Токтоназаров Амантур, Санжыраны илгерки аксакалдар түзүшкөн

This post is also available in: Англисче

Токтоназаров Амантур, 84 жашта, айдоочу. Ак- Кочкор айылы

Санжыра. Илгери ушул жерде Бирназарлар жашап турган экен. Бирназар – Алдаштын баласы, Алдаш – Белектин, Белек – Жамангулдун, Жамангул – Алсейиттин, Алсейит – Мырзакулдун баласы. Бизде беш мырза болгон. Биз беш мырзанын бирөөсүнүн баласы Мырзакулдан болобуз. Азыр Майда Белек, Чоң Белек деп коёт, булар – Арык тукуму. Арык аке беш мырзанын улуусу экен.
Санжыраны илгерки аксакалдар түзүшкөн да. Алардан куйма кулактар угуп отуруп улам кийинки муунга жеткиришкен. Ата-бабанын салтын биринен-бири улап отурбаса, кыргыз жоголуп кетпейби. Кыргыздын кагазга түшпөгөн тарыхы санжыра болот.

Leave a Reply