Абылгазиев Жумагул: Тилекмат акеге байланыштуу окуялардан

Абылгазиев Жумагул, 59 жашта, экономист, Тилекмат айылы
Тилекмат акеге байланыштуу окуялардан. Бугу менен сарбагыш экөө бири-бири менен мелдешип ат чабышып, ордо ойношуп, улак тартышып турушчу экен. Бугу көлдүн Тескейинде, сарбагыш күңгөйүндө турчу экен. Бир жолу ордодон чатак чыгып, экөө каршылашып, сарбагыштын төрөсү белгилүү Ормон ошол жерден бири-бири менен чабыштырып, чатакта ошол жерде дүрбөлөңдө аты жыгылыппы, иши кылып каза болот. Анан бугулар сарыбагышты Чүйдү көздөй айдап жиберген экен. Ормондун кунун кууйм деп Төрөгелди баатыры келип, ал да колго түшүп калат. Кийин алардын туугандары Абайылданын баласы Шербото деген кыйын чыгып, ошол эки тууганымдын кунун кууйм деп чыгып, казактан кошуун сурап, алардын төрөсү Тезектөрөсү менен казактын Дала-Челекке келип жатат экен. Бугуга кабар жетет экен, сарбагыш менен казак чапкан атыптыр деген. Ошондо Тезектөрөгө саламга барыш үчүн эле бирден күлүк, бирден жорго тартуулашкан экен, анан бугудан барып, кезигип кепке келишип жооп алып келе турган киши барбы деп, чогулушуп, кимге кеңешебиз деп, акыл айтчу дөөлөс Сарт акени чакырып, акыл сурашса, буга бир Тилекмат жарайт дейт. Ошол мезгилде Тилемат аке элине таарынып Анжиянда жүргөн экен. Аны ким алып келет, кимдин тилин алып, элине кайра келет десе, Чоң Карачка эле келбесе, эч кимге көнбөйт дейт. Чоң Карач жанына бир жигит алып, үч ат токутуп жолго чыгат. Ал өзү абдан чоң киши экен. Бир ат 30 чакырымга араң көтөрүп жетчү экен. Ошондуктан дагы үч ат алдырган экен. Баягылар келишет, эки күн эс алып, жай алгандан кийин Тилекмат сурайт экен: “Ии келипсиз, Карач аке”. Келдим Тилеке деп, Тезектөрөгө Шерботонун келгени жөнүндө, элдин кеңеши жөнүндө айтып, элине баруусун суранат. Карач аке атайын келипсиз, сизден башка киши болгондо барбайт элем, барайын деп макул болот. Тилекмат бугуга келет. Сооданбектин атасы Рүстөм: «Кел, кел Тилек. Бул Тезектөрөгө саламга эле барганың бирден күлүк, бирден жорго экен. Эми сен мынабу төрт түлүк малдан каалаганыңды алып, Тезектөрөдөн жооп алып кел» – десе, Тилекмат аке: «Жок, мен пара алып барбайм, жакшы ат, бир жакшы киши болсо болду», – дейт экен. Солтонкул бийдин карасы жок Кара көз деген атын минип, ээчисе Тобокендин уулу Бала Карачты алам дейт экен. Ошентип Дала-Челекке келишет экен. Күзөтчү тосуп чыгып, кайдан келдиңер?- дейт. Ысык-Көлдөн дешсе, анда тээ үйгө түшкүлө деп, бир аякы үйгө түшүрөт. Эскирээк үй экен дейт, ошол жерде эки күн жооп күтүп, качан чакырат деп күтүп жата беришет. Эми аларды барк албас кылып коёт го. Анан бир төө кайтарган бир баладан сурайт экен. Төрөгө кандай жолугабыз? Тиги бала айтат экен, эртең менен намаздан туруп төөлөрүн көрөт, ошондо кезиге аласыңар дейт. Айткандай эртең менен ичигин желбегей жамынып, суусар тебетейчен ак өргөдөн чыгып келгенде, Тилекмат алдынан чыгып, салам айтып, минтип учурашат:
« Ассалому алейкум алдаяр таксыр жаныңызга,
Эсеби жок сизге арнаган төрт түлүк малыбызга,
Колубузда бир кыз бар туулганы Төрөтай деп атын койгон,
Өзү бар, өзүңө ардак сактаптырбыз
Өзүңүздөй сыпаа болгон төрөгө арнап,
Нарк экен эркек адам ургаачыны барып алмак», – деген экен.
“Ой бай жаке, ушу сөзүңдү кайра айтчы”, – деп, баягы Төрө токтой калган экен. Жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрүп берет. Тезектөрө Тилекматты баягы ак өргөгө ээрчитип барат. Кирсе Шербото эки колун төбөсүнө алып, чалкалап жаткан экен. Тилекмат бутунан аттап барып эле төргө отурат, Шербото Тилекматты таанып эле, кул куйту болот, курама шойту болот, Ормонду өлтүргөн бугунун тукуму деп, Тилекмат менен айтышып, экөө уруша кетет. Анда Тезектөрө айтат, силер минтип айтышпай, күйүшүп айтышкыла, бири-бириңди угушуп айтышкыла. Ошондо Тилекмат аке айтат экен: Ормон бугу бай, кыздары сулуу болот деп, чабам деп келип өлгөн. Бугунун арасында моңол, саруу ж.б. уруулар бар. Мындай чоң чабышта Ормонду кимиси өлтүргөнү билинбейт. Менин мына мындай суроом бар деп Тилекмат суроо берет:
Ормон кимдин жеринде өлдү? Бугуну чабам деп, бугунун жеринде өлдү. Бул бир.
Шапак мырзанын башын ким кести? Аны сарбагыш кескен.
3-сү, Кененсары, Ноорузбай Тезектөрөнүн чоң аталары, бу кишилерди ким өлтүрдү? Бу кишилерди казак жеринде Мыкандын Кара суусунда сарбагыш Сарыбай, Майтык, Сокур өлтүрдү деп, Тилекмат үч суроо берип, кайта өзү жообун чечкенде Шерботодо үн жок. Анда Тезектөрө туруп алып: “Ой-бай ай, акеңдин оозун урайын сарбагыш, качырларыңды ал да, жогол”, – деп баягы жерден кууп чыккан экен. Ошентип Ормондун кунунан куткарган. Анан Тилекмат чоң ата Бала Карачты чакырып, сен тез элге барып, Шатыны ашып, аялы-эркеги өзүнчө ат минип, тозуп турушсун деп чаптырып, өзүлөрү артынан барып түшөт. Тезектөрө жолдон келатып сурайт. Ой кыргыздын жеңкетай дегени кандай десе, жеңкетай деген 60 жамбы, 40 дилде. Берсе кымбат, айтса оңой. Төрөм андан чочуба, баарынан мен кутултам деген экен. Келишсе малдын баары жайылып, кыз-жигиттер жакшынакай кийинген. Тезектөрөгө Алдаяр Стамбектин Төрөтай деген кызын берет экен. 5-6 күн той болуп кетишет экен. Кийин Төрөтай эки балалуу болгондо төркүнүнө келгенде, аны эл жакшы тозуп, узаткан экен. Элге себепчи болгон деп. Тилекматтын уулу Чыныбай деген киши болуп турган убагы экен. Ошол элге кайрылып, бул эжебиз элдин ажатынан чыккан киши жакшылап, аттап-тондоп узаттырган экен.
Чоң атабыз Тилекматтын дагы бир жакшылыгы бул. Мынабу биздин Нарын жакты айтып калат. Эки нарын деген жерди кытайлар биздин жер деп талашып келишкен экен. Ошондо эл-журт чогулуп Нарынды чек кылып, андан аркы жерди алмак экен да. Эл комиссия түзүп, арасында Тилекмат акебиз да бар экен. Ошонун жетекчиси болуп калган имиш. Ошондо тигилердин алдынан тосуп чыгып, Нарындан ары өтүп, Эки нарындын алдынан тосуп чыкса, кытайлар Нарыныңар кайда деп сурайт имиш, Нарын деген тиякта деп ошол Эки нарынды көрсөтүп койгон экен, ошондо тигилер ошол көрсөткөн чектен ары бөлүп кеткен экен. Кайра кайтып келеатканда тигилер сурайт экен, ээ жарыктык Нарын артыбызда турса, эмне үчүн алдыбызды көрсөттүнүз десе, тиги айткан экен тууура көрсөтсөм бу Нарынды кытай алып кетсе эмне кылабыз деген экен. Ошондой акылмандуулугу менен элине кызмат кылган экен.
Тилекмат акеге байланыштуу бир санжырада айтылат. Бирназар деген Жылкыайдардын бакма атасы Белек дегендин небереси экен. Ошол Бирназардын 12 баласы болгон, 6 тондуу, 6 тонсуз. Өзүнүн 3-баласы Муратаалы деген бий болуп калат. Муратаалы Тилекматты жигит кылып алат экен. Тилекмат атабыз Муратаалы бийден мурун каза болуп калат ошондо Муратаалы бий минтип кошок кошуп келген экен:
Ооганды кийип олжо алган,
Омбуга барып жол салган.
Ак карагай куу карда
Эр Тилекмат ооданым
Арстандан айрып жем алган,
Анжиян, Букар, Кашкардан
Жазганбай жүрүп шаарына,
Кокондон барып чин алган.
Түз жолго чаап байкасам,
Ай ааламды айланганда
Мааникердей күлүгүм.
Керүүгө чаап көргөндө ,
Алты айлык жолду бир баскан.
Жаакташкан душманга
Дарманда жок эр элең,
Сыйлашканга келгенде,
Айланайын бууданым
Менин бетиме тарткан торко элең.
Кабыргамда канатым,
Жетегимде жанатым.
Артымдан учкан куйругум,
Ташка тийип туягым,
Таманымдан тайгылдым,
Чалгынымсың, үнүңдөн
Мен канатымдан айрылдым.
Сен өлбөдүң мен өлдүм,
Бууданым сенден айрылдым,
Мен ушу кундү не көрдүм.
Акылга дыйкан кең элең,
Өзүң айла табаар эр элең.
Калың бугу көп журтка
Айланайын бууданым,
Сен алалуу болгон чен элең»,
-деп кошок кошкон экен.
Тилекмат атабызды 74 жашында каза болгон деп, атама агасы айтчу экен. Кийин ушул жерде санжыра уюштурушуп, Мурат Жетимишбаев 64 жаш деп айтып жүрүшкөн.
Тилекматтын ашын Түптүн Миң-Булагына Чыныбай берет экен. Ошондо Чыныбай 23 жашта экен. Ал кезде жер ээн дейт, түз жер деп отун-сууну төөгө жүктөп барышып, ошол жерде 200 жылкы чабылып, мөөрөйдү Тоңдун Ак-Терегинде Алаң көз Серең деген саяктан Саякбайдын аты алган экен. Сары-Көлдөн ары Ак-Дөбөдөн коё берип, марасы Миң-Булактагы мүрзөлөрдүн тушу экен. Ошондо миң кой сайылган дешет.

Leave a Reply