КТР журналистти Эсеналиев Жаныбек

 Туп атам кыргыз. Тагай бийден саяк. Биз Ак-талаалык саяктарданбыз. Жумглдан көчүп барган деп айтылып жүрөт. Ошол Саяк уруусун ичинен Ыман уруусунан болом.

Тежик уруусу чакан уруу. Урук деп да койсок болот.

Жети атам:

Атым Жаныбек.

Атам-Алтымыш

Чоң атам-Эсенаалы,

Бабам – Шанаа

Бубам – Садык

Кубам – Оболбек

Жотом – Эсенгелди

Жетем – Тойчубек.

Жетинчи аталарыбыз Эсенгелди менен Тойчубекке байланыштуу уламыштар айтылып жүрөт. Бирок бул уламыш башкалардын аталарына да тийиштүү болуп калышы мүмкүн, бирок, менин угушумча төмөндөгүдөй болгон.

Тойчубек атабыз чакан бир уруунун баккан Кожожаш сыяктуу мергенчи киши болуптур. Мергенчилик кылуу аркылуу ар кандай жан-жаныбарлардын эти менен аңчылык аркылуу элин баккан киши экен. Ошол киши аңчылык кылып жргөн күндөрдүн биринде бир эликтин баласын атканда жарадар болуп калат экен. Анан ал улакка жетем деп артынан кубалайт экен. Анан баягы жарадар улак карматпай бир үнкүргө кирип кетет экен. Анан ал мергенчи мылтыгын үнкүрдүн оозуна тиреп коюп, үнкүрдүн оозуна кирсе, кулун байлаган желе турат дейт. Ал желеде жарадар болгон улактар, эчкилер, кийиктер шакшак коюлуп, дарыланып, байланып туруптур. Төрдө чачын аппак баскан умай эне, (кайып эне деп да айтып жүрүшөт) отурган экен. Ал ушундай жарадар болгон жан-жаныбарларды дарылачу экен. Анан баягы мергенчи кирип келип эле эмне кылаарын билбей, “Арыбаңыз эне” деп эле туруп калат экен. Анда умай эне:

-Жараткан эс берди, эс бергенде да тез берди, мылтыгынды эшикке калтырып келгениң эп болуптур, эгер куралыңды көтөрүп келгенде ушул жерге таш болуп катып калат элең, – деген мааниде айтыптыр.

Анын куралды сыртта калтырып киргени жакшы жышаан болуптур.

-Кел балам, эсиң бар бала экенсиң, кел мобуну жутуп жибер! – деп кийиктин туягына куюлган айран берет экен. Ал колдун кочушундай эле болгон туяк экен дейт,

– Калтырбай түгөтө алып жибер! – деген экен баягы туяктагы айран түгөнбөйт дейт. Курсагы да тоюп калат экен. Калтырбай алып жибер дегенден кийин  калтырбай алыш керек деген ырымды билет экен. Түгөтүш керек болуп иче албай калган кезде денесине жаба куюп, туруп айран денесине шыбап жиберет экен.

-Ап балам дагы жаратканым сага эс бергенде да тез берди –деп батасын берет экен,  – ырыскыңды калтырбай ичтиң, тукумуң көпкө жетсин – деп жакшы тилектерин айтып батасын берген экен.

-Үйүңө барганда эртең бир ак боз бээ желеңе түшөт, элди жыйнап, жараткандын алдында бата кылып, союп туруп түлөө бер. Аңчылыкты, мергенчиликти токтотом деп элге ант берип, жашоо нугун өзгөрткүн, мал-сал күтүп малчылыкка өткүнүң – дептир.

Айткандай эле эртеси күнү караса желе башында ак боз бээ турат дейт. Ошол ак боз бээни элдин баарын чыкырып туруп, болгон окуяны элге төкпөй-чачпай айтып туруп анан бата кылып соет. Ошентип баягы мергенчилигин токтотом деп ант бериптир. Ошо бойдон мергенчилиги токтоп, улам бир күнү турса эле желесинде бир жандык кайдан-жайдан эле туруп калат дейт. Ага чейин кийиктин эти менен жан баккандан кийин алар чынын айтканда кедейлер эле болгон да. Аябагандай байышат. Мал-салга маарып, жылкысы, ую болуп, кадимки орто байлардын катарына кирип калышат.

Ошол эле Тойчубек атабыздын баласы Эсенгелдиге дагы тиешелүү деп айтып жүрүшөт. Дагы бир улама бар да.  Ул ошол ата-бабабыздан бери келаткан уруунун касиетинен кабар берет.

Эсенгелди атабыз жалгыз эле бала болот. Тойчубек атанын көп баласы чарчап калып, карыганда көргөн баласы экен. Жанагынча байлыгы болуп да эрке өсүп калганбы, өжөр, көк бет, айтканын бербеген, эмне десе ошону аткартып, аткармайын  жаны тынчы эмес экен. атасы да карыганда көргөн жалгыз балам деп, эмне десе ошонун баарын аткарып жүрө берип, көндүрүп койгон окшойт. Ал убакта ажы, калпалар ислам динине үгүттөп жүргөн кез окшойт. Ошондо арабдар бут дүйнө жүзүн кыдырып кеткен да. Ошондо эшен, калпа, молдо дегендер кыдырып жүрүп, биздин атабыздын үйүнө токтойт экен. Эми баягы кыргыздын меймандостугу да, кой союп, коноктоп, антип-минтип узатаарда, алардын аябай мыкты тулпары болот экен да.  Жанагынча дүйнө жүзүн кыдыргандан кийин, азыркыга чейин арабдардын тулпарлары кыйын аталып жүрөт го. Асыл тукум тулпар экен да. Баягы эрк бала Эсенгелди атабыздын тулпарга көзү түшүп калып,  атка жакын өсүп аттын сырын жакшы билгендиктен болбой атты алам деп  ыйлап туруп алыптыр. Баягы атасы ою менен болуп жүргөн жаны: “Үч-төрт ат берейин,” деп өзүнүн мыкты деген тулпарларын тандап туруп, жалдырап жатып арабка баягы кулүк атты “Балам үчүн таштап кет” деп жалбарып жатып алып калат экен. Ошентип эшен-калпалар андан ары дүйнө кезип, жол алышат. Бут ат менен ошол ашууларды ашып, бир чоң ашуудан ашып баратканда, өздөрүнун аттары аябай дасыккан кыйын аттар  болчу да. Атабыздан алган тулпарлар анчалык жолоочуга ылайыкталбагандыктан, жолдон арып-ачып аттар анан жөө калып калат экен. Ошондо анан биздин атабыз Эсенгелдиге тетири бата беришкен экен. “Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе күзгө жетпесин” деген сыяктуу бир ич күйдүлүк менен айткан экен. Анан ошол Эсенгелди атабыздын атын Тежик деп коюлуп, ошондон улам уруунун аты тежик уруусу болуп калган. Бизде дайыма тукум аз болуп келген. Жүзгө жетпесин деген сыяктуу эле, улам бирдеме болуп, ошондо бир топ немелер азайып жүрүп отурган. Ошол каргыш кийин-кийин эле жанды деп жүрүшөт. Кичине бир аз кедейирек болуп калганыбыздын себебин да ошондон көрүшөт. Биздин тежик уруусу кичине карапайым келген, аябай деле байманасы ашып кеткендер деле жок. Тукуму деле аябай көбөйүп кеткен жок. Чакан эле уруу. Бирок азыр кудай буюрса жакшы. Биздин тежик уруусунан тыңдары чыгып, баш көтөрүп келатышат. Бизди тамашалап, чычалатып койгону менен тежик экенибизди мойнубузга алабыз. Баарыбызда тең мүнөзүбүздөн тежик экенибиз билинип турат. Кежирлигибиз бар, айтканыбызды бербегенибиз бар, ушундай бир мүнөздөр баарыбызда эле байкалат. Келин-кезектер тамашалап, “Буларга тежикче айтыш керек” деп тескерсинче айтышып, “Ага тийбе десең тийишет андан көрө тий-тий десең тийбейт” деген сыяктуу тамашаларын айтып келишет. Чындыгында ушул мүнөзүбүз бар.