Меймандостук кыргыздын тубаса мүнөзү

ЭлТР коомдук телеканалынын жетекчиси Шайырбек Абдрахманов:

Биздин уруууну Саруу деп айтат. Саруу уруусу негизинен Аксы Таласты жердешет.

Жети атамды айтсам. Менин атым Шайырбек,

Атамдын аты Абдрахман,

Анын атасы Чиркей, Чиркейин атасы Назарбек.

Назарбектин атасы Адилбек, анын атасы Тайлак, Тайлактын атасы Бузурман,

Бузурмандын атасы Коондук, Коондуктун атасы Болчоной,Болчонойдун атасы  Сагындык, Сагындыктын атасы Дөөлөт, Дөөлөттүн атасы  Туубай,Туубайдын атасы Каратал, Караталдын атасы Көнөк, Көнөктүн атасы Саруу деп айтылып жүрөт.

Булардын ичинен Сагындык деген атабыз жөнүндө көп айтышат. Илгери Наманган, Андижанга Таластан, Аксыдан жана Токтогулдан колунда бар адамдар мал айдап барып сатышчу. Ошол Аксы-Чаткалдын ичин аралап ашуу ашып өтүшчү. Ошондо тогуз жолдун тоомуна үй тиктирип, көбүнчө Талас, Кетмен-Төбө тарап пас тарапка ылдый түшүш үчүн, Аксы аркылуу өтүшчү. Анда Жалал-Абад же Ош деп айтышчу эмес, ал пас жерди Анжиян деп коюшчу. Ошол жакка малын алып барып соодалаганы базарга түшүрчү. Жүздөп-жүздөп кой, уй, жылкы айдап өтүшчү. Ошол жол басып өтүп бараткандарга тогуз жолдун тоомуна үй тиктирип коюп, Сагындык атабыз суусундук берчү экен. Илгерки суусундуктар чалап, айран, кымыз, жармадан берип өткөн-кенткен кишинин баарын чакырып соопчулукка суусунун кандырчу экен. Ал кезде ак сатылчу эмес эле да. Акты сатуу кийинки 90-жылдары гана башталбадыбы.

Күндөрдүн биринде ошол жерге суусун бергенге койгон адамы уктап калганбы, айтор өтүп бараткандарды чакырып суусундук берилбей калган экен.  Анан өтүп бараткандар да каймана мааниде: “Аа баягы Сагындык өлүп калган турбайбы, тиктирип койгон үйүнөн эч ким чыкпай калыптыр”  деп сөз кылып кеткен экен. Ошол суу берегенге койгон кишисин Сагындык чоң атабыз сабап, бир чанач жарма куйдуруп, баягы сүйлөнүп кеткен кишинин артынан жеткирип берген экен. Сөзгө калбаш үчүн кандай гана нерселерди кылган эмес. Ал убакта сөз деген чоң мааниге ээ эле да.