Сасыкулов Кыялбек, уруулардын келип чыгышы жөнүндө

Сасыкулов Кыялбек, Эл агартуунун отличниги, тарыхчы, 61 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Кыргыз элинин тарыхы жазылганы менен айрым уруулардын келип чыгышы же алардын тарыхый пайда болушу жетишэрлик изилдене жана тактала элек. Ар бир инсанга ар бир уруунун, уруктун түзүлүшү жөнүндө билүү мыйзам ченемдүүлүк. Мурунку ата-бабаларыбызда «Жети атасын билбеген, жетесиз кул» деп айрыкча ата-тегин билүүгө өтө маани беришип, бала эс тартканда эле жети атасын айттырып үйрөтүшкөн. 5-класста “Кыргызстандын тарыхы” китебинин 5-параграфында «Санжыра сыр сандыгын ачканда» деген теманы өткөндө окуучулардан жети атасын сураганда көп эле окуучулар жети атасын биле беришпейт. Окуучулар эмес, улгайып калган адамдарыбыз деле биле беришпейт. Мен бул тарыхый жазмамды урпактарга ата-тегин билүү, үйрөнүү катарында арнамакчымын. Айрыкча урук анан уруу тарыхын билүүдө Долон бийден башталат эмеспи. Тарыхый жазмамда Саруудан баштап өз ата тегиме чейинкисине токтолдум. Жазууда жазгыч акын Тоголок Молдо, Үсөйүн ажы кыргыз тарыхынын атасы Осмонаалы Сыдыков экономикалык илимдеринин доктору, профессор Мусаалы Иманалиев, тарых илимдеринин кандидаты Баймырза Нурманбетовдордун эмгегине таяндым.

Тоголок Молдо боюнча: Долондон Агул, Губул Губулдан 6 уул 1. Асыгаалы 2. Кандабас 3. Пичене 4. Килет 5. Кулансарык 6. Сапарбай.

Үсөйүн ажы: Куу уулдан 1. Кутчу 2. Чоңбагыш 3. Кытай 4. Саруу 5. Мундуз 6. Базыс 7. Нойгут.

Мусаалы Иманалиев боюнча: Көнөктөн Саруу: Саруудан Туубай, Кырк уул, Төңтөрт, Тогунай, Кошкулак.

XVII кылымда XVIII  кылымдын 1-жарымында ойрот калмак баскынчылары Кыргызстанга кайра-кайра талоончул жортуулдарды уюштуруп, кыргыз айылдарына кол салып турушкан. Түрк элдери калмак деп атап, теги жагынан моңголдордун оң канаты ойротторго барып такалчу калк тарыхый булактарда, илимий эмгектерде ойроттор, өлөттөр, жуңгарлар, калмактар деген аттарды алып жүрөт. Ойроттор жеринен Монголиянын батыш жагындагы кеңири аймакты жердешчү.

XV кылымда ойроттордун өз алдынча хандыгы түзүлгөн. XV кылымдын 2-жарымында бул хандык феодалдык ич ара согуштардын айынан бир нечем майда хандыктарга бөлүнүп кеткен.

XVI кылымда калмактар кайра биригип «Дербен ойрот (Төрт ойрот)» союзун түзүшкөн.

XVII кылымдын биринчи чейрегинде казак ханы Эшим хандын заманында (1598-1628-жылдар) кыргыздар менен казактардын ортосунда XVI кылымда калыптанган ынтымак ого бетер чыңалды. Анткени калмактардын жаңы чабуулдарына биргелешип каршылык көрсөтүүгө туура келген. Эңеше бойлуу Эр Эшимди хан тукуму экен деп казак, кыргыз чогулуп өздөрүнө хан көтөргөн. Ошондо Эшим хан кеңешип иш кылалык деп Ташкенттин төмөн жагындагы Көк-Дөбө деген жерде казак кыргыздын билермандарын, журт башчыларды жыйынга чакырат. Ага солтодон Чаа, сарыбагыштан Сарысейит, саяктан Түгөл, Түнкатар, багыштан Көкүм, саруудан Төңтөрт, Боркелик (Тубайдын баласы), кушчудан Кайназар, кытайдан Кангелди катышкан. Кыргыз колунун колдоосуна таянып Эшим хан Катагандын акыреттик ыйык достук антын бузган хан Турсунду жеңген. Казак, кыргыз ынтымагынын натыйжасында 1626-1627-жылдардагы казак, кыргыздардын калмактарга жортуулу жеңиштүү аяктаган.

Төңтөрттөн Чаичак, Таабалды: Таабалдыдан Кудайберди: Кудайбердиден Ак кийиз, Култай, Колпоч: Колпочтон Төкө, Быры, Баба, Чуңгу, Куулек, Каңкалайдан урук жок, Алаш.

Алаштан: Абыла, Баяш: Абыладан Козубек. Козубектен Олот, Болот. Олоттон Раимбек, Чочой. Раимбектен Токтук, Муратжан.

Санжыраларда Токтукка чейин айтылып, андан кийин жок. Мусалы Иманалиевдин  «Кыргыз санжырасы» деген китебинде Токтук айтылып, Токтукту жалгыз кылып койгон. Муратжандын айтылбай калышы мындайча: Токтук калмактар менен кармашууга жоокерчиликке кеткен учурда калмактар кол салып айылын чаап кеткен болот. Кайтып келсе айылы бүлгүнгө түшүп, үй-бүлөсү, айылдаштары туткунга түшүп кетишкен. Токтук үй-бүлөсүн издеп калмактарга барып, аялын, айылдаштарын тааныйт. Калмак башчысынын күлүктөрүн багып кызмат кылып калат. Бир күн 10-15 чакты калмак бир доңузду (каманды) кубалап өлтүрө албай коюшат. Ошондо калмак башчысынын өзүнөн башка минбеген күлүгүн минип найзаны колго алып, каманды кууп өлтүрө саят. Токтук өлгөн каманды сардектей кылып куйкалап, таптаза кылып жууп, калмак башчысына тартуулайт. Калмак ханы эмнени сурайсың деген суроону коет. Токтук эки нерсе сурайм: Биринчиси өзүңдөн башка минбеген күлүгүңдү минип каманды өлтүрдүм, аны сингенимди кечир. Экинчиси: үй-бүлөмдү бошотуп бергиниң деген талапты коет. Калмак ханы биринчи талабыңды кечирдим, экинчи талабыңа болсо тааныгандарыңды алып кете бер деп жооп берген экен. Апабыз Балагуштан баштап тааныгандарын бошотот. Бир тууганы Муратжанды издеп таппайт. Таппагандан кийин туткундарды алып өз жерине кайтып келет.

Муратжандын тарыхы мындайча: Калмактар кыргыз айылын чаап казактар аркылуу өтүп Жаркентке барганда казкактар жаш бала Муратжанды ажыратып алып калышат. Казактын байы Тилекенин колунда чоңоет. Азыр Алма-Ата (Талды-Курган) областында Жаркентте 1000 гө жакын Кыргызбай айылы бар. Муратжандан тараган. Агынай, Алакчын уруусунун беги атак-даңкы таш жарган менменсинген билерман байы Канай, Колпоч уругу жайлаган. Калба өзөнүн ээлеп кыштап, жайлап өзүм билемдикке сала берген. Ошондо Күрүч Колпоч уругунун эр азаматтары Беккулу, Саадабай, Талканбай, Султаналы, Самакты уюштуруп, Канайдын көчүнө кол салып, жүктөрүн түшүрө чаап, өздөрүн Калба өзөнүндөгү Терс-Булак аркылуу Чырканакка ашырып жиберет. Канайдын ичинде кеги калат, амал-айла издейт. Кандай болсо дагы беш азаматты жок кылууга аракет кылат. Өзү өйдөкү кушчу уругунан Карабай деген Алтыбайдын сазында орус жылкысын баккан, өзү тоодой болгон балбан киши экен. Канай куулук менен бир топ жигиттерге Карабайды өлтүргүлө деп дайындап, өзү Суусамырга жайлап кетет. Ал кезде Орусиянын колониялык саясаты күчөп турган мезгили. Канай беш азаматты орустар аркылуу жок кылмак болот. Бир күнү Канай дайындаган жигиттер Карабайга келип оюн ойнойбуз деп сунуш кылышат. Жигиттер дөөдөй болгон Карабайга күчтөрү жетпесин билип, айла-амал менен өлтүрмөк болушат. Жигиттердин сунушуна Карабай макул болот. Баш бармак оюнун ойномок болушат. Эң мурун мыкты чыйратылган жип менен Карабайдын баш бармагын байлашат аны Карабай үзүп салат. Анын балбандыгын макташат. Кыргызда “балбан баео болот” деген сөз бар эмеспи, ал жигиттердин оюн кайдан билсин. Экинчи жолу төөнүн тарамышы менен байлайт, Карабай булкканда үзүлгөн эмес, ошондо даяр турган жигиттер башына сыйыртмак салып өлтүрүшөт. Карабайдын чөнтөгүнө мени өлтүрсө эле Беккулу, Саадабай, Талканбай, Султаналы, Самак өлтүрөт деп жазып, салып коюшат. Суусамырдагы Канайга киши чаптырышат. Канай келип орустун байына жолугуп, ал Олуя-Ата (Жамбыл, Тараз) уездине кайрылышат. Ал кезде Талас өрөөнү Олуя-ата уездине караштуу эле. Падыша өкмөтү аларды сүргүнгө айдоо өкүмүн чыгарат. Беккулу, Саадабай, Талканбай, Султаналы, Самак күзүндө сүргүнгө айдалат. Падыша өкмөтү Сибирге алып барып таштагандан кийин, алар жазга чейин ар кимдин жумушун иштеп калышат. Жазында келген жолунан башка жол менен качып чыгышат, анткени түз кетсек орустар кармап алабы деген ой менен Сибирь аркылуу казак жерине келип, Жаргентке туруп калышат. Казктар келгиндерди кайсыл жерден болосуңар деп сурамжылашканда биз кыргызбыз деп жооп беришет. Анда эмесе ушул жерде да кыргыз бар дешет. Тааныша келгенде тууган болуп чыгышат (Муратжандын уругу). Ал жерде алар бир топ ай туруп калышат. Сыйын көрөт, урматтап узатышат. Алар өз кишилери Көчөнтай менен Салпаңды кошуп, бешөөнө беш ат мингизип узатышат. Келгенден кийин алар дагы бир топ ай болушуп, Токтук туугандардын сыйын көрөт. Узатмак болгондо мал беришмек болот. Казак туугандар малдын кереги жок, убаракерчилиги бар деп макул болбой коюшат. Олуя-Атага атайы кишилерди жиберишип, кымбат баалуу мата кийим-кече алышып аттарга артып жөнөтүшөт. Кетээрде алар бизге эки бала бергиле, биз бала кылып багып алалы, катташып туралы деген талапты коюшат. Токтук туугандар Абды менен Сөпалыны чегеришет. Бирок алардын аталары Кудаш менен Сейтаалы макул болбойт. Силер көп балаңардан бербей биз жалгыз балабызды беребизди деп макул болбой коюшат. Ошол кеткенден кийин жүздөгөн жылга Токтук уругу менен Муратжандын уругунун ортосунда байланыш болбой калат. 1990-жылдардын ичинде Токтук уругунан кыргыз тил, адабият мугалими Тургунбаев Аманкул издөө салып, Казакстан гезиттерине кайрылат. Гезиттен жооп келет, Тургунбаев Аманкул жана Абдиев Канатбек Талды-Курган областынын Панфилов районуна барышып, Муратжандан тараган туугандарга барып сыйын көрүп кайтышат. Ошондон баштап, туугандарыбыз менен байланыш түзүлүп 2005-жылы алар 8 киши болуп келип кетишти. Жакында 22-январдан 25-январга чейин Талас районунда Көк-Кашат айылында боордош Казакстандын Алма-Ата (Талды-Курган областынан) Галым Тууганбаев баш болгон туугандар келишип, Токтук туугандар менен чер жазышып, аңгеме курушуп, туугандарына ала келген калпак, чепкен, маталарын уруу аксакалдарына, улуу апаларыбызга жабышты. Алар Манас күмбөзүндө, Атайдын музейинде болуп видеого тартылып, сүрөткө түшүп, Атайдын музейине өздөрүнүн кол тамгасын беришти. Галым Тууганбаев өзүнүн «Өмүр күрөш» деген китебин ар бир урууга таштап кетти. 2008-жылдын июль айында болуучу 70 жаш кутман курак тоюна Токтук туугандарын чакырып кетти. Туугандар аларга чапандарын жаап, калпагын кийгизип, аял кишилерге көйнөктөрүн кийгизишип, Тараз шаарына чейин узатып кайтышты.

Галым Тууганбаев 1938-жылы туулган. Эмгек жолу айылдык кеңештин катчысы катары башталган, анан совхоздун директору жана партия уюмунун катчысы болгон. 1973-жылдан 1987-жылга чейин Алма-Ата областынын Панфилов, Аксу, Көксу райондорунун партия комитетинин 1-катчысы болгон. Казакстандагы эң ири «Алтынемел» мамлекеттик-улуттук табигат паркын куруп уюштурган. Казакстан калыс экология академиясынын академиги. КПССтин 25-сьездинин делегаты. 1990-1994-жылдары Казакстандын Жогорку Советинин депутаты.

Көккашат айылындагы Токтук уругу.

Токтуктан: Жамансарт, Боромбай, Казакбай, Үсөнбай, Сасыкбай.

Жамансарттан: Калча, Мамаке, Ормоке, Эрназар, Аблаке, Бөкөнбай, Шералы.

а) Калчадан: Көчөр, Төлөй.

Көчөрдөн: Жанышбай, Жолумбек, Артык, Чаргын.

Жанышбай, Жолумбек, Артыктан урук жок.

Чаргындан Байгазы.

Төлөйдөн: Шамбет, Алтымыш, Ырысмамбет, Жуманаалы, Мамбет,      Жанкушчу, Жамгыр.

б) Мамаке: Солтоной, Солтонгелди, Назар, Нияз, Чоңмурун.

Солтонойдон: Тыныстан.

Тыныстандан: Мамбетаалы, Рахматаалы.

Солтонгелдиден: Дүйшөбай, Кулуке, Сейтаалы.

Дүйшөбайдан: Тукуш, Анатбек.

Кулукеден: Сүйүнтбек.

Сүйүнтбектен: Амантай, Сыргаш.

Сейтаалыдан: Бегаалы, Сөпаалы.

Бегаалыдан: Калый.

Сөпаалыдан урук жок.

Назардан: Серке.

Серкеден Алыбай.

Алыбайдан Абды.

Абдыдан Канатбек.

Нияз: Нияздан Сыйдаалы, Садыраалы, Бөлөкбай, Кыдыраалы.

Сыйдаалыдан Ырысбек, Омор.

Ырысбектен Токтогон, Бактыбек, Бактыяр.

Омордон урук жок.

Садыраалыдан Сарымсак, Беренаалы, Райымбек.

Сарымсактан Нажимидин, Абдырасул, Казак, Эшен, Жүзүп, Акын, Кенжебек.

Беренаалыдан Бөрүкул, Оңол, Жакшылык, Жээнкул

Райымбектен Шамыратбек, Бөлөкбай.

Бөлөкбайдан Шадыбек.

Шадыбектен Дилдебек, Кыдыраалы.

Кыдыраалыдан Келдейбай.

Келдейбайдан Жүзүбали.

Жүзүбалидан Жүзбек, Мырзабек, Турарбек.

Чоңмурун: Канай, Тургунбай, Нуралы.

Канайдан Аязбек.

Аязбектен Шаршеке.

Тургунбайдан Акматаалы, Үмөталы, Ибраим, Сүйүнтбек.

Нуралыдан Акматбек, Жуматай, Жүзбек.

Жуматайдан Садырбек.

Жүзбектен урук жок.

в) Ормоке. Ормокеден Курманалы.

Курманалыдан урук жок.

г) Эрназар. Эрназардан Ботой, Мантай.

Ботойдон Жунусалы, Турдалы.

Жунусалыдан Шекербек, Рыскулбек.

Шекербектен Сүйөркул.

Рыскулбектен Жамалбек.

Турдалыдан Байысбек.

Мантайдан Баймырза.

Баймырзадан Жекшен.

Жекшенден урук жок.

д) Аблаке. Аблакеден Эшкожо.

Эшкожодон Сманалы, Артык.

Сманалыдан Аттокур.

Атакеден урук жок.

е) Бөкөнбай. Бөкөнбайдан Асыл, Байсубан, Эшим, Атантай, Дайыр.

Асылдан Албан, Быкы, Нааман.

Албандан Бейшебай, Калмат.

Бейшебайдан Сагынбек, Сагыналы.

Калматтан Базарбай, Сапарбай, Курманбек, Ашымбек.

Быкыдан Бейшеналы.

Бейшеналыдан Күчүкбай.

Наамандан Токталы.

Токталыдан урук жок.

Эшимден Таштан.

Таштандан Козубек.

Козубектен Курманбек. Атактуу комузчу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисткасы Мейилкан Козубекова ушул адамдын кызы.

Атантайдан Касым, Сыдык, Турсун, Дайыр.

Касымдан Эршалы, Маделкан.

Сыдыктан Зарлык, Болот, Кубат, Алтынбек.

Турсундан Эркалы, Тургунбек

Тураптан урук жок.

ж) Шералы. Шералыдан Абелди, Папан, Атагара, Тотой, Адылбек, Сасыкул.

Абелдиден Огомбай, Тууганбай, Султаналы.

Огомбайдан Атай, Бектен. Кыргыз ССРинин эл артисти, залкар комузчу, чебер аткаруучу Атай Огомбаев.

Туууганбайдан, Султаналыдан эркек бала жок.

Папандан Молдояр.

Молдоярдан Үчүкө, Нармат, Эрмат, Асанбек.

Атагарадан Рахман, Норузбай.

Тотойдон Мураталы.

Муратылдан Жолдошалы.

Жолдошалыдан Сыдык, Эсенжан, Мейман.

Адылбектен Айткожо, Талканбай.

Айткожодон Беккулу.

Сасыкулдан Кожоке, Кожомурат, Абдымурат, Дүйшөмурат, Абданалы, Молдалы.

Кожокеден Казымурат, Дилдемурат, Маматбек, Мырза, Кушбек.

(Айтылуу Абдыракман ырдап жүргөн, элдик ыр болуп аткарылып жүргөн Акзыйнат Кожокенин кызы)

Казымураттан Баргана.

Дилдемураттан Ысакжан.

Маматбектен Анарбек, Жамбыл, Ашырбек, Көкүмбай, Сарыгул, Асанкул, Кенжегул.

Мырзадан Куралбек, Иманбек, Тойчубек.

Кушбектен Сабатбек, Накай, Айдар, Дуулат, Урмат.

Кожомураттан Шамбеталы, Эсенбек.

Абдымураттан урук жок.

Дүйшөмураттан Замир, Керимбай, Жылдыз.

Абданалыдан Молдобек, Доолбек, Ниязбек.

Молдалыдан Кадыр, Рыскул, Осмонкул.

Боромбайдан Шермат

Шерматтан Коконбай, Байсейит.

Казакбайдан Акмат, Кулкөтөн.

Акматтан Тургунбай.

Тургунбайдан Аманкул.

Кулкөтөндөн Кулубай.

Үсөнбайдан Балтабек.

Балтабектен Мамыралы.

Мамыралыдан Мадели.

Маделиден Үсөнаалы.

Кырбаштан Азымбай, Бекибай, Бекзаада, Үсөн.

Сасыкбайдан Жээналы, Алымбек, Качыке.

Жээналыдан Тыналы, Үсөналы.

Тыналыдан Токон.

Үсөналыдан урук жок.

Алымбектен Кулжабай, Сөлпү, Куттубай.

Кулжабайдан урук жок.

Сөлпүдөн Аскаралы, Мырзатай.

Куттубайдан Өскөн, Сейит.

Качыкеден Байалы.

Байалыдан Чотон.

Көк-Кашаттагы ж.б. жердеги Токтук уруусунун келип чыгышы жаралышы, мына ушундай. Бул уруу тарыхын жазуудан санжыраны жакшы билген, Дилдемуратов Ызакжандан жана уруу аксакалдарынан чогултулуп жазылды. Санжыра араб сөзү чажара (дарак) дарак тамырлап кийинки урпактарга, небере, чөбөрөлөрүбүзгө биз да санжыра болуп калаарбыз. Алар да бизди изилдеп, даректеп кызмат кылышаар. Ошондо кереги тийип калаар деген ниетте жаздым.

Leave a Reply