даркан, Чычкан, Эки Жаргылчак ушунун баары, Жети-Өгүз эли бүт, Жыргалаң суунун бери өөзүндө бирин-серин баселкелер бар 5-6, ошол анан, Каркырадан ылдый тартып, Сары-Тологойдон ылдый карай, Чоң-Өрүктүгө чейин Алсейиттин тукуму. Андан кийин Карамырза, Асанмырза , Токочмырза, Токочтун тукуму Токтоянда турат, жетимиш эле тукум, мүйүздүү эне кагып койгон, Асанмырза Жаңы-Арыкта турат, Асан тукуму деп коет, алар да жетимиш эле түтүн. Ккенжеси Карамырзанын тукуму Токтоянда турат, 19 же 20 эле түтүн.
Мүйүздүү эненин кармаганын айтып берейин, ошол бешөөнүн үчөө жаш, мергенчи, оюнпоз, ушундай көңүл ачып жүргөн балдар экен. Эми эр жетип эле жигит болушкан, катын-балалуу болуп, мынабу Нарындын Аламышык деген тоосу бар чыгышты караган, зоолуу, арчалуу, балатылуу жер, үчөө мергендеп жүрсө, ушу мен ойлойм, шаардын орду болуш керек, дарыянын жээги, тоонун этеги, Аламышык тоосунун, көк майданда эки караан отурат, бирөө кыз, бирөө эркек, байкаса, анан үчөө бул жапайы адам окшойт, бул адамбы же башкабы, бирок карааны, жүрүш-турушу киши кадимки эле, бирөө кыз, бирөө эркек өңдүү, кимиси тукум болот, экөө тең карматпайт, бирөөнү аталы, бирөөнү кармайлы, деп үчөө кеңешип, эркек тукум болбойт, үйлөнүп бала-чаклуу болгондон кийин, жерин таап кетип калат, ургаачы тукум болот, төрөп берет деп, эркегин атышат. Атканда, “Жаңгызымдан айрылдым, жаңгызымды жемекчи элеңер, жединер”, – деп кыз чыркырап атат. Тигинин же каны, же өлүгү жок. Кызды Карамырза камайт, учкаштырат, ал зыйкырлап койду, же болбосо, тигилердин өтө жооштугубу, “Жанагы жалгызым деп ыйлаганың күйөөңбү, же бир тууганыңбы, сенин эмнең, ал кайда?”, – деп эч ким суроо кыла албайт, ошону менен кызды шаштырып келип, айылга жакындаганда: “Ой, талаадан тапкан күңдү эми өзубүз алып алсай уят, аксакалыбыз, улуубуз, Арыктыкына берели”, – деп апарып берет. Алып барса, бой тартып калган кыз, чоңураак, башында мүйүзү бар. Түн ичинде жатса аяк-башында шам күйөт, ортосунда чоң жарык турат. Уктаган сайын Арык көрөт касиетти, өзү жашап калган киши болот, “өзүм алсамбы, жакшы тукум түшөт мындан, касиети бар киши экен, жаш болгону менен”, – деп көңүлдөнөт дагы, аны байбичеси байкап калат. Байынын көңүлү түшүп атканын билип: “Ай бай, өзүңдөн кийинки Мырзакул, анын Алсейит, Тынымсейит деген эки уулу бар, (Алсейитке аял алып беришкен, Коңтаажы Сарыбийдин кызы Токтобек деген кызды алып берген), Алсейиттин аялы, ушу келиниң өтө начар болуп калды, күчүк эле багып атат, эч нерсе менен жумушу жок, ошол уулдун баласына берели, бир тууган ичинде куда- сөөк бололу”, – деп байды макул кылат. Ошентип, кызды инисинин баласына никелегенден кийин, “Орозбактын беш уулунун эмне кылганы, менин кызымдын үстүнө кордоп, аял алып берип”, – деп, Сары коңтаажы кол алып, Орозбактын беш уулун чабам деп чыгат, Орозбактын айылы туруштук бере албай качат, анан “ой ушу элге туура эмес иш кылып коембу, эмне кылып коембу, мен кызымдан бир ооз сурайын”, – деп, кызына барып кезигет. Кызы атасына учурашып да койбойт, карап да койбойт, күчүктөр суусап атат деп, төөлөрдү чөгөрүп, ит аяктарды койдуруп, күчүктөргө суу берип атат. “Аа кызым, өтө эле начар турбайбы, калыңсыз кыз берсем аз, элдин убалына калып кала жаздаган турбаймынбы, жүктүн бурчунда отурган кыздын акыл-эсин мен текшербептирмин, билбептирмин”, – дейт дагы, колун алып кетип калат. Орозбактын айылы токтолуп калат, ошону менен жанагыдай Карамырзалар Аламышыктын тоосунан кармап келбедиби, мүйүздүү энени, анан ошентип инисинин баласына берди, бергенден кийин боюна болду, боюна болгондон кийин талгак болду, үч акеси, баягы тоого кетип баратат мергенге, үчөөнүн астынан тозуп, жүгүнүп, таазим кылып: “Акебайлар, бүгүн кайберен атсаңар, үпчүнүн алып келип берсеңер”, – дейт. Үпчүн дегени, желини териси менен дегени. Анан Карамырза тилдейт: “Атаңдын оозун урайын күң, кечее колубуз менен кармап келдик эле, бүгүн уялбай үч акесинен шыралга сурап атканын кара”, – деп. Ошондо отура калып, тура калып: “Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе күзгө жетпесин”, – деп ыйлаган. Арык дөңдө угуп отурат, тиги келининин ызаланып атканын, тигил күңгүрөнүп, тилдеп кеткенин, тигинин каргаганын угат. “Ай бечара”, – дейт дагы, үчөө жөнөп кеткенден кийин, бир мылтыктыбы, жаасынбы алып чыкса, кийик кетип баратат, атса жыгылып калат, төш-мөшүн желини менен сөгүп келип, “ме балам” деп берет. “Укум-тукумунун байлыгы менин тукумуман кем болбосун, душманга туурдугуң сыйрылбасын”, – деп бата берет. Ошентип бата бергенде: “Аттигиң ай, ары карап кетип баратканда бата бердим, бери карап турса, катуу тиет эле, акырын тийди батам”, – дейт. Ошентип мүйүздүү эненин батасы, Арык, Бугу, Сарбагыш болуп чабышат, эр өлүшөт, кан Ормон өлөт, Төрөгелди өлөт, Балбай баатыр менен чабышат, ошондо Арык согушка кирбейт. Андан кийин революция орноп, 16-жыл келет, эл бүт орустан качып Кытайга үркүшөт, Кытайдан кайра келишет, кайра келгенде орустар айрымдарын күнөөлөп, атып, кызылдар дагы, актар дагы, ошондой күнөө тагат, жанагы Кыдыр аке акыркы аке, Кыдыр акенин колу кайда деп, орустар астынан бөлкө менен тозуп чыгып, сактап калат. Мүйүздүү эненин батасы тийди деп ошондон баштап аталып калат, туурдугу сыйрылган жок, курсагы ачкан жок, жанагы жоодогу кордукту көргөн жок деп. Жанагы Асан менен Токочтун тукуму 70тен эле болуп, Карамырзанын тукуму ушу күндө 20 болуп калганы, каргыштын катуу тийгени, ал эми Мырзакул менен Арыктын тукуму жер жайпап төрт райондо: Ысык-Көл, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп району. Ал тургай Тоң районунда да бар.
Андан кийин ошол талгак кезинде, башын жууган, гусул кылган сууларын мүйүздүү эне үйүндөгү кан кызы Чежимжан деген калмак кыз бар, ошого берет: “Мобуну киши баспаган жерге төк”, – деп. Чежимжандын 2-3кө келип калган, Туума деген баласы бар, ошол экөө кабакка көтөрүп барып, жуунушуп, шыбанышып, ичишип, түгөтө албаганын адам заара кылбаган суурдун ийнине куюп коюп келип жүрүшөт, анан ыраазы болот да, мүйүздүү эне бата берет: “Ай бечара, ичпей эле койсоң болот эле, бекер ичип атасың, ушул сенин тукумуң менин тукумуман кем болбосун, чоңдугу дагы, байлыгы дагы, баатырлыгы дагы”, – дейт. Ошондо Желдең Тосор, Тамга, Жаргылчак, Даркан, Чычканда, алты баселке Желдең бар. Желдеңден Акичү(!), Жанек баатыр чыгат, Үкүбай деген чыгат, жылкылуу бай, Кекебай деген бай чыгат, Карга аке дейт, ал аке эмес, ал бий болгон киши, акеге кирбейт, Карга чыгат бий болуп, андан кийин Ысабек деген киши чыгат, болуш болуп, Ысабектин уулу Байгазы деген чыгат, болуш болуп, революцияга чейин болуш болот.
Мына, мүйүздүү эненин батасы тийип, жанагы өзүнүн күнү, Коңтаажынын кызы Токтобек деп атпайбы, ошол Токтобек эркек бала төрөгөн, аты – Ардан, ошол Ардан балтыр бешик алты айлык болсо, ошол кезде мүйүздүү эне төрөдү. Анан бир күнү Токтобек жокто бала ыйлап атат, эмчегин эмизейин десе, албарсты: “Баланы булгайсың, тарт эмчегиңди”, – деп кыйкырып, эмиздирбей коет. Атаңдын көрү ай, ээмп калса болот эле дейт, эмбей калганы жаман болду деп мүйүздүү эне кейийт. “Мунун тукуму жалгыздап калат, менин балдарыма тең келе албайт, аягың көбөйүп, аягында чоңдор чыгат”, – дейт. Анан мобу Чоң-Таш, Корумдулар – Токтобек эненин балдары, Ардан деген баладан төрөлөт. Азыр 800 түтүнгө жакындайт. Кийин Жылан деген киши болуш болуп чыкты, анын баласы Уке болуш болуп чыкты, Чортон чыкты.
Мүйүздүү эненин касиеттерин айтып берип атам. Мүйүздүү эне ошону менен эки балалуу болот, Жамангул, Бапа. Балдары чоңойгондо: “Бай, улуу балаңа сен аял алып бер, кичүүсүнө мен алып берейин”, – дейт. Макулдашат. Жамангулга Алсеийит атабыз Кыпчак уруусунан Мааматбек деген бийдин кызы, Дейилда деген кызды алып берет. Дейилдадан беш бала төрөлөт, Боке, Төрөкочкор, Итбок, Кыдык, Белек деген. Белектин тукуму – менмин. Аны токтото турайын.
Мүйүздүү эне: “Эми мен үйлөй турган кез келди, Бапа”, – деп, Алсейит атабызга жерден коргоолбу, ташпы, календир да азыркыча айтканда, түйүп берет. 20бы, 30бу, “Ушуну күн сайын бирден ыргытып тур, калганын бекитип тур. Акыркы коргоолду ыргытканда мен келем, келинди алып. Мен аман-эсен келин алып келе турган болсом, ак көбүктөп кар жаайт, ак мунар тартып, келбей калсам, кызыл көбүктөп, кызыл мунар тартып турат, анда менден түңүлө бер”, – дейт. Ошентип акыркы коргоолду ыргыткан күнү, ак көбүктөп мунар тартып келип эле, кызыл мунарык болуп калат. “Байбичемден айрылдым”, – деп боздоп турат, Кудайдан тилеп. Аңгыча болбой, күн жарк деп, ак мунар тартып, ак көбүктөп каар жаап кирет, мүйүздүү эне келинин алып келип калат. Келип калгандан кийин дагы, тиги кишинин сыйкырыбы, же болбосо эл сурабайбы, “мунун төркүнү ким, муну кайдан алып келдиң?”, – деп эч ким суроо кылбайт, аты ким дебейт, анан ал кишинин аты – Олуят эне. Бу дагы – Кайберен, бу мүйүздүү энени кайберен тукуму дейт. Кайберенден адамга айланган дейт. Анан өз төркүнүнө барып, Олуят энени алып келет, Бапага никелейт. Бападан алты уул туулат. Агасы Жамангул Ак-Суунун жону, Чолпон-Ата, Ананьевонун үстүндө чоң жайлоо бар, Асы деп коет, ал кыргыздын жайлоосу, азыр казакка карайт, ошол абдан чоң, Каркырага окшогон жайлоо, атайы барып көрүп да келдим, атайы барып, анан жайлоодо ооруп калат. Жамангул баатыр болот, жоодон келип ооруп калабы, бу катуу ооруп атат, Бапа алты баласынын бирөө кичине үйдө калып, өзү беш уулу менен чоң үйгө барат, барып абасын көрүп, көңүлүн сурап, агасы да ыйлайт, анан Бапа ыйлап беш баласы менен боз үйдү айланып үч жолу: “Ушу абамдын жаны калса экен, Кудай сактай көр”, – деп айланат. Энеси балдарынан эмне болдуңар, эмне кылдыңар деп сурайт, анда балдары: “Барсак атам да ыйлады,чоң атам да ыйлады, атам үйдү үч тегеренди”, – дегенде, балдардын энеси отура калып, тура калып: «Как баш, тегеренсиз тегеренбейби(!), укум-тукумума доо кетирген тура, эжемдин балдарынан менин балдарым кемип калган тура, көптүгү да, баарлыгы”, – деп капа болуп ыйлаган экен.
Мүйүздүү эне аны төркүнүнөн алып келген тура, “кокуй эжем” деп атпайбы деп ошону менен эл ошондон билип калган. Ал эне жоголуп кеткен, таарынып, же эмне болуп кетти, өлгөн жок. Бапанын эли жакшы эл, 2200-2300 гө жеткен, Барскоон эли, бир эле жерде чогуу. Анан мүйүздүү эне өлгөн, боз үйдү тигип, чийге алып коюшкан, эртең менен сагызган изи деп коет, кичине кар жааган экен, эчкинин изиндей из калган, өлүк жок, мүйүздүү эне да коюлган эмес, Олуят эненин аты айтылбай калган.
Бугу элинде эки олуя бар, бир олуя – Мүйүздүү эне, бу кайберен тукуму болгон, экинчиси – Санчы-сынчы адамдан чыккан олуя, ал киши көп жашаган, Жамангул атабыз менен дос болгон. Жамангулдун баласы Белек менен жакшы жүргөн, Белектин баласы Алдаш менен жүргөн, ошолорду сынап, батасын берип Санчы-сынчы жоголгон, ал учуп жүргөн киши, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, ушу көлгө чейин, Нарын, казагы менен кыдырып жүргөн киши, андан кийин эки олуя, сегиз аке бар. Андан кийин мына эки олуя бар, Бугу деп эсептегени, жанагы Орозбак деген атабыздын беш уулу бар дебедимби, беш уулу менен үйлүү-жайлуу болуп, көчүп жүргөндө же болбосо малы жайылып жаткан жерде, он эки айры ак бугу болгон, малынын ичинде, ал кишинин баарына эле көрүнө берген эмес, чанда кишиге көрүнгөн. Анан “кайда баратасың, кайсы Орозбак?” – дегенге, “Ой баягы, бугусу бар Орозбак”, – деп атып, ошон үчүн бугу болуп калганбыз.
Мен эми акелерге өтөйүн. Ошол жанагы Жамангулдун баласы, Белектин тукумунан акелер чыга баштайт, Белектин бир уулунун баласы, Токой деген баласынын тукуму Аабайылда экен, Белектин дагы бир уулу – Кожош, Кожоштун баласы – Айманаке, Айман сынчы, болжол менен, бир күлүктүн эне-атасын тааныйсыңбы десе, ошо күлүктү тууган бээни, атасына чейин көрсөтө алган, 50-100 күлук турса, кайсы күлүк бүгүн же эртең чыгаарын даана айтып берген. Аабайылда акылман киши болгон, адамдарга, ошол өзүнүн дооруна акылын айтып турган киши болгон, экиден аке болот: Айман менен Аабайылда. Андан кийин эки аке чыгат: Дөөлөс-Сарт, Алдаяр-Мойт. Алдаяр-Мойт дагы – Белектин баласынын баласы, Дөөлөс-Сарт Тагайдан кошулуп кетет, 11-12 атадан кошулат, экөө Бугу элинин акылманы болгон, акыл айтып турган, акыл таап турган, жоону кандай кылыш керек, кандай тозуу керек, кандай алуу керек, ошого чейин акылын таап, айтып берип турган, илгери казак менен кыргыз чабышкан, башка жагынан да келген, калмак да келген, ошол жоо келчү жакты, кандай коргонуш керек ошого акыл таап берип турган киши. Андан кийин экөө чыккан, Карач аке деген чыккан. Карач аке чыгып калганда, Сарт менен Мойт картайып калган. Бугу-Сарбагыш болуп чабышып турган, Төрөгелди колго түшүп, Ормон өлүп турган, кун ала албай, Сарбагыштар айласы кетип, Бугудан кандай өч алыш керек, жөн келип мындай камашса, уруш чыгарса жеңилип калып атат, баш-көзү каза таап калып атат, мына кан Ормону дагы, баатырлары дагы, мындан кандай өч алабыз бугудан деп, Абылайкантөрө казак, анын уулу Тезектөрө бар, ошо Тезектөрөгө дүнуйө-дүрдүмдөн алып барыш керек, кол сураш керек, ары жагын казак, биягын Сарбагыш чапсак, талкалайбыз, тукумун үзөбүз деген дагы, жоргодон тогуз күлүк, түрүнөн, торусу бар, кара-кызылы бар, тогуздап алган. Нооту чепкенден тогуз, жамбыдан тогуз, тайтуяктан тогуз, белек-бечкектен тогуз, ар немеден тогуздан алып, 20 киши жүрүп кеткен. Ошону саяк кабарлаган, “сарбагыш моминтип кетти, бугулар өлдүңөр”, – деп. Анан айласы кетип, Дөөлөс-Сарт менен Алдаяр-Мойт акыл таппайт, муну кандай кылыш керек. Эч акылын таппай коюп, Тилекмат Муратаалы балдарына таарынып, Жылдызга жылкыга кетиптир дейт, Тилекматтын ошондо төрт аты бар: Тилекмат, Каражой, Карачокмор, Жойкара деген аттары мине турган аты эмес, өзүнүн аты.Ой биз акыл таппадыкпы, баягы Жойкара табат мунун акылын, ошол кыйын, ал кайда? Жылдызга жылкыга кеткен, муну кош ат менен алдыргыла деп, 2-3 күн аралыгында алдырып келип, сурайт. “Айланайын Тилегим, аты – Тилек, Жылкыайдардын баласы, асыл таштан, акыл жаштан, ушундай болду деп кабар келди, мунун акылын сен гана табасың, сенин акылың бар, мобу жайылган мал сенники,жалпайган айыл сеники, батабызды берели, эки тизгин, бир чылбырды берели, ушунун акылын сен тап, Тилекмат”, – дешет. Көпкө ойлонуп отурду, ары кетип, бери кетип: “Жайылган малдын, жалпайган айылдын кереги жок, мага бир калп айтпаган киши бергиле”, – дейт. “Ийе, айланайын, калп айтпаган кишини билсек, анда сени чакыртып эмне кылабыз, өзүң таап ал андай кишини”, – дешет. Ошондо үч Карач болгон: Белектин уулу Тогузбайдын Карач деген баласы болгон, Карач бир тайдын этин жеген, соргок, туураган этке кошуп берсе, билбей тайдын томугун кошо жуткан зор киши. Экинчиси – Чүрүм Карач, кармай билгендей сүйлөгөн, ошондо Тилекмат экөө чогуу аке болот, ушундай чечен киши болот, бала Карач деген болгон, Белектин баласы – Шүкүр, Шүкүрдүн баласы, анан бала Карачты бергиле деген, мейли берели дейт, бала Карачты кошуп, Тилекмат жүрүп кетет, казакка. Абылайкандын уулу Тезектөрөгө кетип баратат.
Жолдон калың төөгө жолугат, төөнүн четинде кайтарып карыя жүрөт, казак абышкага барып, саламдашып, аты-жөнүн сурайт: “Төө кимдики?”. “Тезектөрөнүкү”. “Сиз эмнеси болосуз?”. “Төөчүсү”. “Атыңыз ким?”. “Болотбий”. “Ой Болотбий аба, сиздикине конуп кетсек болобу? Казазакта жээк-жаатыбыз бар эле, ошолорго бараттык эле”, – деп билгизишпейт. “Неге болбойт, карактарым, конуңдар”, – дейт. Бир улагын союп, Карач менен Тилекматты коноктойт. Тезектөрөдөн да тыңыраак, кыйыныраак киши экен, сөзмөр экен, чечен экен. Тезектөрөнүн ата-тегин сурай башташат. “Тезектөрөнүн укум-тукуму башы – Кожо тукуму. Булар жети атасынан бери кандык менен келе жатат, атасы Абылайкантөрө, Кененсарынын Орузбайы ошонун тукуму, Тезектөрө ошонун тукуму”, – деп сөзгө кандырат Болотбий.
Ошентип конок: “Тезектөрөгө кезиге кете турган жумушум бар эле, кандай жолуга алам ал кишиге?”, – десе, “Эртең менен ал жай турат, алыс барып, даарат ушатат, жигити чөгүнүн, суу жоолугун алып артында жүрөт, дааратын алып, үйүн көздөй тартканда таазим кылып, эки колуңду бооруңа алып, салам берип, ошондо гана кезигесиң, андан башка убакта кезиге албайсың”, – дейт Болотбий. “Эмесе мобу жолдошум сиздикине жатып турсун, мен келгенче, мен ошо кишиге жолуга турган жумушум бар эле”, – деп акырын барып, Тезектөрөнүн үйү жакын экен, жанагы айткандын баары орундалат, эки колун бооруна алып салам берет. “Кайдан карагым?”. “Мынабу Көл деген жерден. Көлдө көп бугу тууганыңыз бар, кыргыз, ошол көп бугу тууганда, ары жакта дагы бөлөк кыргыздардын уруусу бар, экөө чабышып, ортодо эриш бузулуп, эр өлүп, ушундай болуп турат. Ошол эл аман, журт тынчта төрөгө ылайык Төрөтай деген кыз төрөлгөн. Ошону төрө келип алып кетсин, аманаты деп көп бугу тууганыңыз салам-дуба айтты, ошону айтайын деп келдим”. Кайталап сурап, баарын түшүнгөндөн кийин: “Жүрү карагым”, – деди. Кайнага болуп калды да, алдыга кирди да, эшик ачылды, 20дай сарбагыш отурат, салам айтса алик албайт, бирөө да кел деп орун бербейт, Төрөнүн орду аюу талпак турат, талпактын өйдө жагына отурат, ылдый жагына төрө отурат. Сарбагыштын бирөө: “Атаңдын көрү эй, мобу кандуу моюнду кара, кандын тизесин басып отурганын кара”, – деп тийишет. Тилекмат чөгөлөп отура калып: “Кандуу моюн сенсиң, кечее күнү күл челген көк бука ууру кылып жүрүп өлдү, Ормон деген, аны кан дебейт ,ууруга барып, бугудан өлдү. Мына кандын кайран киши, агы, Кененсарынын Орузбайын Муканды(!) кара суусуна таш байлап, чөгөрүп жок кылдыңар, кара көзгө, каракөз деген кудук, кунсуз, сөөгүн да бербей жок кылдыңар, кан деп ошону айт, кан өлдү деп ошо кишини айтыш керек. Силер кандуу моюнсуңар”, – десе эле, Тезектөрө менен Кененсарынын Орузбайы ага-ининин балдары болуп атат да, Абылайкандын тукуму, төрө ачуусу келгенде санын мыкчыган киши экен, санын аткып-аткып, өз санын мыкчып алды дейт. Жигиттерди чакырып: “Мынабуларды жанагы чүпүрөк-чапырагын колуна сал, кырчаңгы-мырчаңгысын астына сал, таш-тушун устат колуна”, – дейт. Устат дегени – кармат деген сөз.
Ошентип, сарбагыштарды аттандырып ийди дейт, анан Тилекматты коноктоп, качан бараарын сураса, “Сиздин чамаңыз билсин, мен сиз менен кошо жол баштап барам, сиз жол билбейсиз”, – дейт. Ошону менен ойлонуп, Тезектөрө он күндү болжоду. “Он күндө барсак болобу?”. “Болот”. “Онун калыңы не болот, каадасы не болот?”. “Сизден калың албайт, каадасы гана болсо болду. Жеңкетай, жылкычылык, келиндердин төшөк салаар деген майда-чүйдө ырым-жырым берсеңиз болот, башка эч нерсе албайт”, -деп эки кыздын калыңын айтып коет. Ошол эле майда-чүйдөсү ушунча болоорун айтат. “Дурус-дурус, карагым, эми он күндө барам”. “Менин жолдошум бар эле, ал сиздин төөчүңүздүкүндө, ошону алдырсам болобу?”. “Болот, карагым”.
Баягы бала Карачка келип: “Бизде Солтонкул деген бай бар, 32000 жылкысы бар, ошол Солтонкулдун үйү тигилсин, куру Каркыранын боюна көрүнөө жерге тигилип, тегерете обочо айыл консун. Баланча күнү, желээнин баары дөң-дөңгө көрүнөө жерге байлансын, малдын баары жайылсын. Мынабу Стамдын кызы, Алдаяр, Төрөтайдын ата-энесине Стамга Солтонкулдун кийими, байбичесине Солтонкулдун байбичесинин кийимин кийгизгиле, жүгүн жыйгыла, Тезектөрөгө өргө көтөргүлө. Ал Төрөтайды ушул Сары-Тологойдо азыр Тазабек уулу деген бар, Тазабектин ичинде Тынай деген киши бар, ошол Тынай алыптыр, алганы 2-3 ай эле болуптур. Төрөтайды ошол өргөөгө отургузгула, жасап-түзөгүлө. Мындай болгон акылды айтып, Тынайга бөлөк аял алып бергиле, каалаган кызын алсын, калыңын эл төлөсүн”, – деп абдан түшүндүрүп, эми аны калп айтпаган киши деп тандап алды да, ошентип айтканындай аткарды, баарын жасап койду. Тезектөрө менен Тилекмат келе жатат. “Ой анау үлкөндөгү айыл кимдики?”. “Сиздин кайнатаңыз Стамбайдыкы”. “Ой төгөрөгүндөгүчү?”. “Ошол Стамбайдын дааратына суу даярдап, саанын саап, отунун алып от жагып, суусун куюп тургандардыкы”. Аны касиеттүү бай кылып атат да. “Мынабу көрүнгөн калың мал кимдики?”. “Кайнатаңыз Стамбайдыкы”. “Дурус-дурус”, – деп өргөөгө түшүп, сөөгү ак экен, өтө сулуу киши экен, Төрөтайды жактырат, ыраазы болуп, алып кайтат. Сарбагыш келе албай калат. Баргандан кийин сынчысы бар экен, кыргыздын сулуусун алып келдим деп сынатат. Көрүп: “Кудай аткан төрө, кыргызга алдаткан турбайсыңбы, кыз эмес, жубан тура”, – дейт. “Ой кантип билдиң?”. “Мына бети, кулагы кыз баланыкы, тотук, күнгө күйгөн, а келиндики ак болот, көрдүңбү? Эчак агарып келин болгон тура”, – дейт сынчы. “Эми оозуңду бас, мени уят кылба”, – деп ооз басырык кылып сынчысына жамбы берет. Үч балалуу болот, мына ошону менен эл аман калат.
Карач аке менен Тилекмат аке ошондо аке болот. Экөө картайып калган кезде Кыдыр аке менен Садыр аке болот. Кыдыр аке Арык тукуму, Садыр аке саяк, экөө акелик кылат, мына Садыр аке 1924-жылы өлөт, Кыдыр аке 1926-жылы өлөт. Ошону менен экиден чыгат, сегиз аке болот.

“…Тогузбайдын иниси Теңизбай деп урууңдун атын коюп берейин, Жалаң төш жаман ат, айылдагылар укпасын, ушу жерде сен ук, мен угайын, макулбу?”. “Макул”. Экөө ошентип макулдашып үйгө барат. Ошо менен канча өттү ким билет, Санчы-Сынчы келет: “Ай Белек, кана балдарың, канча балаң болду?”. “Он бир болду”. “Алып кел он бир балаңды”, – дептир. Алып келсе, төртөөнү мурда сынаган да, аларды четке чыгарып коет. “Бу ким?”. “Алдаш”. “Ии баягы белиңдеги асыл ушул экен. Мындан, ат качырбас чынжылуу боз айгыр ушундан чыгат, бай да чыгат, кан да чыгат, мыктылар да ушундан чыгат”. “Бу ким?”. “Токой”. “Мындан бир көк жал бөрү чыгат”, – деди. Балбай – Токойдун баласы. “Мунуң ким?”. “Токоч”. Талды-Суу, бул чыр айыл болоорун айткан. “Мунуң ким?”. “Бул – Толубай”. “Мунуңа кандык келет, бат эле ажырап калат”. “Мунуң ким?”. “Бул – Сааты”. “Мунуң тентек болот”. Жанагы Ак Жаркын чачынын агын терип, кыркка чыкканда, Такабайга тийип, ошондо тойго бышып аткан казандарды көмөрө- көмөрө тебет. Тентеги ошо болду да. “Мунуң ким?”. “Теңизбай”. “Аа мыктылар мындан көп чыгат”. Илгери революция орногондо эле, Садыбакас деген милициянын начальниги чыккан. Теңизбайдан Керек деген баатыр чыккан, Төлөмүш Океев, Мар Байжиев чыккан, мындан баатыры да, мыктысы да көп чыккан. Анан: “Ой Белегим, он бир дедиң эле, онду эле санадым, бирөө жок. Таап кел”, – дейт. “Ой алыска ойноп кетиптир, сынчым, таппадым”, – дейт. “Ой, таап кел”, – дейт. Талаадан бир баланы алып келсе, сын түшпөй койду, “бул сенин балаң эмес экен”, – дейт. “Такыр таппадым, сынчым, жер-сууну издедим, таппай койдум”, – дейт. “Чыгданыңды аччы”, – дейт. Ачса, Алдаяр кыздан да сулуу, татынакай бала экен. “Ии муну тил туш болот деп катып койгон турбайсыңбы, мунун кызы сулуу болот, аты күлүк болот, иле бакан куу союл айыл болот”, – деди. Мына Ой-Тал, Ой-Булак Алдаярлар, Мойттор да. Чакасын кийип алып салышчу экен илгери эле, Алчынын жоор жээри деп дубанды бузган күлүк чыккан илгери. Бурулча деген эже, кызы төө чечти дейт, дубандын көзүнчө жыңалачтанып алып. Төрөтай деген Стамдын кызы Тезектөрөгө тартууга жарады.

Жанагы он бир баланы кайталап берейин. Алдашты ат качырбас, чынжырлуу боз айгырлуу, бий да, бай да болот дебедиби, Алдаш биринчи Кагаз деген аялды алды, ал Бирназар, Кудайменде деген бала төрөйт. Андан кийин Шекер деген аял алды, Болот бийдин кызын, тээ төмөнкү элден, Шекерден Шапак, Миңмурат, Тазабек деген үч бала төрөлдү. Андан кийин казактан Арууке деген кызды алды, андан Түкөк деген бала бар, алты бала. Алтоо ойноп отурат, чоңоюп, талаада таш, куурайдан сайып, мал кылып. Бир аксакал абышка келди: “Кимдин балдарысыңар?”. “Алдаштын”. “Силердин улууңар ким?”. “Мен”. “Атың ким?”. “Шапак”. “Эмне болоюн деп тилейсиң?”. “Баатыр болоюн”, – деп тилейм. Шапак баатыр болгон эмес, касиеттүү жакшы киши болгон, көп балалуу болгон. Шапакты коноктобай, же ачуусуна тийген киши болсо, бала- чакасы менен талап-булап, тамагын жеп, сабап кеткен. Мына, коркконунан баатырдын айылы, баатырдын балдары деп калган, Шапак ошондон баатыр аталып калган. “Сен кимсиң?”. “Миңмуратмын”. “Сен эмне болоюн дейсиң?”. “Мен молдо, султан болом”, – деген. Мына Миңмураттын баладары Боронбай хан болду, Зарыпбек султан болду, молдолор болду. Миңмуратты Кудай эле урат, Кудай урбаса эч ким ура албайт. “Сен кимсиң?”. “Тазабекмин”. “Сен эмне болоюн дейсиң?”. “Мен мырза манап болоюн”, – дейм. Бексырга деген манаптыкты сүрдү дейт, ушундай манап болду дейт. Андан кийин: “А сен кимсиң?”. “Бирназармын”. “Сен эмне болоюн дейсиң?”. “Мен бий да болом, бай да болом”, – дейт. Бирназардын аялы Күкө деген, Солто кадимки Канайдын кызы, Байтиктин атасы. Күкөдөн Эсенаман, Мурааталы, Алыбай, Даныяр, Нанжебес, Баялы деген алты балалуу болот. Алты бакма баласы бар: Үрбүжал, Жылкыайдар – Тилекматтын атасы, Муратай, Айбаш, Турдубай, Казакбай деген балдары бар, он эки баласы бар. Ошо жылкысы өсүп , 32000ге жетти, жылкы бузулбай Муратаалы баккан. Агасы Эсенаман бий, Эсенаман эрте өлүп калат. Сарыбагыштын колу келип чечек чыгып чочулап, Муратаалыга бийлигин берет, Муратаалы жылкыны алып ага берет, Алыбай өлгөндө Солтонкулга берет баласына, мына ынтымактуу болгон, четинен жылкыны алып раскоттогон, он эки балага энчи бөлүнгөн эмес, жылкы Алыбайда эле калып калган. Алыбайдан Солтонкулга калып калды. Солтонкулдан Сарыбайга, баласына калды, анан революция болду, эл үрктү. Он алтынчы жылы аман-эсен барып Кытайга барып, анан жылкыны калмак талап кетти.
Андан кийин: “Сен кимсиң?”. “Кудаймендемин”. “Сен эмне болоюн дейсиң?”. “Мен коюм эле көп бай болсом болду”. Мына, Кудайменделер Токтоянда турат, алар жүз түтүндөн кем эмес. Кудайменде он миң кара-боз кой айдады Бөлөмбай деген бай менен. Бирок коюм эле көп болсо болду деген, койлуу бай болду, койдун убайын да көргөн жок, ичип-жеген деле раскот кылган жок ошо, багып атып эле өстүрүп атып эле өлүп калды. Кою кетти. Ошо Кудайменде менен токтойт Алдаштын алты уулу. Ии Түкөк калды… “Сен эмне болоюн дейсиң?”. “Ээ, мен болоюн дегендин баарын мобу бешөө алып алды, мен ороо башы, ушулардын дыйканы болоюн”, – дедим. Мына Түкөктөр жаралгандан эле кырманчы, кампачы, анан совет бийлиги келгенде агроном. Ушундай болду, кампачы болушту. Тукуму азыраак, каргыш тийген эле. Анан эми ошол менен, Алдаштын алты уулу ушул.
Андан кийин мен – Муратаалымын. Муратаалыны айтып берейин. Муратаалы бий болгон, үч аялы бар. Үч аялынан сегиз баласы бар. Ушу күндө жүз-эки жүздөн ашып калды түтүнү, Сары-Тологойдо турат, анан ар кайсы жерде баягы бирин-сериндеп бар. Муратаалы бир эле аял алган киши, төрт уулу бар, бешөө бирөөнөн тукум жок. Бешөөнун эң улуусу – Алжаңбай, анан Карач, анан Калмырза, анан Шамырза деген төртөө, ошо Жайык деген баласынан тукум жок. Анан кыскартып аягын ошо менен токтоттум эми.
Айылдын аталып калышы боюнча, жанагы Белектин он бир уулу деп атпаймынбы, он бир уулдун улуусу, Мекененин төрт уулунукун айтайын. Мына бу Арал деп коёбуз, Түптөн өйдө карай Долон, Сары-Дөбө, Тогузбай, Тасма, Миң-Булак. Анан жанагы Теңизбай деген Чолпон, Тепке, ошерлерде жашайт. Андан кийин, Токойдун тукуму, Күрмөнтү, Сары-Булак, Балбайдын тукумдары, Кыздан да сулуу деп Алдаярды айтып атпайбы, аныкы Ийри-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Ой-Булак, үч баселке, андан кийимин токочтун тукуму – Талды-Суу. Шапактын тукуму дагы Качыбекский, Жайылма, аякта эки баселкеси, быякта Токтоян, Кең-Суу, Жылуу-Булак – Шапактын тукуму, Миңмураттын тукуму, көбүрөөк кара санап, жакшылык кылган эмес тууганга. Миңмураттын тукуму кытайда көп, биякта Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз үчөөндө 140 түтүн бар, жергиликтүү жер жок калды. Кудайменденин тукуму Токтоянда, Андан кийин Саты, жанагы тентек, анын баселкеси жок болчу, мобу, БЧКны баселке кылып алды, Түптөн бери чыга бергенде, ошондо Сатынын эки уулу бар: Ыбырай, Абдырай деген. Такабай дегени бар, ал Белектин бир тууганынын баласы, ал Белекке кошулуп жүрөт, анын тукуму – Ичке-Суу, Шаты, Чоң-өрүктү. Санташ деле ар кошкон эл, Тогуз-Булакпы, Сары-Көлдөн бери Совет бийлиги орногондон бери.
Саяк менен Тынымсейит экөө тең калыс туугандар. Саяк тууган Тагайдан кошулат, Тынымсейит, Алсейит экөө бир тууган, алардын эли Нарында, биякта аз, Сары- Тологойдо до бар, Жети-өгүз жакта да бар.

Leave a Reply