Мамбетакунов Динил, Эмне үчүн бизди Бугу деп койгон?

This post is also available in: Англисче

Мамбетакунов Динил, 79 жашта, мугалим. Көп жыл Ак-Шыйракта эмгектенген. Жети-Өгүз айылы

Санжыра тууралуу. Эмне үчүн бизди Бугу деп койгон? Анын мааниси да бар. Андан мурун мен Көлдүк болуп калганыбызга кубанам. Эмне үчүн дегенде, Алдаш деген Белектин баласынын 6 уулу бар экен. Ошол балдарын сынатуу үчүн казактын мыкты Санчы-сынчысы болгон экен, ошону чакыртып, мынабу Түптөгү Талды-Суунун башын ашырып алып келген экен. Так белге чыгып келгенде, колун бооруна алып: «Ой-бой ай, не деген керемет», – деп саамга турду дейт. «Алдашым, Көлүң ушубу?!» – дейт. “Ооба”, – деген экен.
– Көлгө суу куябы?
– Куят.
– Суу агып чыгабы?
– Чыкпайт.
– Ой-бай, ай суу агып кирип, сыртка чыкмаса, бул жер берекесин сыртка чыгармаган жер экен гой. Ушу Көлдүн боорунда жашаган элдин курсагы бир эле ашмаштыр гой, – дептир.
Жолдон маектешип отуруп, үйүнө келгенден кийин: «Мени Алдашым бир максатың менен чакырдың гой. Балким ушу балдарыңды карап бер дедиң гой”, – дептир. Алдаштын 6 уулу болгон. Уулдарын маңдайына чакырып, сынап бер десе, чочуган кемпири өргөөдө уктап жаткан Бирназар деген уулун атасы унутуп калганын эскертип, жемелейт. Көрсө, Бирназар жылкыдан келип уктап жаткан экен. Анда Алдаш: «Ок кокуй, дагы бир балам бар эмеспи. Чакыр!», – дейт Бирназар – ушул айылдын атасы. Баары келгенден кийин, казак Алдашка кайрылып: “Атасы эле сынчы гой. Кайсы уулуң бий болот?”, – дейт. Ошондо атасы балдарынын улуусу Шапагын көрсөткөн экен. “Эй, Шапагың деле жакшы экен. Энди мобу Бирназардын байбичеси төрөйт гой, мыктыларды ошо багат гой”, – дептир. Анан жылдан жыл өтөт, айдан ай өтөт. Бирназардын кемпири 70ке келип калган экен, бирок төрөбөйт. Ошондо ал Бирназарга айтат: “Токол ал, туяксыз өтмөк белең”, – деп. Бирназар жоош экен, унчукпайт. Кемпири төркүнүнө барып келейин деп кетет. Солто Обогондун кызы экен, барганда эле көзүнө Бүрбүжал деген калмак бала жакшы көрүнөт. Атасынан сурап, бир чети бала кылып алайын, бир чети ини кылып алайын мага бер десе, атасы болбой коёт. Түтпөгөн энеси атасы тоого кеткенде кызын бала менен аттантып ийет. Артынан куугунчу барып, боомдун капчыгайынан жетпей калат. Анан Бүрбүжал келгенден кийин кудай берип, боюна бүтүп, өзү 6 бала төрөдү да, 6 бала багып алып, ошону менен 12 баланы бирин ак, бирин көк дебей багып чоңойтту, өзүнүн кичүү баласы Баялы дегени өрт чыкты. Бир күнү Тилекмат дегендин атасы Жылкыайдар дегенди чакыртты чоң бээ сойдуртуп, өзүңдүн 6 балаңа бөлүп бер деп айттырды. Ошондо кемпир казанды тээп сала жаздап: “Ушу сен Жылкы айтпайт элең, ким айттырды?”, – дегенде, Баялы экөө атып чыкты. Ошондо Баялы экенин билип, тескери бата кылып: “Бирин ала, бирин кула көргөн жок элем. Ушунун жарымын жарган Баялы оозуңа кан толбой өл”, – деген экен. Бир жума өтпөй, кабыргасынан кагынып Баялы өлүп калды. Өзүнүн көкүрөк күчүгүн бөлүп бер дегени үчүн, каргап өлтүрүп салды. Мына илгерки кишилердин касиеттүүлүгү. 11 баласынан тукум бар да, ошол Баялысынан эле тукум жок.
Бугу менен да Сарыбагыш уялаш бир туугандар болгон. Эң улуусу – Бугу. Анын Бугу аталып калышы мындай. Бул Тагай бийден Акуул, Кубуул деген эки бала болгон. Акуул оң жагында болот, Кубуул сол жагында болот. Жанагы оң, сол болуп калганы да ошол. Кубуулдан – Кутту, Мундуз, Сары, Балык, Чоңбангел деген балдары бар. Акуулдан – Адигине, Тагай. Адигинеден мына адигине тарап атат, Ошто бар, бул айылдарда бар. Тагай бийден – Богорустон, Кылжыр, Койлон деген 3 бала. Богорустондон – Солто, Койлунду, Кооз, Жедигер. Кылжырдан – Бугу, Сарбагыш. Бугунун өз аты – Орозбакты. Бугу аталып калышы төмөнкүдөй: Эл көчүп жүргөн да, ошондо чоң энеси өңөрүп жүрчү экен, кымызга тоюп алып, келини алып кетти экен деп, баланы байкабай кетип калышат. Бир 15 чакырымдай жерге көчүп барган экен. Жүк түшүрүп атканда эле кайненесин көрүп келини : «Ой эне, бала кана?», – дейт. “Апей ботом, сени алды экен дебедим беле”, – деп, ызы-чуу түшүп калышат. Баланын журтта калганын билип, Кылжыр атын көздөй басат. Бир жигитин ээрчитип, жетип келсе, баласы ыйлабай эле жаткан экен. Оозунда ак көбүк калыптыр. Эки жагын карашса, марал ээрчиткен бугу аларды карап турган экен. Ал убакта бугу, марал адамдан коркпой эле мал менен жайылган мээрман заман экен. Маралын ээрчитип, токойго кирип кетет.
Айылына келип, Тагайды алдыртып, болгон окуяны айтышып, баланын атын Орозбакты эмес, Бугу деп атап калышыптыр.
Орозбактыдан бугу эли таралып атат, Дөөлөтбакты деген экинчи баласынан сарбагыш таралып атат. Ушундай уялаш бир тууган болуп туруп, Ормон хан өтө текеберлүү, өздөн башка кишини киши дебеген, баатыр чыккан киши болгон. Анан биздин бугунун малын жылына эки жолу чаап алчу экен. Бекер малга сүйүнгөн туугандары: «Ой, аба, сиз эле бугунун малын чаап атасыз, эмне үчүн бугунун эли сиздин малды чаппайт» – дегенде, «Ой алар катын да, үйдөн чыкпайт”, – деп, бизди катын бугу атанткан экен. Ошонун баарын көрүп келе жаткан Балбайдын бала кези болот. Жаштыгына салып, жалгыз жылкы тийип келем деп арып, сарыбагыштарга колго түшүп калат. Алар кордоп, бир кулагын кесип, Ормонго өткөрүп беришет. Ороо каздырып, ороонун үстүнө үй тигип, энесин жаткырып койгон экен. Бул желмогуз бала көрүнөт, чоңойгондо зыяны тийбесин деп, далысынын кечирин кестирип салган. Бир бала өңдөнүп, кың дебейт. Анан жыл малы болуп калган кезде, бугудан Балбайды бошотуп алууга барышат. Ормон кепке келип, Балбайды бошотот. Кетээрде аны кийинтип, жууп-тазалап, үстүнө алып келгенде, ал тизелей отурат да, кетээрде босогону качырата басып чыгып, артына карабай атына шарт минип кетет. Муну Ормондун аялы байкап: “Балбай кектүү кетти. Сен кызыңды берип сөөктөшүп, же достошуп кал”, – десе, “Келжиребечи, кулга да кызын берчү беле”, – деп кагып коёт.
Балбай кетти, чоңойду. Анын кыйындыгы жоого кирээрде 1-2 баш уу коргошун жеп жүрчү экен, аны жегенде оозунан буураныкындай көк буу чыгып турчу экен. Анын Сур кызыл деген аты бар экен, ага колу тийгенде, үстүндө болчу экен. Анын булчуңунун калыңдыгынан кыйгачынан жатканда эки балтырынын ортосу эки ээлидей ачык болчу дейт. Көл толуп турган кезде Ормон хан кемчилигин кылып, ондогон кол менен үч баатыр: Ажынын уулу Абыкан, Адыл батыр, өзү болуп, бугуну басып алмакка келет. Бугу эли жекеге баатыр чакырышат. Ошондогу бийликти Наман сынчыга берет. Анын айтып турган кези:
“Жекеге кимди тандайлы,
Ким көрөрүн мындайды”,
– деп жекеге баатыр чакырганда,
Хандын кабыл алып буйругун,
Ажыкан чыкты камынып,
Кутургандай чамынып.
Ошондо атышат:
Жекеге салсаң, мыктап сал,
Атуулунан суктап сал,
Ченебеген өжөрдүн,
Намыс үчүн өлөрдүн,
Жакшысынан мыктап сал.
Ары карап, бери карап моңолдор уруусунан Эраким деген бар экен, Ажыкан уулунун ата-тегин жактырбай, чыгарбай коёт экен. Анан мынабу Балтабай айылы деп турбайбы, ошонун атасы Ыстам деген кишини чыгарат. Ыстамдын Суркызыл деген аты бар экен. Экөө найза менен чабышат, найзалары сынат. Айбалта менен чабышат, баштары ыргып, сабы калат.
Эки саат экөө кармашып,
Оодарышып жулкушуп,
Омуроодон булкушуп
Куралдар калбай калат. Ошо кезде Ыстамдын аты эти кызыгандан кийин ала качмай жайы бар экен. Ала качып жөнөгөндө, калыста турган бирөөсү найза бере коёт. Аны көргөн Эраким:
Сол жагынан качырып,
Солто сары ат менен
Ыргыта сайып, өттү эле,
–дейт.
Ошол салгылашууда Адыл эптеп көлдү сүзүп качып кутулат. Абыхан да качты, Ормон хан да өлдү.
Санжыраны кимдер түзгөн?
Кулак үчкө бөлүнөт: куйма кулак, акма кулак, таш кулак.
Акма кулак угат, бирок унутуп калат. Таш кулактын сөз менен иши жок. Куйма кулак укканын такыр унутпай, эстеп калат. Мына ушул куйма кулактар илгеркилерден угуп отуруп, кийинкилерге жеткизет да. Ата-тегибизди унутпай, жети атабызды билип жүрсүн деп, ушулар анан түзөт санжыраны.

Leave a Reply