Ниязбеков Ооган, Кыргыздарга санжыра эмне үчүн керек болгон?

This post is also available in: Орусча

Ниязбеков Ооган, молдо, 77 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Эмне себептен бул айыл Өзгөрүш айылы деп аталат?

Ж. Бул аталышты өкмөт койгон, 1965-жылдары Москва колхозу эле, андан кийин дагы айылдарды кошуп, ирилештирип кеңейтип Өзгөрүш коюп коюшкан. Анан мен ал убактарда колхозго иштеген жокмун, анткени майыпмын, ошондуктан дин жолуна өтүп кеттим. 1970-жылдары Жамбылга барып, чоң молдонун үйүндө жатып, 10 жыл билим алдым. Окуп келгенден кийин балдарды окуттум, КГБлар аңдып окутпайбыз деп турушту, ага болбой жашырынып окутуп жүрдүм. Он жаштан өйдөкүлөргө, кээде 60 жаштагыларга чейин дин жолуна окутуп жүрдүм. 1989-жылы ноябрь айында Москвадан кагаз келди. Анда айылга мечит салууга уруксат берилиптир. Ошондон бери дин жолунда жүрөм.

Бул Өзгөрүштө Беш-Булак деген кыштак бар болчу. Ошол кыштакта эки уруу бар, ал эки уруу эки бир туугандан тараган экен. Эсенгелди жана Козуке деген эки бир тууган болгон экен, мен өзүм Эсенгелдинин уругунан болом. Кайсы жылы экендигин билбейм, Кокон хандыгы болуп турганда 40 жигиттин курамына жигит керек болуп калат. Ал 40 жигитке кириш үчүн абдан алдуу, күчтүү, өңдүү-түстүү, акыл-эси тунук, ден-соолугу чың, бойлору бийик жигиттер керек болгон. Ошондо биздин Козуке абабыздын Темирбек деген баласы Кокон хандыгына жаккан экен. Темирбектин бою дагы бийик, өңү-түсү келишкен, акыл-эси толук бала экен. Кокон хандыгы мага ушул балаң жакты, мага бересиң, 40 жигиттикке алып жүрөм дейт экен. Анда Козуке атабыз макул болот. Бул балага туташ жаңы матадан кийим тиктирем, жигитке керектүү курал-жарак, мыкты ат берем деп экөө убадалашып кетишет. Ошентип убадалашып кеткенден кийин, Козуке атабызга коңшулаш кыргыздар келип бузуптур. Булар деген сарт болот, сарт жаман эл болот, сенин балаңды сыйкырлайт же болбосо дубалап коюшу мүмкүн. Алар деген сыйкырчы болот деп жамандаптыр. Козуке атабыз ишенчээк экен, айткан сөздөрүнө ишенип, айнып калат. 40 күндөн кийин Кокон хандыгы жаңы кийим, курал-жарактары, мыкты ат менен келет. Козукенин коргону бар экен, ичине толтура таш толтуруп алыптыр, келсе таш менен урам, жолотпойм деген экен. Анан “О аксакал, убада боюнча келдик”, – деп айтышса, убаданын кереги жок, мен силер менен сүйлөшпөйм. Силер кыргыз эмессиңер, силер сарт экенсиңер. Сарт деген жаман болот экен, силер менин баламды бузат экенсиңер, мен убадамды буздум, келбегиле, сүйлөшпөйм силер менен дейт. Кокон хандыгы жок, андай болбойт, мен деген хан болом, мага эч ким кожоюндук кыла албайт. Каршы чыкканды да мен кармайм, кой убаданы бузба десе. Козуке атабыз болбой таш ыргытып баштайт. Козуке атабыздын эркектен тогуз уулу болуптур, тогузу тең катары менен туруп, таш ыргытышат. Хандын жанында 40 жигити курал-жарагы менен бар экен. Эртең менен уруп баштаган экен, чак түш болуп калат. Ой, аксакал кой, убада мындай эмес, мен чатак кылам деп келген жокмун. Мен деген хан болом, мага эч ким тең келе албайт, мага алың жетпейт десе дагы Козуке атабыз болбой койгон экен. ыргытып жаткан таштардын бири Кокон хандыгынын ээринин кашына тийип, кашын сындырып салган экен. Ошондо Кокон хандыгы Козуке таза болбой калган экен деп, 40 жигитине мынтык менен атып салгыла деп буйрук берген экен. Биринчи Козукенин атышкан экен, андан кийин Темирбек деген мактаган баласын атышат. Козуке 9 баласы менен он болот, ондун тогузун ошол жерден атып өлтүрүшөт. Козукенин Нияз деген баласы жашынып аман калган экен. Ал учурда алар Шамалды-Сай жакта турушкан экен, Нияз ошол жактан бери качып, тоо аралап ушул айылга келип калган дешет. Эми анын айылын Нияз дешет экен, ал ушул жерден үйлөнүп-жайланып, уругу тараган. Ал эми биз Козукенин бир тууганы Эсенгелдиден болобуз. Совет мезгилинен тартып, эки бир туугандын уруктары бир жашап келе жатабыз.

Кыргыздарга санжыра эмне үчүн керек болгон? Биринчиден, жан сактоо үчүн керек болгон. Маселен, сен кытайсыңбы, калмаксыңбы же кыргызсыңбы айт. Жети атаңды айт, биз ошондон билебиз, эгер айта албасаң биз өлтүрөбүз, айта алсаң аман каласың дешкен. Бизге тууган болсоң жек-жаатыңды айт деген, санжыра ошондон келип чыга баштаган. Айта албаса жети атаңды билбейт экенсиң же кыргыз эмессиң деп өлтүрүп коюшкан. Кыргыздар өлүмдөн коркконунан жети атасын билишкен, отурган жерден дайыма санжыра айтылып турган. Жаш балдар санжыраны билбей өлүп албасын деген максатта, дайыма олтурган жерде санжыра айтылып турган.

Санжыраны окугандар түзүшкөн. Маселен, Өзбекстандан, Тажикстандан окуп келген. Медресени бүтүп келгендер жазууну билишкен, анан ошолорго жаздырышкан. Ал эми айтуу жагын, тубаса айткыч адамдар болгон, ошолор айтып берип турушкан. Айткычтар жазууну билишпейт, бирок көрүп тургандай кылып айтып беришкен, айтууга абдан уста болушкан.

Кыргыздардын санжырачылары ар кандай кылып айтып жүрүшөт, ошон үчүн так санжыра жок. Кыргыз бир жерде жашаган эмес, дайыма кыдырып жүргөн. Орусияга чейин көчүп жүрүп жан сакташкан. Азыр окумуштуулар такташып жатышат, ошолор так билет.

Leave a Reply