Тотубаев Эрмек: Сарт акенин Көл өрөөнүнүн сакталып калышында салымы чоң

Тотубаев Эрмек, 60 жашта. Жети-Өгуз р. Чоң-Кызыл-Суу айылы.

Сарт акенин Көл өрөөнүнүн сакталып калышында салымы чоң. Ал баягы Ормон ханды Балбай өлтүргөндө керээз айткан. Балбай Каркырага барып таарынып жатып алганда, Үмөтаалы Көлдү үч айланып чапкан экен. Мобу Жуукунун ичинде алты жүздөн ашык түтүн кыдыктар кыштап турган жеринде чапкан. Баарын кырып кеткен. Ошондо Семён Тянь-Шанский келе жатып, ошонун үстүнөн чыккан. Кишинин өлүктөрүн иттер жеп, семирип, кишиге кол салып калган экен. Ал иттерди Семён Тянь-Шанский аттырып, Верныйга бул жактагы болгон чабышты айтып барган. Анан ошого алым келбейт экен деп, анын үстүнө Сарбагыштар Казактарга жардам сурап кайрылышкан.Аны угуп алып Боронбай Сарт акеден: «Сарбагыштар Казактар менен кошулушуптур, алыбыз келбей калат го, Текеске кетели, жерди бошотуп берели», – дегенде Сарт аке: «Биринчи Балбайды чакырып, аны менен элдеш, анан Бугу элинде да Өмүр, Жанек, Алыбек деген баатырларды Балбай чакырып башын курайт. Анан биз Сарбагыштарга каршы тура алабыз. Мен Казактарды токтотуп берейин», – деген экен. Мурун Казактардын Тезектөрө деген ханы менен Сарт акенин байланышы бар экен. Тезектөрө менен куда-сөөк болуп ынтымакка келтирген экен.
Тилекмат аке ошол убакта таарынып, Текесте жүрүптүр. Түп жакта бир топ болуп жаткан жерден элибизде тартип болбой баратат десе, анан Чоң Карач деген Шапактын уулу болуптур, ошол: «Таң, кайдан келип мен билсем, капкайдан келип сен билсең, анан кайдагы тартип болмок эле», – деп коюптур. Чоң Карачты Шапак батыр калмактан багып алган экен. Тилекмат акенин да теги жок дегендей айтылат. Аны таап келген, же алмашып келген деген ар түрдүу сөздөр бар да. Кандай эмгек кылсам деле ушул атым өчпөйт экен го деп ошондон таарынып кетип калган экен.
Сарт аке Текестен Тилекмат акенин ушундай башка кыйынчылык түшүп турган мезгилде таарынып жатып алганы эмнеси деп, чакыртып, Тезектөрөгө жөнөтүптүр. Казактарга барып, баягы убада боюнча куда бололу, Сарбагыштар менен кайраштырып, элди Текеске качкандан алып кал, ал сенин тилиңе көнөт, деп жиберген. Жанына Бала Карач дегенди кошуп алып, Тезектөрөгө барса, сарбагыштар ошол күнү ошол жерде экен. Тилекмат аке кыйындыгынан Тезектөрөнүн ыгын таап, сөзгө көндүргөн экен. Шамен деген Ормондун иниси баштап барган экен аларды. Куда өңдөнүп Тилекмат аке төргө барып, Тезектөрөнүн этегин басып отурган экен. Шамендер кичине кечирээк кирип калат. Ошондо: «Бул кандуу моюн кайдан жүрөт?», – дептир Тилекмат акени. Анан ал: «Мен кан моюнмунбу, же сен кан моюнсунбу? Кененсары, Ноорузбайды өлтүргөн сен кан моюн болбойсуңбу», – деген экен. Тезектөрө ачууланып, Ноорузбай го мейли эле, тиги Кененсарынын шилисинен куймулчагына чейин жалы бар эле, ошого кантип колуң барды деп, Шамен кырк атка белек жүктөп барган экен, кырк качырыңды айдап алып кеткин деп айдап чыккан экен. Убада боюнча бияктан Төрөтай эжебизди даярдап, Каркырага өргөө тигип, сан жылкылуу Сарыбайдын жыйырма миңдей жылкысынан Каркырага айдап түшүрүп, Тилекмат аке Тезектөрөнү ээрчитип келген экен. Колуктунун үйүнө деп даярдатып, 50 м. жерге килем салдырып, Тилекмат аке Тезектөрөгө күтүп турган элге жүгүнүп киресиз дейт. Тезектөрө килемдин жээгине келип, элге жүгүнүп, анан кирген экен. Ошондо Сарт аке бата берген экен: «Мурунку эрдигиңен да кийинки эрдигиң өттү. Узарсаң кыскарбагын, толсоң бөксөрбөгүн, чайпалсаң төгүлбөгүн, сөзүң эки болбосун», – деп бата берип, Төрөтай эжебизди той менен узаткан экен. Сарт акенин сөзү боюнча Балбай менен Боромбай элдешип, желдеңден Жанек баатыр баштап кол жыйнап, арык тукумунан Өмүр баатыр элден кол жыйнап, саяктардан Алыбек баатыр, биздин дөөлөстөрдөн Токонай деген болгон, ошол да кол жыйнап, көп кол казактардан келип, Төрөкелдини жеңип, бугу ошентип көлдө сакталып калган. Сарбагыш менен урушу кичине бастап калган экен.
Бугу эли Долон бийден тараган. Анын Адыгине, Тагай деген эки баласы болгон. Адыгыненин көбү түштүк тарапта. Тагай бийден төрт бала болот: Богорустан, Кылжыр, Азык, Саяк деген. Тагай бий хандын ордосунда, түштүктө туруп калган экен. Илгери аттуу, баштуулар ордодо кызмат кылган экен. Убактысы бүткөндө кетээринде аялынын боюнда бар экен. “Жолдон төрөп дагы кандай болот, сен биякта эле кал. Эгер кыз төрөсөң, атын өзүң билип кой, эгер эркек болсо, Карачоро коёсуң да, жетилген кезде атаңды тап деп жөнөтөсүң”, – деген экен. Мен кемеримди таштайм, эркек болсо берээрсиң дейт. Аялы эркек төрө, атын Карачоро коёт. Баласы чоңоюп, атасын издеп чыгат. Жолдон бир балага жолугуп, ата-тегин сураса.жетим баламын дейт. “Менин азыгымды көтөрөсүң, мен да атамды издеп баратам”, – деп аны жанына жолдош кылып ээрчитип алат. Экөө келатып дагы бир балага жолугуп, анын да ата-теги жок экенин, селсаяк экенин билип, аны да ээрчитип алышат. Көп жол жүрүп, атасын келип табат, да баягы атасынын кемерин берет. Атасы үчөөнө үч үй көтөртүп, тосуп алат. Жанындагылары ким экенин атасы сураса, жолдон жолдош кылып ээрчитип алганын айтат. Бирөө азыгымды көтөрүп келди десе, анда аты Азык болсун, экинчиси селсаяк экен десе, аты Саяк болсун деп, аял алып берген экен. Азык менен Саяк ошондон тараган деген да вариант бар.
Тагай бийден Кылжыр, Кылжырдан эки бала болгон: Орозбакты, Дөөлөсбакты деген. Орозбактыдан бугулар тарайт, Дөөлөсбактыдан сарбагыштар тарайт. Дөөлөсбактыдан беш бала болгон: Асан мырза, Мырзагул, Кара мырза, Арык мырза, Токоч мырза. Арык мырза эң улуусу болгон, азыр анын эли Ак-Суу районунда турат.
Арык мырза менен Кара мырза экөө мергенге Ала-Мышык тоосуна барган экен. Ошол жерден бир кыз таап алышат. Аны үйгө алып келишет. Ал убакта Мырзагулдун аялы бар, бирок итти жакшы көрүп, 100гө жакын ит багып, кичине эси жогураак болуп калган экен. Анын Алсейит, Тынымсейит. Алсейиттен Жаманкул, Бапа, Туума деген уч баласы болгон. Таап келген кызды Бапага нике кыйып койгон. Көрсө, ал мүйүзү бар касиеттүү киши экен. Жамангулдан Белек, Кыдык тарайт. Түптөгү элдин баары белек болот. Бападан Барскоондуктар тараган, Туумадан желдең уруусу, андан үч бала: Аккозу, Каракозу, Бозкозу деген болгон. Кара козусу бай, кыйын киши болгон, ал эки аял алыптыр. Биринчи аялынын өзүнүн аты башка, бирок үч маал үч көйнөк кийип чыкчу экен, ошондон Кубуул деп коюптур. Ак-Теректеги элдерди энесинин атынан кубуулдар дейт. Экинчи аялы кедей жердин кызы болгон экен, анан аны басмырлап, төрөгөн күнүнүн эртеси эле бээ саадырып коёт. “Эже, кичине жыттанып аттым эле, саабай эле коёюн”, – десе, болбойт, ошондо ат үркүп, тээп ийип өлүп калат. Андан Желдең, Жүдөмүш деген эки бала калат. Желдең тың бала болот. Бир күнү Каракозу бий келе жатып нан таап алат, караса, башкача киндиктүү нан экен. Үйүнө алып келсе, эч ким жок. Керегеге кыстарып коюп тышка чыгып кетет. Желдең ошол маалда жылкыдан келип калат экен. Жүдөмүш 9 жашына чейин бешикте жатыптыр. Желдең үйгө кирип, баары кайда кетишкен десе, эшикте мал тейлеп, бээ саап жүрүшкөнүн айтат. “Атам керегенин башына нан кыстарып кетти”, – десе, Желдең “ай курсагым ачты” деп баягы нанды экиге бөлүп, жарымын өзү жеп, жарымын инисине берип, кайра жылкыга кетип калат экен. Каракозу барып, Кубуул энеге нан таап алдым, жүргүлө жейли деп ээрчитип келсе, нан жок. Жүдөмүштөн нан кана десе, абам келип жарымын өзү жеп, жарымын мага берип жылкыга кетти дейт. Ошондо кыраакы байбичеси ачууланып, ал касиеттүү нан турбайбы, менин балдарым жебей калды, бар Желдеңди өлтүрүп кел деп, Каракозуну жиберет. Айласы кетип аркасынан барса, Желдең кырга барып жатып уктап калыптыр дейт. Караса тегерегиндеги кардын баары эрип калыптыр. А бул балам бекер бала эмес экен, муну өлтүргөнгө болбойт деп, баласына баарын айтып, көйнөгүн чечтирип алып, бир козуну мууздап, ошонун канына чылап, аялына алып келиптир. Баласын бир топко чейин, ачуусу тараганча келбегин деп башка жакка аттантып ийет. Кийин келип, нандын касиети менен кыйын чыгып, азыр Дархандан ары Тосорго чейин желдең аталып, тукуму көп тараган.
Желдеңдин үч аялы болгон: Күрүчбек, Сарыкыз, анан 3-аялынын аты айтылбайт. Ушул аялдарына үйлөнгөнү жөнүндө өзүнчө кептер бар. Улуу аялы Күрүчбек өзүнүн аты эмес. Бир күнү бир айылдан келе жатса, астынан бир кыз чыгат. “Жол алыс эмеспи, учкштырып алайын, атка миниңиз”, – десе, тиги кыз болбой коёт, мен этегиме күрүч сурап келаттым эле, атка минсем күрүчүм төгүлөт, жөө эле барам дейт. Ошондо бул жөн кыз эмес экен деп, ата-тегин сурап, ал кызды алып, ошондон Күрүчбек аталып калган. Экинчи аялы Сарыкызды болсо, бир чабышта Желдең колго түшүп калып, ал жерде өзүнүн кыйындыгынан бошонуп, ошол жерден алып келген кызы болот. Ал эрке болгондуктан, тийээрде шарт коёт: «Жонума камчы чаппайсың, үстүмө аял албайсың», – деп. Ошентип жыл да өтүп, бир күнү Желден мергенге чыгып элик атып келип, ирегесине келсе, эки аялы бири-бирине эрегишип, жолунан тосуп чыкпай коёт. Ошондо Желдең эликти ирегеге таштап, жонго чыгып таарынып отуруп алат. Ал убакта аялдары чыга калып, канжыгадан чечип алыш керек экен. Жондо 2-3 күн түшпөй отуруп алат, ооруп каласыз кириңиз десе да болбойт, ошол маалда Арык аке өтүп бараткан экен, ага айтышып, сиз айтып көрүңүзчү, биздин тилибизди албай атат дешет. О-о кокуй күн, анын үстүнө үй тиккиле дейт да, учунчу аялды алып келип нике кыйганда таарынычы жазылган экен. Ошондо Сарыкыз: “Олда атаңгөрү ай, менин шартымды жазды, болбосо баатыр бала төрөп бермекмин”, – дептир. Чын эле балдары анча кыйын чыккан эмес.
Биз бу түштүктөн келгенбиз. Дөөлөстүн Толуман, Калкаман деген эки баласы бар экен. Толумандын тогуз уулу бар болгон. Эн кичүүсү Чулум кашка деген. Онунчу Кенжеке деген кызы болгон. Хан менен куда болушуп, оокатын бергенде хан Толумандын Торайгыр деген атактуу айгыры бар экен, ошону кошуп берүүсүн өтүнөт. Кызына карап кошуп берет, бирок ошондон кийин жылкылары кырылып, четинен өлө баштайт. Ошондо аксакалдар, акылмандары чогулуп: “Торайгырды алып келиш керек, же болбосо, кан-жинин алып келип желеге чачса, жылкынын өлүмү токтойт”, – дейт. Ошондо Чулум деген кичүүсү барып, хан сарайга бир-эки жыл туруп, байкап, бир күнү айгырды мууздап, чаначка канын алып келип чачкандан кийин жылкынын өлүмү токтойт. Бул кимдин колунан келди, Чулумдун колунан эле келди деп, хан аны кармап келгиле дегенде, Чулумду ушул жерге Алсейитке качырган экен. Ал бала кылып алып, Чүйдүн Солтосунун Боорсок бий дегенинин үч кызы бар экен, ошонун үч кызын өзүнүн эки баласына, анан Чулумга алып бериптир. Азыр бул жерде беш айыл дөөлөс уруусу. Алар: Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Дөбө, Жалгыз-Өрүк, Боз-Бешик, Аң-Өстөн. Илгери баары ушул жерде турган экен. Жер бөлүштүрөбүз дегенде дөөлөстөн Эшмамбет деген кыйын киши чыккан, кыдыктан Атахан деген кыйыны чыгып Чыныбай бий болоордо, ал да бийлик талашат. Ошондо дөөлөс элин чогулта башташат, баягы бий шайлаарда коргоол көп болуш үчүн, элди Кеминден, күңгөйдө бар экен, ошол дөөлөстөрдү көчүрү келип, бул жерге отургузуп, Сарууга Жуукуну берип, сарууларды көчүрүп келип Чыныбай утуп кетиптир. Кой эми кестирип келген жерлерди башкалар ээлеп алышат деп, Чоң-Кызыл-Суу менен Жалгыз –Өрүккө эки атанын балдарын көчүрүп, Оргочор кыштоого ыңгайлуу деп, анан Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Боз-Бешикке бул айылдын башын көчүрүп, дөөлөстөр ошо жерлерде туруп калат. Ошентип, Толумандын кичүү баласы Чулумандын тукуму бул жерде, калган сегизи түштүктө дейт.

Leave a Reply