Дооронбеков Токтогул, Санжыра бул кыргыздын тарыхы болгон

This post is also available in: Орусча

Дооронбеков Токтогул, 90 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы.

Санжыра бул кыргыздын тарыхы болгон. Кыргыздар мурун ата-атага бөлүнгөн. Ким кандай киши болгон, кайда барган, эмне кылган, баары санжырадаайтылган. Санжыраны билбеген кыргызды кыргыз деп айтчу эмес, жети атаңды бил деген. Жети атасын билбеген бул жетесиз кул деген. Жети атаңды бил деген, себеби жети атага чейин кыз берип, кыз алышкан эмес. Мурун, биздин убакта эмес, илгери уруулар ортосунда кек болсо, чабышып согушуп турган учурлары болгон болсо кыз алышкан эмес. Мына керектиги, санжыраңды билбесең кыз алып калса урук бузулат, азыркыдай эле дана, күчтүү жигиттер жок болот.

Санжыраны куйма кулактар түзгөн. Манас айтылып келе жатпайбы, ошондой бул санжыра деген, дал ошонун бир түрү. Санжыраны бардык киши эле айта берген эмес, куйма кулактар бир укканда эле башына сактап калган. Азыр куйма кулактар ким, төкмө акындар угуп айтат.

Биздин уруубуз – саруу. Түпкү аталарыбыз Саруу болгон экен, анын ичинен Келдечаңгылбыз. Мындай уруунун аттарын жалаң эле адам аттарынан койгон эмес.  Илгери тээ жогору жактан жолоочулар келе жатканда бир жерде элдер чуулдап жаткан экен. Бул жерде эмне болду экен деп «ким бар» десе бирөө чыгыптыр, караса таз экен дейт, кийинки үйгө кирсе ал жерден да таз чыгат экен дейт. Ой булар кезеги менен эле таздар чыккан, кезек эле таз экен да деп «кезек таз» аталып калган.

Кийин жолун улап Бакай-Атадан өтүп, Үрмаралга келип суусайт да, кымыз ичели деп ким бар десе моюну шылкылдаган бирөө чыгыптыр, андан кийинки үйүнөн да шылкылдак моюн чыкса, булардын баарынын эле моюну бош го деп «Бош моюн» атап коюптур.

Андан бери келсе бирөөлөр койнунан бир нерсе алып чыгат экен, бул эмне десе, таш деген экен. Эмне кыласың десе, жаман ой менен келе жатсаң урам деген экен. Ой булар жаман го деп, «Таш коюн» атап койгон экен.

Андан бери келсе биздин урууда келдеси чаң болуп бирөө чыккан экен, келдеси чаң турбайбы деп «Келде чаңгыл» аталып калган экенбиз. Булар адам аты эмес, элдин,  жанагы жолоочулардын койгон аттары да. Келде деген желкенин үстү, баштын алды. Анын ичинен – Чүкөбүз. Чүкө деген – биздин он биринчи атабыз.

Илгери Талас талаш болгон экен. Кытайлар, монголдор, түрктөр жашаган экен. Кийин анан биздин Манас ата келип алып койгон экен.

А мыногу Үрмарал бар го, ошол чылк эле чытырман токой болгон экен, ошондо үйүр-үйүр марал жашаган экен. Ошон үчүн үйүр марал деп Үрмарал болуп калган экен.

Мен ал кезде кыйылып калган токойлорду көргөм. Айыл болсо 1917-жылдары Николайды тактан кулаткандан кийин айыл курулуп, ошондо коюлган дешет. Көчөлөрү салынганын биз көрүп калдык.

Кызыл-Сай бар го, жери тегиз эмес, баары эле сай үстүнө караганда кызыл көрүнөт, ошол үчүн Кызыл-Сай деген экен.

А мыногу биздин Таш-Кудук 30-жылдарда курулган экен. Кайсы жерде туулгансың деп эч ким сурабагандан кийин жүрө бергенбиз да, ошондо айылга суу чыгаралы деп казса, өңчөй эле таш чыга берген экен. Кудук казгандар Таш-Кудук деп койгон экен, кийин өкмөт да ошентип атап койгон. Бака-Таш деп да аталчу, анткени казганда бакадай-бакадай жалпак таштар болгон экен, Таш-Кудук деген атын тандашкан экен да. Андан кийин  согуштун убагында Сталин деп да аталып жүрдү. Кийин кайсы жыл экени эсимде жок, бир топ жыл Сталин болуп калды эле, кайра Таш-Кудук кылып которуп коюшту.

Leave a Reply