Мамбеталиев Байыш, “Кыргызда ала байтал Алакчын деген сөз бар…”

This post is also available in: Орусча

Мамбеталиев Байыш, 54 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Мен Токтук уруусунанмын, Токтук менин 7-атам. Ал абдан баатыр болгон экен, ошол кезде кыргыздар калмак-жунгарларга туш келген экен. Анан мындан эки жыл мурда билдик Казакстандын Талды-Курган областында Токтук чоң атабыздын Муратжан деген иниси чапкында калып калган экен. Муратжандын урпактары Таласка келип, көп материал топтоп кеткен. А кишинин 70 жылдык юбилейине эки жыл мурда барып келдик. Тарыхты айтсам, Токтук атабыз негизи тил билген адам экен. Элин чаап кеткенде, Муратжан иниси 8-9 жашта экен, эл менен кошо кеткен экен. Бул жерден калмактар сүрүлүп кетип баратканда, Токтуктун элин кошо ала кеткен экен. Токтук өзү жарадар болуп калып калган экен. Калмактар сүрүлүп отуруп Жети-Суу деген жерге келишет. Ал жерден Тилеке деген адам хандык кылып турган болот. Токтук Райымбек атасы менен байланышып, кол курап барып Тилекеге жардам беришет дагы, калмактарды сүрүп чыгарышып, элин бошоткон экен. Калмактарды андан ары куугандан кийин Муратжан ошол жерде калып калса керек. Кийин Тилеке хан же султан деп коет, ал өзүнүн бийлигин өзүнүн балдарына өткүзбөй Муратжанга өткөзүп берген экен. Ошондон Муратжан деген аты өчүп Тилеке кыргыз деп коюшкан экен. Ушу кезге чейин Тилеке кыргыздан тараган уруулар деп коет экен, бизге келген Галым Турганбаев деген аким, 1-секретарь болгон киши издеп келип, бизди өзү тапкан. Азыр Талды-Курганда Тилеке кыргыздан тараган 300дөй түтүн бар экен. Токтук атабыз Талды-Курганга барып элин алып келген, бирок иниси ошол жакта калып калат экен. Элин алып келгенден кийин Балагус  энебиз бир уул төрөгөн, аны сарт калмактардын колуна түшүп кетти деп Токтук өзүнүн баласын жээрип Жамансарт деп атайт. Балагус энебиз олуя чалыш жагы бар экен, Ай, Токтук, менин мурунку балдарымдын балдары кийинки балдарымдын балдарынын атын токуганга да жарыбайт деп айтчу экен. Чындап Жамансарттан төрөлгөн төрт бала баатыр чыгат. Ошол кезде дагы калмактар менен чабышып турган учур экен. Улуусу Мамаке, Шералы, Эрназар, анан Бөкөнбай болгон. Төртөө тең чоң атасы Токтукту тартып  баатыр болушат. Катылган жоону кайра артка кууп, ээн, түз талаага барганда эрөөлгө жекеме жеке чыгалы дешет. Келген жоодон бир баатыр чыгат, биз жактан Шералы баатыр чыгат экен. Төрт бир туугандын өзүнүн жөкөрлөрү, колу бар болот. Ошентип эрөөлгө чыкканда Мамакенин үнү ачуу экен, Ой, Шералы али ала элексиңби дегенде тиги баатырдын духу түшүп, аттан түшүп, жансоога сурап эгер макул болсоңор мен силерге тууган болоюн деген экен. Тиги баатыр аттан түшкөндө илгерки салт боюнча эл жеңилди болот да, эл качкан экен. Качкан элди көрүп төрт баатырдын жигиттери артынан кууп, кызыл кандуу болуп салгылашкылары келет да. Анан төрт бир тууган жана жансоога сураган батыр дагы бири-бирине дайындап кызыл кыргын болуп кетпесин деп артынан барышат. Кайра келишсе, ошол жерде калган эл жансоога сураган баатырды өлтүрүп коюшуптур. Ал баатыр калмактардын баатыры болчу, кол салып келген да, төрт баатыр келгиче эл кыжырданып өлтүрүп коюшуптур. Кийин төрт баатырдан дагы башчылар чыккан. Булардын баарын аксакалдардан угуп калчумун, анда кичинекей кезим, балким чоңураак болсом дагы көптөр эсимде калат беле. Негизи түбүбүз алакчын, Колпочтон тараганбыз.

Кыргызда ала байтал Алакчын деген сөз бар. Ал атты эл койгон, Алакчын деген бала арчындама ээрге отуруп келген экен. Арчындама ээрлер өгүзгө, тай кунандарга токулчу экен. Ал бала тай кунанга арчындама ээр токуп отуруп келгендиктен, бул Алакчын деген ат коелу деп эл койгон аты экен. Алакчындын энеси кооптонуп келген экен, ошон үчүн кийинки баласын Колпоч коелу деп коюшат. Ошентип эки бир тууган Муратаалы бийдин колунда тарбияланышат. Муратаалы бий экөөнү бир тууган кылып багат. Эртең менен Муратаалы бийдин эл башкарганга жарап калган балдары келип, салам айтып, даам сызып жай-жайына кеткенде, Алакчын менен Колпоч ассалоому алейкум бий ата деп кирип келчү экен. Ошо кезде кандай ордунан тура калып алик алганын өзү дагы билбей калчу экен. Анан байбичеси айтат экен: «Ээ, бий өзүңдүн төрө сындуу балдарың салам айтып кирип келсе, отуруп алик аласың, эки кичинекей бала Алакчын менен Колпоч кирип келсе ордуңан туруп алик аласың», – десе, ой жок антпейм деп мойнуна албай коет экен. Анан бир күнү кемпири куу киши экен, Муратаалы бийдин желбегей жамынган кымкап чепкенинин этегине аюу талпакты көктөп коюптур. Анан күндөгүдөй эле окуя кайталанат, Алакчын менен Колпоч кирип келгенде Муратаалы бий ордунан тура калганда аюу талпак сүйрөлүп калат. Кемпири көктөп койгон да. Алакчын менен Колпоч өзүнүн өргөөсүнө кеткенде, кемпири:

– Ии, бай эми жыгылдыңбы, ушул чын бекен?

– Жыгылдым, чын экен, бул эки бала жөн бала эмес. Улуусу алакчын кирип келгенде боз үйдүн оң жагында кара чаар жолборс алдынан секирип өтөт. Кичүүсү Колпоч кирип келген боз үйдүн сол капшытынан кара чаар жолборс секирип өтөт. Анан кантип мен тура калбайм, бул эки бала жөн болбойт деген экен. Айткандай эле Алакчындан Бердике баатыр чыккан, Колпочтон Токтуктун атасы Райымбек баатыр ж.б. чыккан. Көрсө алардын колдоочусу кара чаар жолборс экен, тарыхта айтылат эмеспи Курманжан датканын да колдоочусу жолборс деген. Мен бала кезде уккандарым ушул, көпчүлүгү эстен чыгып кетти.

Leave a Reply