Касмалиев Өрүкбай: Карач чоң атам тууралуу

Касмалиев Өрүкбай Сулайманович, 67 жашта, колхозчу, айдоочу. Түп р., Түп айылы

Биздин чоң аталарыбыз Карач деген болгон экен. Чоң чоң атам Деркенбай ажы, таятам Асан ажы, Отуз-Уулдан (Ак-Суу районундагы айыл. – Айгине), алар ажыга барып келишкен экен. Ал убакта азыркыдай самолет, поезд жок болгон, ал убакта атчан, төөчөн, жолдон качыр сатып алып, ошолор менен эле барып, жөө да жол басышып, ошентип барып келишчү экен. Мени Салмаке дейт, Сары-Дөбөдөн башталат, аягы Токтояндын бери жагынан бүтөт. Тепке – Салмаке, биздин атанын тукумдары да. Карач атам чоң киши болгон экен. Этти жакшы жечү экен. Ал тургай бир жолу эттин арасына тайдын томугун салып, кол менен алдырып ийсе, сугунуп ийген экен. “Ой Каке”, – десе, “Ыя”, – деп, “Бир нерсе сездиңби?”, – десе, “Тамагымды бир нерсе кырып кеткендей болду го”, – деген экен. Ошону менин чоң атам Карач жуткан экен, зор киши экен. Анан ал абдан сынчы, кыйын киши болгон. Кайсы уруудан экенин билбейм, биздин эле уруудан го, бир бала 3-14 жашка чейин эле баспай калган го. Анан ал кезде сакалдуу киши келатканда эркек киши болбосо, аялдар качып көрүнбөй, ызаат кылышып, жашынып калышчу экен. Анан Карач аке үйгө кирип келген го. Кирип келсе, “Салоом алейкум, Карач аке”, – деген экен, эки жагын караса киши көрүнбөйт, бу кандай болуп кетти дейт. Караса бешикте бөлөнүп жаткан бала бар экен, килейген эле жигит да, ал опол тоодой эле киши болбодубу. Анан ошол баланы көрүп, чайын ичип кетип баратканда эшиктен айтып кеткен экен: Эртең көчкүлө, баланы жерге отургузуп коюп, билмексен болуп, унуткан болуп таштап кеткиле. Артынан кашаттан жылкыны айдап чыгып, баланы көздөй дүркүрөтө кубалагыла. Жылкы баласы эч убакта кишини тебелебейт, аттаса аттап кетет, коркпогула, түз эле баланы көздөй айдагыла. Бир басса бала ошондо басат”, – деп. Айткандай эле эртеси көчүп жөнөшөт. Анан баланы отургузуп коет. Ал эй баланча, эй түкүнчө деп, андай неме да кыйын болот эмеспи, көчүп жөнөгөн элге кыйкырган бойдон калат: “Ой кашаксыңарбы, сокурсуңарбы, мени таштап кетесиңерби, жинди го”, – деп кыйкыра берет. Тигилер укмаксанга салышып эле жүктү таңып, аттарды минип алышып эле, шартылдатып, шашкан өңдөнүшөт. Аңгыча эле кашат жактан жылкынын дүркүрөгөнү угулат, жылкы чыгат, түптүз эле баланы көздөй качырып сала берет. Анан баягы жерден жылкычыга кыйкырат: “Ай кашайып калдыңарбы, бул жакта кишини тебелетесиңер”,- деп эле баягы жылкынын астына түшө калып эле, төрт аяктап барып, эмгектеп барып, тура калып чуркап кетет экен. Булардын бир кыйындыгы ушундай жерлери болгон.

Leave a Reply