Атагулов Акчал, Кыргызда жети атасын билбесе жетеси жок кул болот дешчү

This post is also available in: Орусча

Атагулов Акчал Рыспекович, 55 жашта, тарыхчы. Талас р-ну, Манас айылы.

Кыргызда  жети атасын билбесе жетеси жок кул болот дешчү. Кыргыздар өздөрү көчмөн турмуштагы эл болуп, азыркыдай паспорт, күбөлүк дегендерди алып жүрүшкөн эмес. Анан тынч жаткан кыргыздарды жоо чаап кетип, кичинекей балдарды, кыз-келиндерди алып кетип калышкан. Жоо-жарактууларды өлтүрүп коюшкан. Ошондуктан көбүнчө жаш балдарга ата-тегиңди билип жүр деп көп айтышкан. Анан аларга жети атасын жаттаттырып, жетесин билип жүрсүн дешкен. Жоокерчилик заманда жаш балдарды кандайдыр бир душмандар алып кетсе, баланын жети атасын сурап, элин табышка жардам берген. Ат айланып казыгын табат деп айтышкан, эл айланып элин табат деп айтышкан. Ошондуктан санжыранын ролу абдан чоң. Азыркы учурда биз балдарга жети атасын жаттатып жатабыз, бирок алар кабыл албай жатышат. Эмне үчүн? Себеби, биз паспортко, документке ишенип калдык. Андыктан жети аталарына маани бербей калышынын себеби ушул го деп ойлойм.

Санжыраны үйрөтүштүн дагы бир экинчи себеби, кыргыздар генетикага абдан чоң маани беришкен. Башка элдерге караганда бизде жети атага чейин нике кыйбасын деген законго катуу баш ийишкен. Медицинада деле бул айтылып жүрбөйбү. Жөнөкөй сөз менен айтканда картошканы бир эле жерге тиге берсе тукуму бузулуп  кетет. Демек, жети атага чейин нике кыюуга ата-бабалар руксат берген эмес.

Санжыранын уруулук биримдиги үчүн, элдин биримдиги үчүн мааниси зор болгон. Кыргыз эли жоокерчилик турмушта жашагандыктан ар бир уруунун өзүнүн эн тамгасы болгон, асабасы болгон дегендей. Ар бир уруудан биригип келип бир кошуунду түзүшкөн. Уруунун өздөрүнүн урааны болгон. Бардык уруу биригип келип Манас Ата деп ураан чакырышкан.

Эми азыркы убакта санжыра жөнүндө көп китептер чыгып жатат. Бул санжыра китепти негизи илимдин элегинен өткөрүш керек.

Азыркы окумуштуулардын алдында чоң милдет турат. Мисалы, биздин Таластын ичинде көп санжыра китептер бар. Мына ошолордун бардыгын электен өткөрүп, илимий жактан талдап, чын-төгүнүн чыгарыш керек. Азыр санжыра жөнүндө китептер абдан көп.

Санжыранын негизги максаты – элди биримдикке чакыруу. Адамдардын кимден тараганына туура багыт берип түшүндүрүү. Биздин айылда мына мындай сөз бар: Рыспай менен Бейбит бир тууган деген сөз бар. Муну кийин сураштырганда Рыспай Көчөкбай деген уруудан чыгыптыр, а Бейбит өзүнчө уруу экен. Илгери калмактар кыргыздарды чаап, анан Бейбитти казактардын талаасына алып кетип калышат.  Бейбитти казактар төө кайтартып коюшат экен. Анан Бейбитке бир чал айтат: “Мен кыргызмын, мен дагы сендей болуп колго түшүп казактарга кул болуп калдым. Ал эми сенин элиң ким?”, – деп сурайт. Анда Бейбит: “Мен кушчу болом, элим – Талас”, – дейт. Баягы чал Бейбитке төөнү комдоп, күлазыгын даярдап:

– Кой, сен жашсың, элиңе кетишиң керек. Күндүз жол жүрбөй түнкүсүн чыгыш тарапка кете бер, сен ошондо Таласка жетесиң – деген экен.  Баягы бала жол жүрүп отуруп Тараздын базарына түшүп калат. Ошентип бир заматта эл чогулат.

– Ой, бул жерде эмне болуп жатат?

– Бир кичкинтой бала мен кыргызмын деп жатат, – дегенде Рыспай деген киши баладан сурайт:

– Атың ким? Кайсы уруудансың?

– Атым Бейбит. Кушчуданмын. Кушчунун ичинен Сабатармын. Элим Талас – дегенде:

– Кокуй менин иним турбайсыңбы – деп үйүнө алып келип, үйлөндүрүп багып алган экен. Мына ошондон кийин Рыспай, Бейбит бир тууган деген сөз калган экен. Кийин Бейбит деген чоң уруу болуптур. Мына санжыранын ушундай иштерде чоң кереги тийген.

Санжыра – бул элдин терең катмарынан калыптанып келе жаткан нерсе. Санжыра деген термин арап сөзүнөн «чежире», «бутак» дегенди билдирет.

Эми кыргыздар уруу-уруу болуп жашап келишкен да. Кичинекей эле уруу күчтүү урууга айланып кеткен, ал эми чоң уруулар жок болуп кеткен. Негизи кыргыздарды кырк уруу кыргыз деп аташкан. Менимче бул деле өзүн толук кармап турган эмес.

Негизи кыргыздар санжыраны 3 топко бөлүшкөн: ак уул, куу уул, ичкилик. Талас эли үч уруудан турат: кушчу, саруу, кытай деген. Ушул уруулар мурда Кашкарда жашаган. Кийин жерине оогондо жарымысы Көл тарапка ооп кеткен. Көлдө да саруу деген уруу бар. Анжияндын аймагында да биздин туугандар бар.

Leave a Reply