Токтобеков Мусулин: Кыргыздын кыргыз экендигин билүү үчүн санжыра айтылган.

This post is also available in: Англисче

Токтобеков Мусулин, 76 жашта, агроном. Жети-Өгүз району,  Ак-Кочкор айылы

Санжыраны кыргыздар эмне үчүн түзүшкөн жана кимдер түзгөн? Бизде кыргызда илгери жазуу болбогондон кийин илгерки ата-бабаларды, 7 атабызды билиш үчүн ооздон-оозго, кыргыздын кыргыз экендигин билүү үчүн санжыра айтылган.
Көл аймагындагы көпчүлүк элди Долон бийден баштайт. Долондон Акул, Кубуул деген болгон. Адигине эли болсо Ош тарапта болот. Тагайдан биз тарайт экенбиз. Аягы жүрүп отуруп бугу, сарбагыш болот, экөө бир тууган болгон. Бугуну Орозбакты деп коёт. Орозбактыдан Мырзалар болот. Арык мырза, Токоч мырза, Кара мырза деген эл болгон. Арык Мырзанын эли Ак-Суу, Түп, Көкүрөк жакта, Түргөн айылы деп коёт.
Мырзакул мырзанын тукумдары – Тынымсейит, Алсейит. Алсейит Түп жакта, Тынымсейиттин тукуму Нарын жакта болот. Алсейиттен – Жамангул, Бапа. Жамангулдан- Кыдык, Белек.
Мына мен өзүм Тынымсейит болом. Тынымсейиттен Кабели, Шалтак, Канмортук деген. Канмортук төрөлгөндө уучуна кан уучтап түшкөн экен. Ошондон Канмортук аталып калат. Мунун тукумдары кыйын чыккан. Жанагы Буйлашов Арстанбек, Актан Тыныбеков, манасчы Тыныбек. Кабелиден беш бала бар. Тээтиги Түптө, Корумду, Маяк, Чоң-Таш жакта бар.
Шалтактан Бактыгул, Кабак. Кабак деген ылдыйкы айыл да. Бактыгулдан биз болобуз. Анын үч байбичеси болгон: Чабалдай, Меңдибек, Кызылтаз. Чабалдайдан мына бизбиз. 7 тукум тарайт: Турпа уулу, Оус уулу, Сатыбалды уулу, Бытый уулу, Торой уулу. Турпан уулунан биздин айылда 60-70 түтүн жашайбыз. Чабалдай деп энебиздин атынан чакырат.
Меңдибек эли да Жети-Өгүз аймагында отурушат. Чабалдайдын көпчүлүгү Нарында жашайт.
Андан сырткары Ак-Кочкордо көп уруулар жашайт. Мисалы, коңурат, сырдыбай деген бар. Мунун түбү калмак болот. Илгери жортуулчулук заманда Бүрбүжал деген баланы Бирназар деген киши багып алат, ошондо ал 9 жашта экен. Андан: Сырдыбай, Турдубай деген тарайт. Сырдыбайдын балдары ушул жерде отурат, аларды калмактар деп тамашалап коёт.
Санжыраны улуу кишилер, карыялар айткан. Илгери дөөлөс Сарт аке деген болгон. Садыр аке деген болгон. Ошол сыяктуулар айткан да, санжыраны жөн эле киши айта бербейт. Муну бир эле киши чыгарган жок, бул элдики. Жазуу жок болгон да, ошондуктан улуудан кичүүгө айтылып, оозеки түрдө жашап келген.
Ушул жерде Бирназардын тукуму жашап калыптыр. Анын 6 тонсуз, 6 тондуу уулу болгон. 6 тондуу уулу дегени, ал өз балдары. 6 тонсуз уулу дегени, бакма балдары. Эне төрөгөндө баланы тону менен төрөйт да. Ошондон тондуу өз баласы деп аталат. Муну азыр чаташтырып, тескери да айтып жүрүшөт, ал туура эмес. Ошентип, Бирназардын 12 уулу болгон. Тонсуз уулунун улуусу Бүбүжал. Андан – Сырдыбай, Турдубай тарайт.
Экинчи тонсуз уулу – Жылкыайдар. Андан Тилекмат аке деген мыкты чечен чыгып атпайбы.

Leave a Reply