Мамбеталиев Кожоке: Уруулар уламышы

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө убагында алынган. Биринчи жолу жарыкка чыгып жатат]

Мамбеталиев Кожоке, 91 жашта, Талас аймгы

Уруулар уламышы

Кыргызды оң, сол деп экиге бөлөт. Мына биз Долон бийден тарайт экенбиз. Долон бийге чейин 11 ата өткөн. 11 атанын эң акыркысы Кыргызбай экен. Долондун белине келгенде Кыргызбайдан Долон бий төрөлөт. Байбичеси 2 эгиз төрөйт, бирөөнүн атын оң бөйрөгүм менен төрөдүм деп Оң деп коет. Бирөө сол бөйрөгүмдөн төрөлдү деп Сол деп коет. Оңдон – Адигине, Тагай, Наали деген 1 кыз 2 эркек болгон. Адигинеден Солто, Сарыбагыш, Саяк, Бугу болгон. Таластан эң атабыз Долон бийдин улуу баласы Каратал дейт, Караталдан Кушчу, Саруу тараган. Кушчудан эки бала болот, Каратал жана Каранай деген. Биздин ураан ушул убакка чейин Каратал, Каранай деп чакырабыз. Караталдан Жакып деген бала төрөлөт.  Жакыптан 3 бала – Жантай, Элтай, Кудайменде төрөлөт. Жантайдан Каймазар болот, андан мына биз тарайбыз. Элтайдан Караколдун башында Кыргый деген эл бар, алар тарашкан. Кудаймендеден Сабатар деген эл бар, алар тарашкан. Мына ошол үч баладан биз тарайбыз, анан айрым бутак-бутак болуп кете берет. Ал эми Каранайдан эки бала болот экен. Жансейит жана Байсейит деген эки бала. Жансейиттен Каракушчу, Саркушчу, Көккушчу, Тазкушчу деген болот. Экинчиден – Сакалды, Чейне, Чилжуут, Бочу деген майда эл тарайт. Анан бизде чоң эл бар – Жетиген деген. Жетиген жөнүндө эски тарыхта мындай айтат экен, муну Кушчуга дагы кошпойт, Сарууга дагы кошпойт. Бул ортодо жүргөн калың эл. Булар түштүктө, түндүктө, батышта, чыгышта бар. Эми булардын түпкү атасы Жусуп молдо деген уйгур экен. Уйгур бай болуптур, анан тарыхтагы Хантурсундун Кызылкыз деген кызын алат. Ошондон эки бала төрөлүп, ошондон жетиген эли тараган экен. Мына Таластын тарыхы, төмөнкү элди Саруу дейт. Бирок аны майдалап чечип айта албайм.

Каймазар, Сабатар жана Кыржы деген 3 бала болот экен. Биздин чоң атабыз Каймазар, өзүнүн аты Кайып назар экен, анан Каймазар деп коюшкан. Ал кичүү аялынан төрөлгөн, анан аялы төрөгөндөн кийин талаага таштап коет экен. Ошондо анан кайберен, эликтер эмгизип, анан чоңойгондо таап алышыптыр. Анан Кайып назар болсун дешет, Андан тараган элдер Каймазардан тараган элдер болот. Каймазардан – Токтоболот, Токтокүчүк жана Кенже деген 3 бала туулат. Токтокүчүктөн Сокурбөрү эли  бар, бул өзүнчө колхоз, өзүнчө айылдык кеңеш  болгон. Андан кийинки экинчи баласы – Аксакбөрү. Булардын Сокурбөрү, Аксакбөрү деп аталып калышынын себеби, бирөөнүн буту чолок, бирөөнүн көзү сокур экен. Анан бир жоокерчилик заманда бир жесир аялдын ак уйун союп, жеп койгондон кийин айтат экен: « Атандын көрү, аксакбөрү, сокурбөрү деп. Бөрү деген карышкыр да. Аксакбөрү, Сокурбөрү ак уйумду жеп койдуң, атаңдын көрү», – деп койгон экен. Ошон үчүн Аксакбөрү, Сокурбөрү деп аталып калган. Анан кийинки Кенже деген баласынан Козубек деген туулат. Козубектен – Кангелди, Тилеке деген эки бала болот. Кангелдиден Сасыкбай деген Энглистеги калың эл бар. Жаманкыз Бүргө дейт, кадимки баатыр Бүргө ушундан туулат. Тилекеден Тазабек, Сыдык өткөн, алар дагы чон колхоз болгон. Эми Кыржы деген эли чыгышта турат, Каракол жакта.

Негизи Кушчу жана Саруу бир атанын баласы, илгерки эл жоо чабышып, чабандес болгон. Анан эки бала ыркы келбей чабышып, Кушчу, Саруу болуп бөлүнүп кеткен. Анан буларды ого бетер күчөтүп жиберген кийинки эле жаштар. Биздин кушчунун балдары сарууну, “сен сары уусуң, уудан тарагансын” дешет. А бирок экөө бир тууган Караталдын балдары.

Кыргыз эли Долон бийден тараган

Кыргыз эли Долон бийден таралган.  Долон бийге чейин 11 ата бар экен. Он экинчи атадан бүт  кыргыз эли тарайт экен.  Жердин аты, элдин аты, суунун аты да ошондон аталган. Мына Суусамырдан суу агат, Суусамыр суусу деп аталат, Таластан суу агат Талас суусу деп аталат. Мына ошол Долон бийден кийин жердин аты, элдин аты аталган. Ага чейин жапайы эл болгон экенбиз.

Leave a Reply