Осмонов Кадырбек: Санжыра – биздин тарыхыбыз

Осмонов Кадырбек Досалиевич, 45 жашта, мал чарбасынын кызматкери. Түп рай., Сары-Тологой айылы.

Биздики Долон бийден башталат. Долон бийден Акуул, Кубауул. Акуулдан Адигине, Тагай, Муңкуш, Наалы эже деген болгон. Биз Тагайдан кетебиз. Жогорстон, Койлоң, Кылжыр, Карачоро жана асырандысы Азык, Черик, Коңурат, Чекир, Саяк деген. Ошондо биз Кылжырдан тарайбыз. Кылжыр деп аталганы, анын мойну кичине мындай кыйшыгыраак болгон. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөс. Ошол Орозбактыдан – биз, Арыкмырза, Мырзакулмырза, Карамырза, Токочмырза, Асанмырза деген балдары болгон. Ошондон, Мырзакулмырзадан тараганбыз, Алсейит, Тынымсейит бир тууган. Биз Алсейиттен тарайбыз. Алсейиттин Токтобек эне, Бугу эне, Чежимжан эне деген үч аялы болгон. Ошондон биз Бугу энеден тарайбыз. Бугу энеден Бапа, Жаманкул, Төрөкочкор, Итбок, Боке, Кыдык, Белек деген уулдары болгон экен. Белектен Салмаке энеден Тогузбай, Элчибай, Кожош, Теңизбай, Шүкүр деген балдары болгон. Ал эми Жаркын энеден болсо, Алдаш, Алдаяр; казак эне Уулбаладан Толубай деген эле жалгыз бала болгон экен. Ошондо биз Жаркын энеден тарайбыз, Адаш, Шапак, Бирназар, Миңмурат, Тазабектер тарайт экен. Биз Бирназардан ылдый кетебиз. Алыбай, Муратаалы деп. Алыбай биздин чоң-чоң атабыз да. Алыбайдан Чыңгыш деген болуш болгон киши болгон экен. Андан кийин чоң атабыз Дөөлөтбактан Осмон, Осмондон менин атам Досаалы. Ошентип, биздин эң башкы атабыз – Долон бий. Ар ким өзүнчө айтып жүрбөйбү. Кээ бир санжырачылар өз атасын, өз тукумун мактап атпайбы, а ар бир тукумдан жакшылар чыккан, жамандар чыккан, көбүнчөсү эле мен билген санжыраларда кол ийрисине тартат.
Санжыраны билүүнүн мааниси бар. Санжыра – биздин,өзүбүздүн тарыхыбыз да. Тарыхты унутуу ата-бабаны, бүт кыргызды унутуу дегенге барабар. Өзүбүздүн тарыхыбызды унунтканга болбойт. Орустарды деле карабайсыңарбы, орустар архивден бүт көтөртүп атат. Бизде архив жок да. Архив эмес, баары оозеки келген, ал тургай “Манас” эпосу да оозеки, бүт дүнүйө жүзү боюнча биринчи орунда турат.

Leave a Reply