Тыналиев Анарбек, “Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт

This post is also available in: Орусча

Тыналиев Анарбек, 52 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы

Санжыра – биздин тарыхыбыз. Манас – биздин тарыхыбыз, дүйнө таануубуз, энцклопедиябыз. Азыркы калып кеткен эң жөнөкөй нерселердин баарын «Манастан» тапса болот. Айталы, «Манаста» Алмамбет атаны баары жайчы катары билген, ак жайдын күнүн кыш кылган. Ушунун аягы уланып келип, Будёновкага барсаң, Көчөр деген киши болгон, ал жайда туруп кыштын кандай болоорун айткан, Манас атанын убагында күн жаадырып же күндү ачылтып жиберсе азыр андей жок, бирок кээ бирлери эсеп жүргүзгөн. Көк-Кашатта да Эгемберди деген киши болгон, ал убагында күндү өзгөрткөн эмес, бирок кыштын кандай, жайдын кандай болоорун туура айткан. Өкүнүчтүүсү биз ушул кишиден көп нерсе ала албай калдык да, көзү өтүп кетти. 5 жыл эле болду.

Санжыра – биздин тарыхыбыз. Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт деп коет кыргызда. Биздин санжырабыз көкүрөккө жазылган да. Китеп болуп  жазылган эмес, ооз эки, санжыра катары сакталган. Мисалы, бала төрөлгөндөн  кийин эле эс тартканы жети атасын айттырган, чоң ата, чоң эне, таята, тайнеси ким болгонун айттырган. Муну жети жашка чыкканча үйрөнгөн. 12 жашка чыкканча. Мисалы, Көк-Кашатта болсо тегерегин, кошуналарынын уруусун, Таластагы кушчу, саруу, кытай деп чоң урууларды да билип калган да.

15ке чыкканча ар уруунун акылманын, чеченин, даанышманын, баатырын, балбанын, байын, бийин, болушун, баарын билип калган. Баасын-баркын, кылган ишин, тарыхын билип калган дегени, ал элдин санжырасын билгени дегени.  Үйлөнгөндөн кийин кырк уруу кыргыздын ичкилигин, оң-солун баарын, урууларды толук ажыратып билип калган. Анан сөзсүз түрдө жети атаңды бил, жети атасын билбеген жетесиз кул деген кыргызда. Мына азыр мектепте Наполеонду, Кутузовду окутат да, санжыраны окутпайт. Ошол эле Байтик ким десең же Шабданды сурасаң билишпейт. Биздикилер азыр маалыматтуулукка жетебиз деп кайра санжыраны түртүп койгон да  Бул бир жомок, эскинин нерсеси, жөн эле бай-манапты мактамай деп түшүнүшкөн. Бирок андай эмес,  чыныгы кыргыз тарыхы ушул санжырада жатат.

А бизди Советтер Союузу эмне кылып салды. Нары жагың Конзавод, Чкалов, Буденный, Коммунизим ж.б. Ана, жата бер өзүңдү Россиянын бир губерниясында жүргөндөй сезип. Менин айылым мурун Көк-Кашат эле болгон экен. анан союз учурунда Малинкой деп атап койгон экен, кийин СССР кулагандан кийин гана кайра Көк-Кашат деп атап калды да. Анткени айылдын үстү көйкөлгөн көкмөк жашыл чөп да, ошон үчүн Көк-Кашат деп аташат экен.

Кашат деген ошол дөңдөгү төшкө чыга берген жээк, анын алды биздин айыл болуп жатпайбы. Мисалы, Чоң-Токой айылынын жээги бүт эле токой болгондуктан, Чоң-Токой деп койгон. Буларды мурун илгеркилер жердин шартына карап эле атай берген да.

Leave a Reply